whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коомКР делегациясы Элдик дипломаттардын эл аралык конгрессине катышты

КР делегациясы Элдик дипломаттардын эл аралык конгрессине катышты

«Кыргызстандын дипломаттары» ассоциациясынын төрайымы, СССРдин 1-класстагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаңыл Түмөнбаева жетектеген Кыргызстандын делегациясы Ташкентте Элдик дипломаттардын биринчи эл аралык конгрессине катышты.

Делегациянын курамында Чыңгыз Айтматов фондусунун өкүлү Динара Жумабаева, КР эмгек сиӊирген маданият ишмери, Руми атындагы илимий-агартуу фондусунун төрагасы, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстан жазуучулар уюмунун мүчөсү, жазуучу жана публицист Бегижан Ахмедов, «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин маалымат катчысы Алмаз Батилов бар.

Алгач Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстандагы Элдик дипломатия борборунун төрагасы Кабилжон Сабиров катышуучуларды куттуктап, иш-чаранын негизги максаты борбордун өнөктөштөрү менен кызматташтык мамилелерин чыңдоо жана аларды мындан ары ар тараптан кеңейтүү экендиги белгиледи.

«Бүгүнкү күндө элдик дипломатия – бул баарлашуу жана шыктандыруу, биргелешкен иш жана өз ара жардам, жаңы долбоорлор жана чыгармачылык. Андыктан ал жарандык коомдун өнүгүшү үчүн зарыл жана өлкөдөгү демократиялык механизмдин бир бөлүгү болуп саналат», — деп айтты ал.

Конгрессте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык жана коомдук уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Элдик дипломат» төш ​​белгисинин ээлери, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар элдик дипломатиянын тарыхы, бүгүнкүсү жана келечегин жана олуттуу маселелерин талкуулашып, кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.

Иш-чара алкагында бир топ катышуучуларга «Элдик дипломат» төш белгиси тапштырылып, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөрпоздорунун чакан концерттик программасы тартууланды.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар