whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятТүлөбердинин аманаты: “Туубуз жыгылбасын, тукумубуз үзүлбөсүн”

Түлөбердинин аманаты: “Туубуз жыгылбасын, тукумубуз үзүлбөсүн”

Акыркы жылдары тарыхый романдар басымдуураак жазылып жатат. Бул улуттук адабияттын эгемендүүлүк жылдардагы өзгөчөлүгү да, ары мыйзам ченемдүү нерсе. Неге дегенде, кыргыз элинин өткөндөгүсү: мамлекеттүүлүк, элдүүлүк, улуттук өзүн өзү таануу, улуттук өзүн өзү сактап калуу менен байланышкан урунттуу окуялар тарыхчыларыбыз тарабынан гана иликтөөгө алынбай, сөз өнөрүндө көркөм образдар аркылуу улуттук эс-тутум, улуттук аң-сезимдин бир бөлүгүнө айланып жатканы жакшы жышаана.

Жазуучу Бүбүйра Бектенованын “Элчинин кылычы. Түлөберди элчи” аттуу жаңы романы XVIII кылымдагы чектеш жашаган кыргыз-казак урууларынын күңгөй-тескей мамилелерине, казак ханы Аблайдын тарыхый ордуна жана тарыхый инсан Жамансарт уулу Түлөбердинин кыргыз-казак чек арасын тактоодогу элчилик кеменгердигине арналгандыгы менен өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

XVIII кылымдын орто ченинде “Азыркы Кыргызстандын чек арасынын калыптанышына чоң таасир тийгизген тарыхый окуялар жана инсандар болгон https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/ce3q8x1vr58o). Жунгар хандыгынын күнү бүтүшү менен, кечээ эле калмак баскынчыларына карата үзөңгү кагыштыра бирге жан аябай салгылашкан кыргыз менен казак урууларынын ортосунда жер талаш, суу талаш чыр-чатактары келип чыккан.

Мына ушундай кыйчалыш мезгилде жарык дүйнөгө келген Түлөберди Жамансарт уулу киндиги эгиз эки элдин ортосуна данакер болуп, ынтымакка чакырып, талашка айланган “кыргыз-казак чегин ажыратууда жаш болсо да чечендиги, калыстыгы, жөн билгилиги менен эки элдин башчыларынын ишенимине татып, ортодо тынчтыктын сакталып калышына ат көтөргүс эмгек кылган тарыхый инсан болуп жетилген. Аны тарыхый аренага ошол доор, ошол мезгил өзү алып чыккан.

Түлөберди тегин адам эмес. Ал Сибирь кыргыздарын арачалап, Ала-Тоого көчүрүп келген Чаанын тукуму. Санжыра боюнча Чаа-дан Талкан бий, андан оң канат менен сол канаттын баш бийи Кошой бий. Кошой бийден Жамансарт, Жамансарттан Түлөберди.

Романдын кылым карыткан кыргыз көчүнөн башталып, көч башыларынын бири Жамансарттын уулдарынын бири кыл чайнашкан кыйчалыш мезгилде көч үстүндө төрөлгөнү өтө символикалуу. Ырасында мындай окуя тарыхта болгон, ал бизге элдик аңыздардан, санжыра баяндардан улам маалым. Көч үстүндө төрөлгөн ымыркайга “Элибиз эсен-аман болсун” деп ырымдалып, Эсенаман деп ысым коюлганы изги тилек, илгери үмүттүн белгиси эмеспи. Балким, аяндыр, жогорудан берилген белгидир.

Романдын баш каарманы Түлөбердинин төрөлүшү да жышанаалуу табигый кубулуштарга, аяндарга, белгилерге бай: жылкылар үркүп, чагылган чартылдайт, бүркүт шаңшыйт. Кыргыздын бактысына жаралган ымыркайды төрөрдүн алдында энеси Жакшылык жолборстун жүрөгүнө талгак болгону да автордук табылга катары карасак болот. Туура, мындай аяндар, элдик эпос-тордо, жомоктордо бар – адатта баатырлар төрөлөөрдө энелери ай-күнүнө жетип турганда жолборстун жүрөгүнө талгак болушат. Калемгер ошол эпостук аянды өз романында ыктуу пайдаланганы автордук табылга эмей эмне, анүстүнө окурман аны жатыркабай, кадыресе нерсе катары кабыл алат.

Романдын сюжеттик-композициялык курулушу жөнөкөй, чиеленишкен эч нерсе жок, окуялар ырааттуу өнүгүп отурат. Барак хан менен Көкжарлы Барактын тынч жаткан кыргыздарга кол салышы, эр Садырдын казак айылдарын чабышы ошол доордогу коомдук-саясый кырдаалдын картинасын көз алдыга тартса, Жайыл баатыр баштаган кыргыздардын Чүйгө көчүшү, көч үстүндөгү төрөт, Жамансарттын салбууруну, Үсөн менен Текенин жолборс кармаганы, Жакшылыктын толгоосу, бешик той ж.б. кыргыздардын жай турмушун баяндаган эпизоддор буюрса, кыргыздардын бактысына жаралган уул төрөлгөнүнөн кабарлайт. “Түлөберди үчтө болсо дагы беш-алтыдагы балдардай чоң болуп, айлана-тегеректи баамдап карап көп нерсени билгиси келгендей, тентек эмес. Акыл-эси да ойноок балдарга окшобогон токтоо, ар нерсеге кызыга карап билгиси, кармап көргүсү келип, айлана-чөйрөгө байкоо салганы баарына байкалып турат. Башка кичине балдардай эч убак чырылдап-чыркырап ыйлабайт” (64-бет) деген мүнөздөмө болочок элчинин образын ачуу үчүн логикалык ырааттуулукта улантылган энеси жолборс жүрөгүнө талгак болгондой эле аян.

Түлөбердини кыргыз менен казакка даңаза кылып, тууганды сүйүнтүп, душманын сестенткен окуя – анын Аблай ханга жасаган биринчи элчилиги. Бул тушта жер талашуу чырлары кыргыз-казактын ортосун бузуп, кан төгүү токтобой, Эр Садыр Талас-тын оозундагы Капкага чеп салдырып, күн батышындагы казактарга тынчтык бербей, элин чаап, малын талап, аны кыргыз урууларынын бийлери колдоп турган. Айласы куруган казак султандары Жапек, Бердикожо, уйсун урууларынын башчылары Аблай хандын алдына арызданып барышканда, ал “Менин кыргыз деген душманым жок” деп аларды ынабай койгон. Үч алаштын султандары Аблайга арызданып барышканын уккан кыргыз бийлери Аблай ханга элчилик жөнөтүү чечимин кабыл алышып, солто Кебек, саруу Туума бий, бугу Бирназар бий, Жанболот баа-
тыр, Мама бий, Келдибек бий, саяк Качыке бий, солто Бишкек баатыр, асылбаш Нышаа баатыр баштаган топко кимди элчи башчылыгына дайындайбыз дегенде, Жамансарт бийдин уулу Түлөбердиге токтолушканда, ал болгону 19 жашта гана болгон.

Аблайдын карама-каршылыктуу образын ачууда: “Канткен менен Аблай хан согушка камбыл болуп бүткөн, анын өмүрү бүтүндөй согуш, чабыш менен келатат” (153-бет), “Биз Аблайга өзүбүз тийип алдык, жолборсту ойготуп алдык, бирок кырк уруу бириккенибизде жолборсту талаган арстандай болот элек да” (165-бет ), “Аблай жоодо каардуу, жөн-жай турмушта ыймандуу-ырыстуу касиетке эгедер экенин бүт кыргыз-казак билет”, – деп сыпаттаган жазуучу элдин казак ханына болгон симпатиясын жаап-жашырбайт. Аблай хандын образын ачууда аны менен алгачкы жолу бет келишкен жаш элчинин баам-баасы да маанилүү экенин түшүнгөн жазуучу: “Түлөберди Аблайдан эки кишини баамдагандай болду. Биринчиси, ырыс-ыймандуу, сөзгө калыс, бардык көчмөндөр сыяктуу эле меймандос, адилеттүү, эр ортону алтымыш бештеги адам. Экинчиси, кара мүртөз, кан ичер, көздөгөндөн кайра тартпаган баатыр, бардык нерсени өзү гана билип, өзү гана чечүүчү улук падыша, бирде түлкү, бирде арстан боло алуучу касиети бар ырайымсыз хан” (128-129-беттер) – деп сүрөттөө менен Аблай хан казагы, казактын жери үчүн кан-жанын берүүдөн кайра тартпаган, ошол эле учурда кара кылды как жарган калыс, айкөл адамдын образын түзө алган.

“Казактын кыргыз деген душманы жок” деген Аблай ханды Эр Садырдын казактарга жүз кайталап чапкан чабуулу жүрөгүн сыйрыган. Казак султандары аны кыргыздарга каршы кайрап, өздөрү даап айта албагандарын Бухар жырау аркылуу өлөң менен айттырышкан. Хан болсо да казак султандарынын ар тарабынан талаган, ынтымакты каалабаган ырксыздыгына каршы тура албай: “Мен кыргыз деп аттанбаймын, мен Садыр деп аттанамын” деген Аблай өзү жашаган доордун барымтасында калганын автор эң сонун чечмелей алган.

“Манас” баштаган эпосторубузда кыргыздын баатырларын даңазалоо үчүн аларга каршы тарап келекеге алынган эмес. Айталы Манас кандай сыпатталса, Коңурбай да
баатыр катары сый-сыпаты менен сүрөт-төлөт. “Элчинин кылычында” да автор Аблай ханга болгон сый-сыпатын жаап-жашырбайт, анын айкөлдүгү, баатырлыгы менен катар кан ичер канкорлугу да образдуу берилген. Аблай хан сыяктуу эле казак баатырларынын образын ачууда да тескери сыпаттамалар берилген эмес. Тескерисинче, аларды да өз жеринин бүтүндүгүн, элдин кызыкчылыгын коргогон баатырлар катары көрсөткөн. Автордун бул позициясы колдоого арзыйт.

Үч жолу элчиликке барган Түлөберди кимге, эмнеге баратканын, Аблай хан жеңилсе сөздөн жеңилерин, багынса сөзгө багынарын, сөзгө жыгылуу кыргыз-казактын салтында бар экенин билген. Кара таандай каптаган каршылаштарынын курчоосунда калган Жайыл баатырдын: “…Тукум курутка жол жок. Туубуз жыгылбасын, тукумубуз үзүлбөсүн. Кылыч менен болбосо да, кылычтан өткүр тилиң менен жоонун башын аласың. Сенин милдетиң кан агызбай баш алуу, жоо бузбай, жеңиш табуу…” деген керээзин озуйпа туткан Түлөберди элчиликке бир эмес, үч жолу келип, “кыргыздын жерин кыргыздыкы бойдон, казактын жерин казактыкы бойдон чектеп, ант беришип, касам ичишкенде эки элдин ынтымагын, ынтымакта жашоосун
баарынан бийик койгон.
Чыгарманын сюжеттик өзөгүн түзгөн кыргыз менен казактын чабышын кабырга кайышып баяндаган кандуу окуялар да, эгиз элди ынтымакка чакырган элчилик баяндары да тарыхый фактыларга негизделип, ашырбай да кемитилбей сүрөттөлгөн жана ошол тарыхый мезгилдин картинасы реалдуу, жаап-жашырылбай чагылдырылган. Түлөберди жана кыргыз баатырларынын ар-намысты кара башынын амандыгынан бийик койгон эрдиги кандай даңазаланса, Аблай хан баштаган казак султандарынын жана баатырларынын эрдиги эч кемитилбей сүрөттөлөт. “Элчинин кылычы. Түлөберди элчи” романынын баа-луулугу мына ушунда. Кыргыз-казак баатырларынын эл-жер үчүн күрөшкөн эрдиги канчалык даңазага татыктуу болбосун, алар куру намыстын, алаңгазар баатырлыгынын барымтасында калганы албетте, сынга гана арзыйт. Кечээ эле калмак баскынчыларына үзөңгү кагыштыра каршы согушкан баатырлар өз асабасын бийик желбиреткен соң, араздашпай, жер-суу талашпай, бири-бирин аңдышпай, кан төгүшпөй ынтымакка келип, чек араларын аныктап алып тынч жашаш керек болчу. Алар канчалык баатыр, канчалык акылман, айкөл, ар-намысы бийик эрлер болбосун, ушул жөнөкөй нерсеге келгенде, бири сүйлөгөндө бири сүйлөбөй калууну, биринин ачуусу келгенде, бири сабыр карманууну намыс көрүшкөн. Ушул сокур намыс эгиз элди жоолаштырып, эришин бузган, акыры келип ушул сокур намыстын барымтасында калышкан. Романда анын баары терип-тепчип айтылып, капсалаң доордун чыныгы жүзү, чыныгы портрети тартылат. Мына ошондо “акыл жаштан” демекчи, саясый аренага 19 жаштагы Түлөберди чыгат. Аблай хандын алдына келип: “Мен хан отур дегенде гана отурамын” (127-бет), “Мен хан сүйлө дегенде сүйлөйм, хан” деп кашкаят. Бул анын сөзгө чоркоктугу же коркоктугу эмес, акылынын дааналыгы, билгилиги. Түлөберди гана сокур намыстын курмандыгы болбой, андан жогору турат, ал гана ошол мезгилдин барымтасында калбайт. Романда мына ушул ой кызыл сызык менен өтөт.

“Биз урушпа десек да, казак менен кыргыз урушуп жатпайбы. Аларды уруштурбай, мага баш ийип бергиле” деген Аблай ханга, “Манасы менен уктап, Манас менен ойгонгон эл эч качан кул боло албасын сиз эң жакшы билесиз. Кыргыздын кудайы да, кураны да, урааны да Манас!” – деп жипсиз сөз менен колу-бутун байлап, кылычы жок туруп сөз менен багындырат. Айкөл Манас кыргыз үчүн кандай улуу жана бийик болсо, казак үчүн дал ошондой ыйык. Манастын ысымы казакты да сабырга чакырат. Аттан түшүрөт, ачуусун тыят, акылына келтирет.

Чыгармада Аблай хан менен Түлө-бердинин диалогдору эң ынанымдуу берилген жана эки тарыхый инсандын саясый бейнелерин ачып, экөөнүн да акылмандыгын, эки элдин ынтымагына данакер болууга ынтызарлыгын тастыктап турат.  

Жазуучу Бүбүйра Бектенова тарыхый окуяларга жана ошол доорго баа берүүдө туура позицияны тандаган жана жаңылган эмес, айтылган аргументтер да жүйөлүү. Автор тарыхый окуяларды көбүртүп-жабырткан да, ашыкча боекторду сүрткөн да эмес. Көп жылдык чыгармачылык изденүү, жагымдуу түйшүк, мээнет экени көрүнүп турат. Роман – санжыра баяндарына мүнөздүү өзүнөн өзү куюлушуп, уйкашып, айрым учурда поэзия жыттанган элпек, жорго, майин тилде жазылган. Окурманды тажатпайт, тескерисинче улам кийинки окуяга жетелеп, окуялар чиеленишип жүрүп олтурат. Тарыхый доор, тарыхый инсандар тууралуу жазганда ошол мезгилге тиешелүү диалогдорду түзүүдө, баяндоодо тилдик өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек эмеспи. Автор бул жагын да унутта калтырбай, эске алган да, керек жерде балбан сөздөрдү колдонсо, керек жерде поэзия тилине салып, куюлуштуруп, уйкаштырып жамгырдай төгүп да ийгендей. Романда мындан башка да табылгалар арбын. Ошол доордо жашап өткөн баатырлардын образы бирдикте ачылган жана алардын ысымдары бирдикте аталат. Алардын ар бири баатыр деген атка татыктуу инсандар жана атажурттун бүтүндүгүн, эл-жерди коргоодо кылган кызматтары, эрдиктери бирдей. Ошондуктан, автор аларды алалап-кулалап бөлбөй, бирдей мамиле жасаганы туура болгон. Кыргыз аялдарынын образын Темиржан аркылуу эң сонун ачкан.

18-кылымдагы кыргыз-казак мамилелери тууралуу санжыра баяндар, тарыхый даректер кыйла. Буга чейин да көркөм чыгармалардын объектиси боло келген. Бирок да, айрымдарында тарыхый окуяларга жана тарыхый инсандарга бир жактуу баа берилип калган учурлар бар. Ал эми “Элчинин кылычы. Түлөберди элчи” романынын баалуулугу ал окуялар реалдуу жана объективдүү, алымча-кошумчасы жок, апыртылбай-көбүртүлбөй берилгендигинде. Өткөнгө мына ушундай мамиле кылганда гана тарыхка так жана калыс мамиле кылган болобуз. Муну эч качан эсибизден чыгарбообуз керек.

       Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар