whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБДБ стратегиялык долбоорлорду колдоого даяр

БДБ стратегиялык долбоорлорду колдоого даяр

Вашингтондо (АКШ) Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев БДБнын операциялар ишмердүүлүгү боюнча директору Анна Бьерде менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык долбоору болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

А.Касымалиев бул сапардын жемиштүү болгонун баса белгилеп, БДБнын жетекчилиги менен болгон жолугушуулар банктын бир гана Кыргыз Республикасы үчүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү болгон Камбар-Ата ГЭС-1 стратегиялык долбоорун колдоого умтулуусун дагы бир жолу тастыктаганын белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жеке секторду өнүктүрүүгө жана өлкө жарандарынын материалдык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган реформаларды ишке ашыруунун жүрүшүн да талкуулашты.

Анна Бьерде Кыргызстандын реформаларды ишке ашыруудагы жетишкендиктерин жогору баалап: “Биз Кыргызстандын гүлдөп өнүккөн жана инклюзивдик коомду куруу аракеттерине колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору туруктуу өнүгүүгө жетишүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен күч-аракеттердин жаркын мисалы болуп саналат”, – деди.

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар