whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖалал-Абаддагы жакшы иштер

Жалал-Абаддагы жакшы иштер

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сузак районунун Курук-Сай участогунда жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты.

Бул завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республика лык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен 133 млн. сомго курулду. Белгилей кетсек, шаар дан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричи ликке керектүү буюмдар жана курулуш материал дары өндүрүлөт. “Жалал Абад Тазалык” муниципал дык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 га. Курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетет.

Андан соң Төрага Жалал-Абад шаарындагы Ш.Абдраманов атындагы көчөнү реконструкциялоо иши менен таанышты. Жолдун узундугу 2,627 чакырым, туурасы 14 метр. Реконструкциялоодо асфальт төшөө, түнкү жарыктандыруу жана лотокторду орнотуу, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол каралган. Оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 152,8 млн. сом. Толук бүткөрүү жыл аягына пландалган.

А.Жапаров оңдоо иштери жүрүп жаткан З.Жамашев атындагы көчө менен таанышты. Мындагы жолдун узуну 2,539 чакырым, туурасы 9-14 метр. Реконструкциялоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган, ал республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 183,5 млн. сом.

Жогорудагы объекттер менен таанышып чыккандан кийин Төрага мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын аймактарында жумуш орундарын түзүүгө багытталганын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар