Бишкекте Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой кызматында 18-ноябрь күнү жаш жоокерлер ант беришти. Эми алар өлкөдөгү абактарга которулуп, бир жылдык аскердик мөөнөтүн өтөөгө киришет.
Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик гимн менен ачылып, аскердик анттын мааниси жана тарыхы тууралуу штаб башчысы полковник Медербек уулу Максатбек кыскача баяндама жасады.
“Ардактуу коноктор, бүгүнкү салтанаттуу аземдин катышуучулары! Сиздерди жаш жоокерлердин ант берүү аземи менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы 82 жылдык тарыхы бар даңктуу күжүрмөн жолду басып өткөн Кыргызстандагы алгачкы аскер бөлүктөрдүн бири болуп эсептелет. Түзүлгөн күндөн тартып эле аскер тутумдары менен соттолгондорду кайтаруу жана айдап узатуу болгон. Ушул күнгө чейин аталган милдеттерди биздин кызмат татыктуу аткарып келе жатат. Республиканын аймактарындагы түзөтүү мекемелерин кайтаруу, ар кандай кылмыштарды жасаган кылмышкерлерге, уюшкан кылмыштуу топтун башчыларына карата жүрүп жаткан сот процесс-терин камсыздоо, сот мекемелеринен тергөө абактарына, кайра түзөтүү мекемелерине жеткирүү кызматтарын аткарып келишүүдө.
Аскер бөлүк Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, 1942-жылы Казакстанда түптөлүп, кийин бизге көчүрүлгөн. Ошол күндөн тартып, СССР тараганга чейин эң алдыңкы аскер бөлүктөрдүн катарын толуктап келет. Эгемендүүлүктөн кийин ИИМдин Ички аскерлер кызматынын карамагында болгон. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралдагы №59 токтомунун негизинде Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы деп кайрадан аталып, Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Мен жаш жоокерлерди бүгүнкү сыймыктуу аскердик ант берүүсү менен чын жүрөктөн
куттуктайм.
Убагында бул аскер бөлүктө көп-чүлүккө белгилүү генералдар, офицерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары кызмат өтөшкөн.
Жаш жоокерлерге айтаарым, аскердик ант силерден чынчыл болууну, башкача айтканда, баарынан мурда өз элине чын дилден берилип кызмат кылууну, берген антыңардан тайбай, убадаңарга бекем турушуңарды талап кылат”, –деди.
Андан кийин жаш жоокерлер командирлердин жана ант берүү аземин көрүүгө келген ата-энелеринин алдында салтанаттуу ант беришти. Жаш жоокерлердин жакындары да сөз сүйлөп, аларды ант берүү аземи менен куттуктап, бир жылдык аскердик кызматты жоопкерчилик менен өтөөгө үндөштү.
Тарбия иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Муратбек Кожобековду кыскача кепке тарттык.
– Бул аскер бөлүктө кызмат өтөгөнүңүзгө канча болду?
– Мен бул аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүмө 30 жылдан ашты. Биз жыл сайын аскердик ант алуу аземин өткөрөбүз. Бирок, ар бир аскердик ант берүү күнү биз үчүн чоң майрам жана жоопкерчилик болуп эсептелет.
– Бүгүнкү ант берүү аземинде канча жаш жоокер ант берди?
– Бүгүн 500гө жакын жаш жоокер ант берди. Алар бүгүндөн тарта мекен алдындагы милдетин өтөөгө киришти. Жоокерлерибиздин маанайы жакшы. Ата-энелери да келип куттуктап жатышат. Аскер кызматкери эл-жерине, мекенине бир жолу гана ант берет. Мындай унутулгус жана кайталангыс салтанатка күбө болуу үчүн жоокерлердин жакындары атайын келип отурушат.
– Мындан ары жаш жоокерлердин милдети кандай болот?
– Булардын эң биринчи милдети ата мекенди коргоо! Андан кийин кылмышкерлерди коштоп жүрүү, ошондой эле аларды кайтаруу болуп эсептелет.
– Ант берген балдар Бишкектин ичиндеги абактарга эле бөлүнөбү же өлкө боюнча башка абактарга да жиберилеби?
– Бизде ант берген жоокерлер өлкөдө канча абак болсо, ошол жактарга жөнөтүлүп, ошол жактарда кызмат өтөшөт. Алар дагы 15 күндүк окуудан өтүп, андан кийин өз алдынча кызматын улантышат.
Кыргызстанда аскердик чакырууга канча солдат кабыл алынгандыгы, алар кайсы улуттун балдары экендиги жалпысынан жашыруун маалымат болуп эсептелет. Андыктан, алардын так саны ачыкталбайт. Анткен менен армияда кызмат өтөө үчүн жылдан жылга шарттар жакшыртылып баратат. Андыктан мурдагыдай аскерден качкандар, акчасын төлөп альтернативдик кызматка калгандардын саны азаюуда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жогорулагандан бери орган кызматкери болууну самагандар арбыды. Андыктан азыркы жаштар жогорку билим алган соң же мектепти бүтүп эле анык аскердик кызмат өтөп, андан ары ЖОЖдон билим алып, аскер кызматкери болуп жатышат. Бул өлкөдө аскер кызматкерлеринин кадыр-баркынын жогорулап жатканынын белгиси.