Бүгүнкү күндө өлкөнүн почта бөлүмдөрү жарандарга кызматтардын бир нече түрүн көрсөтөт. Пенсия, жөлөк пул төлөөдөн тышкары салыктын түрлөрүн, бала бакчага болгон төлөм, айып пул, интернет, коммуналдык кызматтар үчүн төгүмдөрдү жүргүзсө болот. Акча которуулар, өлкө ичинде документ жөнөтүү кызматтары да көрсөтүлөт. Мындан улам күнүмдүк жашоодо почта кызматынын орду чоң.
Булар тууралуу «Кыргыз почтасы» ААКнун Баткен райондук филиалынын башкаруучусу Аскарбек АКЫЛБЕКОВ айтып берди.
Анын айтымында, “Кыргыз почтасынын” Баткен райондук филиалында 43 адам эмгектенет. Район боюнча 19 байланыш бөлүмү жана өндүрүштүк участок бар. Филиалы аркылуу районубузда 2895 пенсионерлерге пенсия төлөнөт. Андан тышкары айып пул, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын айып пулдарын, паспорт, электр энергиясы үчүн төлөмүн кабыл алуу сыяктуу элге кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошондой эле электр энергия жана таза суу үчүн төлөмдөр кабыл алынууда.
А.Акылбековдун айтымында, азыркы күндө пенсия төлөмдөрү ай сайын өз убагында жеткирилип, таркатып берүүгө зор аракеттер болууда. Ошондой эле кат-кабар, газета-журналдар менен райондун элин камсыз кылуу үчүн почтанын атайын бекитилген графиги боюнча почточулар айыл өкмөттөгү байланыш бөлүмдөрүнө жеткирип турат. Мындан сырткары, жергиликтүү жана респуб-ликалык гезит-журналдарга жазылууну уюштурушууда.
Алыскы айылдардын Ак-Сай, Палал-Ооз, Ак-Татыр, Рават, Таян, Кара-Бак, Кызыл-Бел байланыш бөлүмдөрүндө мугалимдер жана башка мекемелердин кызматкерлери айлык акыларын алып жатышат.
Башкаруучу белгилегендей, негизги көйгөй кызматкерлердин айлык маянасынын аздыгы. Почта бөлүмдөрүнүн башчыларынын айлык акысы 6000-6800 сом, почточулардыкы 2500-3000 сом. Ошондон улам жакшы кадрларды кызмат ордунда такай кармап турууга терс таасирин тийгизип жатат. Бул тапшырылган иш үчүн жоопкерчиликтин төмөндөшүнө алып келүүдө.
– Өзгөчө электрондук соода өнүккөнү почта аркылуу майда-барат буюм-тайымдарды сырттан буйрутма берип алгандар көбөйдү. Же, тескерисинче, чет мамлекеттерге жөнөткөндөр да бар. Себеби, почта аркылуу жөнөтүү алда канча ишенимдүү.
Бүткүл дүйнөлүк почта күнүндө эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыймык менен атагым келет. Алар: Батыров Увраимберди, Латыпова Рахиля, Газыкулова Тажиниса, Обалова Мария, Шадыманова Анара, БабаеваТопаниса, Ормонов Арзымат, Амиралиева Касиет. Ошол эле мезгилде өз иштерин тыкандык менен аткарып келген жаштарыбыздын катарында Нишанова Салма, Ашимов Талантбек, Эралиев Жанабидин бар.
Учурдан пайдаланып, кесиптештеримди майрамы менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Күнүмдүк жашоодо почта кызматынын орду чоң. Андыктан кесиптештеримдин эл үчүн аркалаган жооптуу иштеринде ар дайым ийгиликтер болсун. Бардык почта кызматкерлерине үй бүлөсүнө тынчтык, ынтымак, бак-дөөлөт, өздөрүнө бекем ден соолук каалаймын, – дейт А.Акылбеков.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, «Кыргыз Туусу»