“Кут Билим” гезитинин башкы редактору Майрамбек ТОКТОРОВдун куттуктоосу.
Тарыхын ташка чегип жазып, андан да өчүп калбасын деп муундан муунга жүрөк түпкүрүнө катып, улуу эпосу “Манасын” жаратып, санжыргалуу тарыхын санжырага сыйдырып, күн менен жердин тирөөчүндөй касиетке ширетип, улуу жолду уласын деп атпай журт тилек айтып, үмүт кылып турган чакта ушул “Эркин тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезити кылым башында жарыкка келип, ошол үмүт кылган элдин тилегин, максатын ишке ашырып, Ала-Тоонун алгачкы билим жарчысына айланып, өткөнү менен кеткенин кагазга жазып, улуу жолду улаган касиеттүү төл башы гезитибиз кылым кыйырын карытып жүзгө чыгып олтурат.
Бул дата кыргыз эли үчүн эң зор, өтө маанилүү, тарыхый окуя. Анткени, аталган гезиттин мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүндө опол тоодой салымы бар экенинде шек жок. Ал тургай сыймыктануу менен айта алабыз. Ушул гезит бир кезде элдин сабатын ачканга көмөк берди. Мындан алгачкы кыргыз интеллигенциясынын катмары калыптанды. Гезит таланттуу журналисттердин чыныгы мектебине айлана алды.
Улуттук басма сөздүн алтын бешиги болгон “Кыргыз Туусу” гезити атына заты жарашкан, кыргыздын кырмызы туусундай желбиреп, азыр да маалымат айдыңында сап башында туруп, заман талабына ылайык элге ак кызматын өтөп келе жатат. Кыргыз рухун, акыл-эсин, бүтүндөй максат мүдөөсүн боюна сиңирген улуу гезиттин күжүрмөн эмгек жамаатын 100 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктайм!