whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
34.6 C
Бишкек

Дубайдагы 4 азамат

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарындагы консулдугунда болгону 4 киши иштейт. Алар Дубайда жашап
жаткан 10 миңден ашуун мекендешибизге ар тараптуу көмөктөшүп келишет.

Башкы консулдун милдетин аткаруучу Медер Турсалиевдин айтымында, Дубай шаарында учурда 10 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Алардын аталган шаарда мыйзамдуу жүрүшүнө, документтеринин так болушуна консулдуктун кызматкерлеринин жардамы чоң.

Ал эми вице-консул Кутман Мамытов мекендештерибиз айрым учурда ар кандай мыйзам бузуулар үчүн полиция тарабынан кармала турганын, консулдуктун кызматкерлери аларга юридикалык жардам берип, убактылуу кармоочу жайдан чыгарып алышаарын айтты.

“Миграция десе эле Россия Федерациясын түшүнөбүз. Ал жакта мыйзам бузганы үчүн жүздөгөн жарандарыбыз жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Ал эми Дубайда деле ошол эле көрүнүш, 10 миңден ашуун мекендешибиз бул жакта жашап, иштешет. Чынын айтыш керек, мындагылар деле кээде өздөрү билип же билбей бул жактын мыйзамдарын бузуп алышат. Полиция кармап кеткен мекендештерибиз тууралуу маалымат түшөөрү менен күнү-түнү дебей дароо жетип барып, аларга юридикалык жардам көрсөтөбүз. Жарандарыбыз кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, айып пул менен чыгып кетиши үчүн жан үрөп иштейбиз”, – деди К.Мамытов.

Котормочу Орособек уулу Улукбектин иши эң түйшүктүү деп айтсак болот. Анткени, Дубайдагы мекендештерибиздин баары эле араб же англис тилин мыкты билет деп айтуу кыйын. Андыктан, кандай гана учур болбосун котормочунун жардамы көп керектелет. Улукбек Оросбек уулу ошондуктан 24 сааттын көп бөлүгүн мекендештер менен өткөрөт.

Башкы адис Темирлан Кадыров Дубайга жаңы барган мекендештер эмнеге көңүл бурушу керектигин айтып берди.

“БАЭге келер алдында документтердин туура толтурулганына көңүл буруу зарыл. Чек арадан өткөн соң, бардык документтерди түстүү (цветной) кылып көчүрмөсүн сактап коюш керек. Бириккен Араб Эмираттарына кирип жаткан жарандар милдеттүү түрдө көзүнүн карегин сканерден өткөрөт. Мейманканаларда расмий никеси жок эркек менен аялдын бир бөлмөдө жатуусуна тыюу салынат. Мас абалында унаа башкаргандарга ири суммадагы айып салынат. Ал тургай түрмөгө да кесилип кетиши мүмкүн. Чет тилдеги документке адвокаттын же котормочунун коштоосу жок эч качан кол койбоо керек. Жергиликтүү аялдарды уруксаты жок сүрөткө тартууга тыюу салынат. Ошондой эле аялдарга ашыкча кароого да болбойт. Көчөдө колдон келишинче узун кийинип жүрүү сунушталат”, – деди Т. Кадыров.

Дубайдагы консулдуктагы бул 4 кызматкер күнү-түнү дебей 10 миңден ашуун мекендешибиздин көйгөйлөрүн чечип жатканы чоң эрдик. Чоң шаардын кайсы гана бурчу болбосун билдирүү түшөөрү менен дароо жетип барып, мекендештердин маселесин жеринен чечип жүргөн бул 4 кызматкерди “Дубайдагы 4 азамат” деп атасак деле жарашчудай. Өлкөдөн алыс жүргөндө элчилик, консулдуктун кызматкерлери эң чоң таяныч болот эмеспи. Андыктан алардын ишине ийгиликтерди каалайбыз.

                                                                                Султанбек АМАНБЕК уулу

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар