whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомШирин алманын баасы арзан

Ширин алманын баасы арзан

Өлкөдө алманын баасы арзан болуп, багбандардын мээнети акталбай жатат.  Өкүнүчтүүсү – бул маселе жыл сайын кайталанат.

Өткөн жумада депутат Бакытбек Марипов парламент жыйынында аталган маселеге токтолду: “Шире чыгаруучу заводдорго алманы алып барып тапшырса, килограммын 2-3 сомдун тегерегинде алып жатышыптыр. Ортомчулар болсо 20 сомдон 30 сомго чейин алышат экен. Айыл чарба министрлиги алманы экспорт кылганы жардам бериши керек.  Өзүбүздө алма көп болуп жаткан соң, сырттан алма алып кирүүнү токтотушубуз зарыл”, – деди Б. Марипов.

Базарларда баа кандай?

Эл өкүлүнүн сөзүнөн кийин биз Бишкектин базарларын кыдырып, алманын баасын билип көрдүк. Ош базарында алманын килограммы 80 сомго чейин сатылат экен. Базар аралап сураштырып көрсөк, көп сатуучулар алманы көлөмүнө жараша 50 сомдон 80 сомго чейин сата турганына күбө болдук.

Соодагерлердин айтымында аларга алма негизинен Ысык-Көл жана Ош облусунан келет.

“Эмне үчүн баа мындай кымбат болууда, дыйкандар алманы арзан эле сатып жатышат го?”, – деген сурообузга: арзан сатканда, ижара акысы, эртеден кечке ысык-суукта отурган мээнети акталбай каларын айтышты.

“Сары-Өзөн” базарындагы баалар

«Сары-Өзөн” базары Бишкектеги дүң соода кылуучу жайы. Дыйкандардан алып келишип, калаанын базарларындагы жана майда дүкөн иштеткен сатуучуларга дүңүнөн өткөрүп беришет. Мындагы дүң баа орточо 50 сомду түзөт экен.

Биз интернеттеги жарыяларда көр­сөтүлгөн номерлерге чалып, бааны сурап көрдүк. Дыйкандар 25-35 сомдон дүң баада сатабыз деп жооп беришти. Алардын айтымында, учурда алманы муздаткычка сактагандар аз, андыктан көпчүлүгү дүң
баада сатып түгөтүүнү көздөп жатышыптыр.

Багбандар жаңы сортторду өстүрүүгө кызыкпайт…

Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов алманын баасынын арзан болушун багбандардын жаңы сортторду өстүрүүгө аракет кылбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

“Биздин фермерлер алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн үстүнөн жакшы иштешпейт. Алманын көлөмү майда болсо, сөзсүз баасы арзан болот. Депутаттын импортту токтотолу деген сунушу туура, мен аны колдойм. Өзүбүздө бар нерсени эмне үчүн сырттан дагы ташып келишибиз керек? Мендеги маалымат боюнча Кыргызстан жылына алты миң тонна алма өндүрөт, дагы ошончо алма сырттан кирет экен. Тескерисинче, өзүбүздүн продукцияны сыртка алып чыгуунун үстүндө иштешибиз керек. Биздин алма эмне үчүн экспортко дээрлик чыкпайт? Анткени, биздикилер жаңы сортторду өздөштүрүүгө, дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган продукция өндүрүүгө көп кызыкпайт. Той-аштарда деле өзүбүздүн жергиликтүү алмага караганда сырттан келген алманы колдонуп калдык. Себеби, сырттан келген алманын сырткы көрүнүшү жакшы, эч жеринде чириги жок. Биздин жергиликтүүлөрдү карасаң майдараак болуп, көзгө анча толбойт. Сатууга жараксыз болуп турса анан шире чыгарган заводго арзан беришет да. Товарды кымбат сатуу үчүн талапка жооп бере тургандай кылып өндүрүү керек”, – деди М. Саматов.

Экспортко ишенип турган Абдрахманов

Чүй облусунда 20 гектар жерге чет өлкөдөн көчөт алып келип тигип, көп жылдан бери багбанчылык менен алектенген Өмүрбек Абдрахманов да быйыл баанын арзан болуп жатканын айтууда:

“Быйыл баа арзан болгону үчүн алманы муздаткычка салып койдум. Үйүндө муздаткычы жоктор сатып бүткөн соң сатыкка чыгарам деп турам.  Балким, экспортко чыгарам. Азырынча кардар келе элек. Былтыр алманын баарын экспортко саткам”, – деди.

Ө. Абдрахманов атайын чоң муздаткыч салдырган. Анда алма жазга чейин бузулбай сакталат. Мындай муздаткычты курууга чоң каражат кетет. Көпчүлүк мындай каражат табууга мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен, сактай алышпайт.

 

Султанбек АМАНБЕК уулу

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар