whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятБоорукер агайларымды сагынамын

Боорукер агайларымды сагынамын

Анда “Жаш ленинчи” журналындамын. Демейдегидей эле мектеп окуучуларынан дегеле жалпы эле журнал окурмандарынан келген кат-кабарларды, ыр-аңгемелерди жанрларына жараша бөлүп алып, чекесинен окуп, кай бир жарактууларын журналга жарыялоого сунуш кылууга даярдап, калганына жооп жазып, иштеп отургам.

Аңгыча эшикти шарт ача баш багып, башкы редактордун катчысы Нуржамал: “Сизди, Жалил агай чакырып жатат”, – деди. Башкы редакторубуз белгилүү акын жана драматург Жалил Садыков эле. Кирип барып саламдашсам: “Кел, Көкүл, отур, – деди демейки салабаттуу коңур үнү менен. Бир саамга мени унчукпай тиктеп турду, анан: – Көкүл, бул жерде деле ишиңди жакшы аткарып жатасың. Элден эрте келесиң, элпексиң, тыкансың. Мен сага жакшы деген гана мүнөздөмө бере аламын. Бирок, башка маселе болуп жатат, ачыгын айтканда сени “Советтик Кыргызстан”  – партиялык чоң гезит сурап жатат. Ал жактан эки ирет телефон чалуу болду. “Же Айтымбетов Орозбекти, же Көкүл Жаманкуловду бизге бергиле” деп. Кечээ Орозбекке айтсам, “Мени иштен бошотсоңуз да, ал жакка барбайм” деп болбой койду. Мына бүгүн да сени сурап, азыр эле Кымбатбек Укаев чалды. Эң негизгиси, шаардан алыс турарыңды айт, азыр барып келчи, – деп мени узаткандай башын ийкеп койду агай.

Агайдын айткандары ойлондуруп, ичим уйгу-туйгу боло: “Такыр эле баш тартсам, анда Жалил байкеме сөз тийип калаар деген ойдо, бала кезимден ага-инидей болуп калган агайымды бир чети аяп, бир чети мурда гезитте иштеп көрбөсөм, тегирмендин барасындай айланып, күн сайын чыккан гезитте кантип чыдаар экенмин деген ой турду са-наамда. Ушул ойлор менен “Саламатсызбы, агай” деп “Советтик Кыргызстан” гезитинин биринчи орун басарына кирип бардым. Машинкага басылган материалды окуп отурган экен, мени карай калып, көз айнегин үстөлгө койду да, көзүн ымдап, манжаларынын сырты менен маңдайындагы терди тармал чачтарына карай сүртүп койду. Жайдын ысык күнү эле. Кымбатбек агайдын кабинети имараттын күн жүрүш бетинде экен.

– Отур, айланайын, – деди да, үй-жайымды, бала-чакамды сураган соң, салабаттуу агай тээ алыстан сөз баштады.

– Бу адамга Кыдыр даап, бакыт жолугат деген кеп бар. Ошол бакыт сизге конуп турат. Бул гезитке иштесем деп ак эткенден так эткендер көп. Ошолордун ичинен сизди тандадык. Болгондо да адабият жана искусство бөлүмүндө болосуз. Чыгармачылыктын башаты кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” деген гезитин уктуңуз беле? Ошол гезит ушул”, – деди.

Өмүрүмдө мурда эч кимден “Сиз” деген сөздү укпаган жаным, денем дүркүрөп, кулагым ысып чыкты. Бул киши сүйлөп жатканда, толкундангандан го, макул дегендей башымды ийкей берсем керек.

Жүрүңүз, анда редакторго кирип чыгалы, – деп мени алып жөнөдү. Мен артынан жөнөдүм. Сүрдөгөндөн же оозума жарытылуу сөз келсечи.

Килем төшөлгөн узун кабинеттин төрүндө кыраан бүркүттөй үңүлө, гезит окуп отурган көк ала чачтуу адам көзүмө урунду. Баш ийкешип саламдашып, отуруп калдык.

– Сүйлөштүңөрбү? – деди башын өөдө көтөрүп. Кымбатбек  Укаев башын ийкеди. – Мен макулмун. Ийгилик каалайм, “давайте” – деп аягын орусчалап койду да, гезиттерди кароосун улантты.

Ошентип, Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин органы болгон кадыр-баркы абройлуу гезитте иштеп калдым. Жолдун алыстыгына карабай, кайратыма кайрат кошулгандай болуп, эң негизгиси чоң жоопкерчиликти мойнума алып, эрте турууга үйрөндүм. Токмок-Фрунзе №24 машруттук автобус кай маалда мен жашаган Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынан өтөрүн жатка билип алдым.

Адабият жана искусство бөлүмүндө төрт киши элек: Жапар Саатов – бөлүм башчыбыз, Бекбай Алыкулов, Салкын Бегалиева анан мен. Баарыбыз тең чыгармачыл инсан болгондуктан, алар менен тил табышып, коллективге батып кеттим. Жапар Саатов байке мен келген учурда 60ка чамалап калса керек, өтө иштерман эле. Редактордун эртең мененки багыттоочу жыйынынан (планерка) келип, укканын айтып, тапшырмаларды бөлүп берип, баш көтөрбөй жазып отурчу. Эмне жазып жатканын эч ким билчү эмес, “Чыгаан фелетонист, ЦКнын гана тапшырмасын аткарат” деп кесиптештер айтып калышчу.

Тез берүүчү маданий жаңылыктарды жазууга Бекбай Алыкулов жөнөчү. Көп жылдары иштеп, гезит ишине көнүп калган Бекең желип-жортконду жакшы көрчү. “Бир эле “Гастроль ачылды” деген рубриканын алдындагы маалыматым бир жылда санасам 100 болуптур, – деп өзү да күлүп калчу. Кымбатбек Укаев агай Бекбайды “Журналисттердин жоргосу” деп атачу.

Ал убакта бир бөлүм башчы, бир кызматкер түнкү дежур болуп, гезиттин катасыз жана чийилген макет менен бипбирдей болуп таза чыгышына жооп беришчү. Ар бир бетти бирден корректорлор окуп, алып келген күндө да бир беттен он-он беш ката сөзсүз табылчу. Ошондуктан Кымбатбек агай: “Тамга деген ууру болот, бириңерден жашынса, экинчиңер табасыңар” деп дайыма эскертчү.

Кезегим келип, дежур болгондо, үйүмдүн шаардан алыстыгынан башыма гезит түрмөктөрүн (подшивка) жазданып, үстүмө чапан-чупанымды жамынып, эскилиги жеткен диванга жатып калган күндөрүм көп болду. Эртеси таң атпай үйгө кетчүмүн. Дежурлуктун эртеси мага эс алууга руксат берилген. Шаардыктарды болсо, редакция-нын “Волгасы” ар бирин үйүнө жеткирчү. Кай бирде бирге дежур болгон бөлүм башчылар мени аяп, “Үйгө жүр, конуп алып, эртең кетерсиң” деп, үйлөрүнө алып кетишчү. Эсептесем, Жапар Саатов агайымдын үйүнө бир түнөдүм, Төлөн Насирдиновдун үйүнө эки түнөдүм. Алиаскар Жунушалиевдикине беш түнөдүм… кыскасы, башкы редактор менен башкы редактордун орун басарынан башкалардын үйүнө түнөп чыктым окшойт.

Бир жолу дежур болгонумда Чыңгыз Айтматовдун “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу публицистикалык чыгармасы басылды. Бул кыргыз адабиятындагы чоң жаңылык катары кабыл алынды окшойт. Муну “Советская Киргизия” да биз менен катарлаш номерине берип, эки гезитке катар чыкты. Менин бактыма туш келгенине аябай кубанычта болдум. Баары бүтүп, басууга кол коюлгандан кийин, үйгө станоктон бир гезит ала кетейин деп барсам, жаңы эле баса баштаптыр. Бирөөсүн ала коюп, көнгөн адат боюнча биринчи бетти карай калсам эле, титулдун жанындагы рамкадагы Болгария Компартиясынын башчысы Тодор Живковго туулган күнүнүн куттуктоосунун аягындагы: «Л.Брежнев“ дегендин ордуна “В.Брежнев” болуп басыла баштаган экен. Көрөр замат: “Токтот эле токтот” деп басуучуга кол жаңсап кыйкырдым. Ал да чочуп кетти окшойт, күркүрөгөн агрегаттын ары жак, бери жагын басып, жайлатып, ынтыгып мага келди. Мен ката терилген тамганы көрсөттүм. “Эми кантип оңдойбуз? Эми эмне кылабыз? Баары кетип калышты окшойт. Мен эмне кылайын?” дедим. “Оой, мен да гезит аламын деп барабанга колун алдырган экен деп коркуп кетпедимби, — дейт эч камырабай. “Ушул бир эле тамгабы? Коркпо, азыр “замазка” кылабыз. Башка айла жок” деди да барабанды айландырып, тамганы тапты окшойт, шибегедей болгон бир нерсеси менен акырын-акырын “Л” окшоштурду окшойт, кагазга колу менен басып, мага көрсөтүп: “Жарайбы?” деди. “Окшошуп эле калыптыр”, – дедим. “Кичине краска тамгандай болот, мындай кээде болот, коркпо” деп жубатты мени. Жүрөгүм ордуна келе түшкөндөй болду. Ошентип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды.

Бир күнү К.Укаев агай мени чакырып: “Ош тарапты көрдү белең?” – деп сурады. “Жок, Ошту көргөн эмесмин”, – дедим. “Анда мындай, СССРдин түзүлгөндүгүнө 60 жыл болот. Ошого байланыштуу Майлы-Сай электр лампалар заводунан жакшы материал алып кел. Райондордогу эмгектин алдыңкыларынан очерктерди даярда, эмгек каарманынын бейнеси ачылгандай болсун. Көркөмдөп жазганды үйрөн, адабиятка аралашууңа да жакшы өбөлгө болот, – деди.

Ошентип, командировкага Ош облусуна жети күнгө барып, “Майлы-Сай баяны”, “Алайкуулук чабан”, “Фабрика кызы”, “Ош шаарынын оттору” деген очерктерди жана райондордон майда кабарларды жаза келдим. Баары тең чыпчыргасы менен гезитке жарыяланды. Айтмакчы, “Майлы-Сай баянын” “Советская Киргизия”, “Комсомолец Киргизии” гезиттери которуп басышты. Кымбатбек Укаев агай ыраазычылыгын айтты. Редактор Жаныбек Турсунов да жолугуп калса, кол сунуп, жылмайып, учурашып калчу болду. Бул мен үчүн чоң сыймык болуп, дагы жакшы жазып, жакшы иштөөмө жол ачылгандай болду.

Гезитте 1978-1982-жылдары 5 жыл иштедим. Андан бери далай жылдар өттү, далай суулар акты дегендей, азыр мына мен да аксакал-ардагер болуп сексен бир жашка келдим. Ошондогу боорукер агайларым, азыркы күндө жарык дүйнөдөн өтүп кетишкен: Жаныбек Турсунов, Кымбатбек Укаев, Бектурсун Карыбаев, Ажымукан Түркмөнов, Жапар Саатов, Өкүмбек Жоробеков, Токтомуш Өскөнов, Төлөн Насирдинов, Алиаскар Жунушалиев, Бекбай Алыкулов, Мелис Абакиров, Бектенкул Байбеков, Шекербек Сартовдун элеси көз алдымда турат.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей жүз жыл мурда жарыкка келген “Эркин Тоонун” оту өчпөй, азыр да эркин “Кыргыз Туусу” болуп желбиреп келатат. Азыркы учурда гезиттин финансылык абалы оор, ошентсе да, Кыргызстаныбызда өсүш болууда, демек, “Кыргыз Туубуз” кайра жаңырат, өсөт, өнүгөт. Мурдагыдай гүлдөп, өлкөгө өз кызматын кыла берет, Президентибиз Садыр Жапаров гезитти колдойт деген үмүтүм бар.

“Кыргыз Туусунун” жамаатына ден соолук, өргө карай өсүштү каалайм.

Көкүл ЖАМАНКУЛОВ,
ардагер журналист, акын Ысык-Ата району, Кеңеш айылы 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар