whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров: “Соңку тарыхыбызда шайлоолордон улам 3 жолу төңкөрүш болгон”

Садыр Жапаров: “Соңку тарыхыбызда шайлоолордон улам 3 жолу төңкөрүш болгон”

17-ноябрда өлкөбүздө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өттү. БШК белгилеп жаткандай шайлоонун жүрүшүндө  одоно мыйзам бузуулар катталган жок, жалпы алганда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жарандардын активдүү катышуусу жана кызуу колдоосу менен өттү.

Бул жолку шайлоого карата өлкө башчысы Садыр Жапаров бир нече жолу кайрылуу жасап, элди кезектеги шайлоого активдүү катышууга чакырды. Өлкө башчысы кайрылууларында өткөндөн сабак алуу керектигин, акыркы 30 жылдык тарыхыбызда 3 жолу болуп өткөн төңкөрүш ушул шайлоолордон улам келип чыкканын белгилеген.

“Мурда бюллетендер уурдалып, биринин добушун экинчисине кошуп коймой же бир айылдан экинчи айылга ташып добуш бердирмей, шаарларда болсо “карусель” кылмай болчу. Муну баарыңар эле көрүп жүргөнсүңөр. Эми мындан ары ушундай одоно мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн биз шайлоо системасын толук автоматташтырдык, электрондоштурдук. Мындан ары добуштарды адамдар санабайт, аппарат санайт”, – деди Президент.

Аны менен катар С.Жапаров таза, калыс шайлоо болсун деп бийликтики делген партияларды катыштырбаганын, бул биринчиден,  “административдик ресурсту колдонушту” деген сыяктуу сөздөрдү жаратпай, шайлоонун тазалыгына шек келтирбөө, экинчиден, бийликтин партиясы экен деп жергиликтүү чиновниктер мурдагыдай чуркап баштоосуна жол бербөө максатында болгондугун айткан. Ал ыпылас шайлоо дегенге жол берилбесин, мындан ары шайлоо жасалма болду, добуштар уурдалды деген шылтоо болбой тургандыгын жана шайлоо системасы жакшыргандыгын баса белгилеп, элди добуштарын сатпоого чакырган.

Ал эми 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекова кечки саат 20:00гө карата шайлоо участкаларынын 96 пайызынан маалымат келип түшкөнүн белгилеген.

Болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге карата шайлоого жалпысынан шайлоочулардын 27,83 пайызы катышты. Тактап айтканда, шайлоочулардын тизмесине киргизилген 4135039 жарандын ичинен 1150 931 адам добуш берди. Шаардык кеңештерге добуш берүүдө 1 620 243 шайлоочунун ичинен 392 844 адам катышкан. Ал эми айылдык кеңештерде добуш берүүдө 2 514 796 шайлоочунун ичинен 758 087 адам добуш берген.

Ошондой эле төрайым учурда шайлоо участкаларынын 97,22 пайызынан маалымат келип түшкөнүн, шаарлардагы 22 шайлоо участкасынан жана айылдык кеңештерге карата айылдардагы 46 шайлоо участкасынан маалыматтар дагы эле күтүлүп жатканын жана жыйынтыктар автоматташтырылган урналардан алынган маалыматтарга жараша жаңыртылып турарын билдирген.

Бишкек шаары боюнча добуш берүүдө 642 071 шайлоочунун 128 318и (19,99%) добуш берген. Анын ичинен жарактуу бюллетендер – 119 692 (93,28%), жараксызы – 8628 (6,72%). Бишкек шаарында аралыктан добуш берүүгө 503 шайлоочу катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 159 адам катышып, бул 31 пайыздан ашкан. КР БШКнын төрайымы бардык маалыматтар алдын ала экенин жана калган шайлоо участкаларынан маалымат түшкөн сайын жаңыртылып турарын баса белгилеген.

2024-жылдын 17-ноябрында саат 20:00гө карата АЭУнун алдын ала маалыматы боюнча партиялар төмөнкүдөй добуштарды алышкан: Бишкек шаары боюнча “Жаңы күч – Новая сила” партиясы – 36 623 добуш же 29,38% менен биринчи орунда, “Эмгек” партиясы – 26687 же 22% менен экинчи орунда, “Адилет” партиясы – 18297 добуш же 15,09% менен үчүнчү орунда, андан соң “Ынтымак” партиясы – 17063 добуш же 14,07%, “Эл үмүтү” партиясы – 13260 добуш же 10,93%, “Улуу Журт” партиясы 1619 добуш менен 1,34%ды түзгөн. Баарына каршы – 8686 добуш (7,16%)
берилген.

БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекованын берген маалыматында Ош шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 215 шайлоочу катталса, 109 шайлоочу (50%) добуш бергендиги жана калган бардык шаарларда жана аймактарда шайлоочулардын активдүүлүгү дагы ушундай экендиги, аралыктан добуш берүүгө катышкандардын пайыздык көрсөткүчү катардагы шайлоо участкаларына катышкандардын пайыздык көрсөткүчүнө караганда жогору экендиги айтылат.

Ош шаарында «Жаңы Кыргызстан» партиясы 23 783 (43,36%), “Ынтымак” партиясы 10 982(20,02%), «Мурас» партиясы 8309 (15,15%), “Бир Бол” партиясы 5350 (9,75%), “Милдет”партиясы 5,704 (10,4%), Баарына каршы – 728  (1,33%)ды түзгөн.

Эске салсак,  шайлоо босогосу 7 пайыз-дан 5 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Ош шаарында бардык партиялар бул босогодон өткөн.

Ал эми шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча 65 билдирүү түшүп, анын 4 арызы каралууда. Ошондой эле шайлоодо добуш берүүгө чейин жана добуш берүү учурунда кабыл алынган бардык башка арыздар боюнча чечимдер кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Вера БЕДЕЛБЕК

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар