whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү«Макмалдын» мааниси чоң

«Макмалдын» мааниси чоң

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы боюнча маалымат берилди, ал үстүбүздөгү жылы да улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду.

2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөргө жетишилди: кызматкерлердин штаты, ошондой эле алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү.

Салыктык төлөмдөр 415 млн. сомду түзүп, эмгек акы төлөө фонду 327,8 млн. сомго жетти.

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компанинин” ийгиликтүү модернизациясы мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруунун үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилеп, компания мындан ары да өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатып, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин  билдирди.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар