whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЖалал-Абад шаарында заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул тууралуу күн мурун, 26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы «Телтору» атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, «Телтору» атмайданы башка аймакка көчүрүлүп, заманбап атмайдан курулат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар