Күнүмдүк колдонуудан чыккан таштандыны дайыма эле атайын таштанды таштоочу чакаларга таштабайбыз. Бул биз үчүн көнүмүш адат болуп калган. Бирок, биздин таштандыны артыбыздан жыйнап жүргөн, Бишкектин көрүнбөгөн баатырлары болбосо эчак эле таштандыга көмүлүп калмакпыз.
Шаардыктардын тынчын албоо үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таңкы саат 04:00дө ишке чыгышат. Алар өздөрүнө бөлүнгөн аймакты 2 саат ичинде тазалап бүтүшөт. Бирок, калаада кыймыл-аракет башталаары менен кайрадан таштанды көбөйөт. Тамекинин бүчөгүн, дүкөндөн алган тамактын калдыктарын же болбосо суунун бөтөлкөлөрүн көрүнгөн жерге таштап кете беребиз. Ошонун баарын таштанды урнасына таштаганды үйрөнсөк, тазалыкчылар үчүн чоң жардам болмок.
Жамгыр, карга карабай иштешет
Тазалыктын кызматкерлери үчүн эс алуу күн, аба-ырайынын ысык же
суугунун айырмасы жок. Жамгыр жаайбы, кар жаайбы кандай болгон күндө да жумушка чыгышат. Алар үчүн күз жана кыш мезгили өзгөчө оор деп айтсак болот. Анткени, күздө жалбырактар бир аз шамал болгон сайын күбүлүп түшө берет. Кышкысын болсо, тротуарларды кардан тазалап туруш керек.
Булар үчүн майрамдык эс алуу деген нерсе жок. Борбордук аянтта кандайдыр бир чоң программадагы концерт болсо, эл концерт көргөнү келет. Ал эми тазалыкчылар болсо кадимкидей жумушка чыгышат. Тескерисинче ошол күнү эң көп таштанды чыгарылат.
Жашы улуу инсандар көп иштейт
“Тазалык” муниципалдык ишканасында көчө шыпыруучу болуп көбүнчө жашы улуу инсандар иштешет. Алардын айрымдары көп жылдан бери бул тармакта болсо, кээ бирлери пенсияга кошумча акча болуп калсын деп иштешет.
Бул жакта иштегендердин айлыгы акыркы жылдары сезилээрлик даражада көтөрүлүүдө. Ага карабай тазалыкка ишке кирген жаштардын саны аз.
Мындагы иштегендердин жашын сыйлап, кышында ысык чай же кофе алып бергендер да болот. Тазалыкчылар мындай боорукер инсандарга дайыма ыраазычылыгын айтып келишет.
Күнүнө 800-850 тонна таштанды чыгарылат
Бишкек шаарынан күнүнө 800-850 тонна таштанды чыгарылат. Анын ичинен эң көп таштанды чыккан Свердлов району болуп эсептелет. Аталган райондон күнүнө 300 тоннага чейин таштанды чыгарылат. Анткени бул аймакта өндүрүштүк объектилер жана үйлөр көп жайгашкан.
Миллиондон ашуун калк жашаган борбор калаанын тазалыгына болгону 1500дөй киши жооп берет. Ушулардын тынымсыз аракетинен улам шаар таза турат. Техникалар бузулуп, бир эле күн таштанды чыгарылбай калган тилкелерде кандай жагымсыз жыттар пайда болуп калаарын жакшы билебиз.
Таштандыны иргегенди үйрөнөлү
Өнүккөн өлкөлөрдө таштандыны иргеп коюшат. Кайра иштетүүгө жарактуу таштанды өзүнчө, жараксызы өзүнчө чогултулат. Бул тазалыкчылардын ишин бир кыйла жеңилдетет. Бизде деле таштандыларды иргеп таштай турган урналар кээ бир жерлерге коюлган. Бирок, тургундар таштандыны иргегенди үйрөнө алышпады. Көчөдө убакыт коротпоо үчүн таштандыны үйдөн иргеп чыккан жакшы.
Унааңызды урнанын жанына токтотпоңуз
Тазалыктын унаалары таштанды урнасын өз учурунда чыгарып кетүүсүнө кээде өзүбүз да тоскоолдук жаратабыз. Таштанды урнасынын жанына унаа токтотуп коебуз, атайын техника келип ал жерге кире албай калат. Аргасыздан кээ бир жерлерде таштанды алынбай калат.
Абайлаңыз, айып пулга жыгыласыз
Таштанды урнасына курулуштан чыккан таштандыны таштоого болбойт. Аны ар бир жаран өз алдынча таштанды талаасына алып барууга милдеттүү. Бирок, көпчүлүк таштанды урнасына калтырып кетишет. Мындан улам “Тазалык” ишканасы атайын видеокамераларды орнотуп, урнанын айланасына таштандыны калтырып кеткендерди айып пулга жыгууда.
Ишкананын маалымат катчысы Жакшылык Бердибек уулу билдиргендей, учурда Бишкек шаарында 20 камера орнотулган. Аны көбөйтүү иштери жүрүүдө. Таштандыны туура эмес төккөн жеке жактар 7500 сом, ал эми юридикалык жактар 13500 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.
Баланы жашынан тарбиялайлы
Бала үйдө эмнени көрсө, ошону кылат эмеспи. Андыктан үйдөн таштандыны иргеп чыгып, балдар менен көчөгө чыкканда таштандыны урнага салып, айтор баланы жашынан тарбиялайлы. Ар бирибиз балдарыбызга таштандыны көчөгө таштоо туура эмес экенин үйрөтсөк, шаарыбыздын тазалыгына салым кошкон болобуз.
Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»