whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукМиргүл ЖУМАШАЛИЕВА: «Ата-энелер бала менен көп сүйлөшүүсү керек"

Миргүл ЖУМАШАЛИЕВА: «Ата-энелер бала менен көп сүйлөшүүсү керек»

Акыркы учурда ата- энелер тарабынан “Баламдын тили кеч чыгууда? Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?” – деген даттанууларын көп уга турган болдук. Анын себептерин билүү максатында атайын адис логопед-нейропсихолог Жумашалиева Миргүлгө кайрылып, кыскача маек алдык.

– Айрым жаш балдардын тили кеч чыгууда. Мунун  себептерине токтоло кетсеңиз ?

– Туура айтасыз. Азыркы  учурда балдардын тили 10-15 жыл мурункуга салыштырмалуу кеч чыгып жатат. Бул көйгөйгө бир канча факторлор түрткү берет. Анын эң негизгиси – бул ата-эне менен баланын ортосундагы баарлашуунун жоктугу жана балдарды азгырган ар кандай телефон оюндары.

Ата-энелер  көп учурда баланы кичинекей деп аны менен маек курбай коюп, чоң ката  кетиришет. Мындай кылгандары туура эмес. Бала төрөлгөндөн тартып, аны менен чоң кишидей сүйлөшсө, бала да ата-энеге ошондой жооп кайтарып, натыйжада тили бат жана так чыгат.

Ал эми гаджеттерди 4 жаштан өйдө, күнүнө 30 минуталык убакытка гана беришибиз керек. Биз ойлошубуз мүмкүн,  балдарыбызга мультфильмдерди көрсөтсөк сүйлөгөндү үйрөнөт деп, бирок ал жакта сүйлөө бат жана маалыматтардын түрдүү агымдары болгондуктан бала аны сиңире албай калат.

– Баланын тили канча жашынан так чыгып калышы керек?

– Бөбөктөрдүн эң биринчи сөздөрү 9-12 айлыгында пайда болот. Анда алар жөнөкөй гана «ата» , «апа», «баба» деген сөздөрдү айтат. Ал эми 1 жаштагы бала 10го жакын  сөздү билип, буюмдарды көрсө, аларды атай билиши керек.1,5-1,8 жашында бала түшүнгөн бардык сөздөрүн айтып баштайт.

2-2,5 жашынан тартып, бала өз алдынча сөздөрдөн сүйлөм түзүп, этиш, зат атооч, сын атоочторду кошуп, сөздөрдү жөндөп  сүйлөйт. Үч жашта бала узун фразаларды түзүүнү  үйрөнүп, алардын сөз байлыктары  600-800 сөздү түзүп, тили толук чыгып калышы керек. Кээ бир тамгаларга тили келбеши мүмкүн, бирок сөзү түшүнүктүү, үч-төрт сөздү толук курап сүйлөп калат. Үч жаштан кийин сүйлөгөнү түшүнүксүз, сүйлөм түзө албаса, анда дарыгерге кайрылуу керек.

– Кээ бир балдар кекечтенип сүйлөшөт. Анын себеби эмнеде?

– Баланын кекечтенип сүйлөөсү ар түрдүү себептерден улам болот. Алардын бир нече факторлоруна токтоло кетсем:

Генетикалык тукум куучулук – эгерде үй-бүлөдө кекечтенип сүйлөгөндөр болсо, бала да бул касиетти мурастап  алат;

Неврологиялык факторлор – мээнин же нерв системасынын иштөөсүндөгү көйгөйлөр сөз координациясына таасир этет;

Психологиялык себептер – стресс, коркунуч же эмоционалдык жаракаттар кекечтенүүнү жаратып, күчөтүшү мүмкүн;

Сөздүн өнүгүшү – кээ бир балдарда сөздөрдү активдүү үйрөнүү учурунда кекечтик пайда болот. Алардын айта турган ойлору көп, бирок аларды айтууга сөз байлыктары жетишсиз;

Жаракаттар – физикалык же эмоционалдык жаракаттар. Мисалы, катуу коркуу, кекечтенүүнү жаратышы мүмкүн;

Кекечтенип сүйлөө көп учурда жогоруда айтылган бир нече факторлордун айкалышы менен пайда болот.

– Сүйлөөдө гаджеттердин балдарга тийгизген таасири кандай?

– Балдардын гаджеттерди эрте колдонуусу кептин өнүгүшүн токтотуп, коммуникациялык башкача айтканда, адамдар менен баарлашууда көйгөйлөрдү күчөтөт. Айрыкча, бала 3 жашка чейин телефон көп колдонсо, өз оюн сөз түрүндө айтууга кыйынчылык жаралат.

Ошондой эле кичине кезинен баштап гаджетте көп отурган балдар көпчүлүк учурда уккан фраза же сөздү эс тутумуна жакшы сактай албайт. Андан сырткары, окулган окуя же тексттин маанисин түшүнүүдө жана сөздөрдөн сүйлөм түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болот.

– Балдардын тили эрте чыгуу үчүн ата- энелер балдарга кандай жардам бере алат?

– Биринчи кезекте ата-эне балдарынын тили эрте чыгышы үчүн көп баарлашуусу шарт.

  • Балага гаджетти мүмкүн болушунча бербөө;
  • Балага сүрөттөрү бар китептерди көп окуп  берүү;
  • Бала сизге жооп кайтара албаса дагы аны менен эмне кылып жатканыңыз жөнүндө, айлана-чөйрө боюнча  түшүндүрмө берип көп сүйлөшүү керек;
  • Балдарга «бул эмне?», «кашык кана?» – деген  суроолорду берип, аларды жооп берүүгө кызыктырып, алардын ойлонуу процессин жакшыртууга жардам берүү;
  • Балдар менен сюжеттик оюндарды ойноңуз. Мисалы, куурчак, машина же ар кандай оюнчук жаныбарлар менен ар кандай ролдук оюндар. Бул баланын сөз байлыгын көбөйтүүгө, окуяны же кыймылды сүрөттөөгө жардам  берет.
  • Сүйлөөгө болгон аракетин мактаңыз.  Жада калса бул кичинекей гана ийгиликти мактоо баланын андан ары дагы аракет кылууга жана өзүнө ишенимдүү болуусуна түрткү берет.

Асел МУСА кызы, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар