Бул сүрөттөгү Ажымукан Түркменов “Советтик Кыргызстанда” 40 жылдан ашуун эмгектенген инсан. “Казанда кайнап”, “оту менен кирип, күлү менен чыгып” деген сөз дал ушул “сакадай бою сары алтын” кишиге жарашат.
Жаңылбасам агайдын өзүнүн айтуусунда 16 жашында адегенде метранпаж же басмаканада текст терүүчү болуп иштептир. Кийин редакцияда бөлүмдөрдө иштеп, бөлүм башчы, жооптуу катчы болот. Ал эми совет мезгилинде жооптуу катчылар гезиттин макетинен баштап кадр маселеси, материалдык каражатына чейин жооптуу болушчу. Бардык кырдаалда жоокерлердей дайым даяр болууга тийиш эле. Ажымукан агай да жуманын беш күнү бир карыш жылбай, баарына көз салып, баарын көзмөмөлдөп, күн сайын иштен кеч кетчү. Көп учурда иш чыңалып, кырдаал курчуп турчу. ТАССтан “срочный” материалдар КырТАГга түшүп, ал которулгуча күтүү, номерге бере турган кабарчынын материалды кечиктириши, керектүү сүрөттүн даяр болбой калышы, алардын азабынан басмаканада бардык иштин кечеңдеши, же болбосо дежур боло турган редактор же корректордун күтүүсүз ооруп же зарыл жумушу чыкканынан, ордуна киши табуу кыйындыгы, ж.б. дегендей форс-мажордук кырдаалдар нервди чыңалтып, кан басымды көтөрүп турган учурлар арбын болчу. Анын үстүнө күн сайын чыккан гезит материалдарды ажыдаардай оп тартып турчу. Ошого жараша артылган жүк, стресс кызматкерлерди коштоп жүрчү. Агайдын өмүрүнүн кырк жылы жалаң ушундай тынчы жок, көп күч-аракетти талап кылган эмгек ишмердигине арналды жана аны татыктуу аткарды.
Ажымукан агайдын “Эй, кыргыз” деген жакшы сөзү бар эле. Жайдары көңүл менен күлө карап “Эй, кыргыз” десе, жакшы көрүп айтканын, маанайы суз “Эй, кыргыз” деп” тигиле карап айтса, ишиңде кемчил болуп жатканын, андан улам жактырбай жатканын түшүнчүбүз. Ушул сөзү менен эле баа берип, дердеңдеп баратсаң, акырын этегиңден тартып, жерге түшүрүп койчу.
Андан да аябай сарамжал, бүйрө эле. Гезиттин кагазы, башка материалдык каражаттары коромжу болбош үчүн тыкыр көзөмөлдөчү. Жаза турган, машинкага баса турган кагаздарды ченеп бергенде “өзүнүкүн берип аткансып аяп” деп жаман көргөндөр да болчу. Антип үнөмдөбөсө, жогор жактан ошол арзан сары кагаздарга коюлган лимит түгөнүп, маселе жаралары айрымдардын оюна келчү эмес.
Агайдын сарамжалдуулугунун “Кыргыз Туусунун” музейи түзүлүп жатканда пайдасы тийди. Далай эски сүрөттөр, гезиттин арабча, латынча чыккан учурундагы биринчи беттер, советтик мезгилде кабарчылар колдонгон буюмдар агайдын калтырган куржунунан чыкты.
Каза берсе, дагы чыгат дегендей, китепканаданбы же редакцияда тиркемеси болгонбу, сүрөтчүлөр кайсы жылы тартканы жазылбаган гезиттер тартылган, ар кайсы жылы эмгек жамааты түшкөн береги сүрөттөрдү дагы агайдын “кийин керек болот” деп берип кеткен сары папкесинен таптым. Агайдын сарамжалдуулугу болбосо, гезитибиздин тарыхына тийиштүү сүрөттөр тунгуч гезиттин 100 жылдыгына жетмек эмес. Ал саргайган сүрөттөр учур мерчемдерин, маанилүү окуяларды, ошол убакта иштеген редакциянын жамаатын чагылдырып турат.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, “Кыргыз Туусунун” мурдагы кызматкери

