Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, гепатиттин 85% учурлары байкалбай калып, өрчүп кетет жана оорулуулар илдетти башкаларга жуктурат. Мына ушул себептен, гепатиттин айрым түрлөрү медицинада “мээримдүү жаналгыч” же “тымызын өлтүргүч” деп аталып калган.
Жугуштуу оорулар дарыгери, гепатолог Жоомарт САТЫБАЛДИЕВ менен бул оору тууралуу маек курдук.
– Гепатит B, D, С үчөөнүн эң башкы айырмачылактары кайсы?
– Адам өмүрүнө жараткан коркунучу боюнча айырмаланат. Мен айта алам, мисалы 100 адамга гепатит В жукса, 6-9 айдан кийин ошонун 85-90у айыгып кетет. Калган 10-15инде өнөкөт болуп калат. Гепатит В вирусу болгон жерге D вирусу, башкача айтканда, дельта башка жактан келип кошулуп калышы мүмкүн. Мисалы, кан куйдурганда, операция болгондо, тиш доктурга барганда, бирөөнүн курч предметтерин колдонсо, хижама учурунда. Гепатит В га D келип кошулса, бул супер инфекция деп аталат. Ал коркунучтуурак болуп, дарылоо татаалга, кымбатка турат. Мындай абалда толук айыгасың деген кепилдик берилбейт. Гепатит D эч качан жалгыз жашабайт. Башка вирустардан айырмасы ал В болгон жерге гана келет.
Ал эми гепатит Снын өзгөчөлүгү бул көп учурда адамга жуккандан кийин белгиси болбойт, тымызын өтөт. Бирок гепатит С ны дарылаган жеңил. 3 айдан 6 айга чейин дарылап койсо, айыгат. Кыргызстанда дарылары бар.
Кыргызстандын шартында боордун эң чоң душманы вирустук гепатит В десек болот. Себеби, жогоруда айтып өткөнүмдөй гепатит Д кошулуп кеткен учурлар катталат. Аны дарылаган татаал болот, убактысы, акчасы көп кетет.
– Боор ооруларынын баштапкы этаптарында адамдын эч жери оорубайт деген маалыматтар бар экен. Анда кантип алдын алабыз?
– Туура айтасыз, гепатит В жуккандан кийин көпчүлүк адамдарда оорунун белгиси байкалбайт: өңү саргайбайт, көңүлү айныбайт, кускусу келбейт, кадимкидей иш жөндөмдүүлүгүн сактайт. Ошентип байкатпай өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Качан оору өтүшүп кеткенде гана белгилери чыга баштайт. Пациенттер менен сүйлөшө келсең, “менин өмүрү боорум ооруган эмес, анан эле кече минтип калдым” деп айтышат. Чынында андай эмес. Көп жылдар боюу акырындап ооруп келе берген, билген эмес. Себеби, боордун ичинде нерв жок болгондуктан, ал сезбейт. Ошондуктан өнөкөт гепатит В, Сларды “тымызын өлтүргүч” деп атап коюшат.
– Азыр кайсы оору болбосун, ал жөнүндө интернеттен толтура маалымат таба аласың. Андан сырткары, кошуналарың, туугандарың, айтор баары эле билерман. Ошондуктан имиштерге басым жасагым келип турат. Бейтаптарыңыздан эң көп уккан 3-4 таң калыштуу миф?
– Биринчиси – гепатит В идиш аяк, кийим-кечеден жугат дейт. Жок, эч андай эмес. Бул кан аркылуу гана жуга турган оорулар. Стоматологиядан, кан куйдурганда, операция, жыныстык жолдор менен ж.б.
Өбүшкөндө, кучакташканда, саламдашканда жугат дейт, бул дагы фантастика. Андан сырткары гепатит В, С жөнүндө дагы бир миф бар. Эч качан айыкпайт деп ойлошот. Аны бүгүнкү күндө ийгиликтүү дарылоого болот. Андан сырткары ооруган адам диета сактабай койсо, гепатит В дельтага айланып кетет дейт. Бул карандай калп. Дагы бир миф – кайсы бир аял гепатит В, С менен ооруса баласын эмизгенге болбойт. Жок, андай эмес.
Вирустардын саны көп болсо, тезинен вируска каршы дары жазыш керек деп ойлойт. Андай эмес, гепатит В менен ооруган адамдардын арасында вирустардын саны башкы ролду ойнобойт. Башкы ролду боордун абалы кандай, боордун жаш жана карыган клеткалары канчалык жабыркаган, боор өзүнүн борпоң жумшак касиетин жоготкон жокпу – ушулар маанилүү.
– Мен сиздин консультацияларыңызды карап чыктым. Байкашымча, аябай жөнөкөйлөтүп айтып берет экенсиз?
– Мен муну эки себеп менен түшүндүрөт элем. Биринчиден, мен Ош шаарындагы Санжар Данияров атындагы дарыгерлердин билимин өркүндөтүү институтунда мугалим болуп дагы иштейм. Бул менин мугалимдик кесибим менен байланыштуу. Экинчиси болсо, пациенттин ордуна мен өзүмдү коюп көрөм. Эгер мен өзүм пациент болуп калсам, мен дарылаган дарыгер аябай жакшы консультация берсе, жөнөкөй, жалпак, жатык тилде түшүндүрсө көңүлүм толмок, чын жүрөгүмдөн ыраазы болмокмун. Ошентип, өзүмдү пациенттин ордуна коюп көрүп, ушундай чечимге келдим. Алардын моокуму канганча түшүнүп, ыраазы болгону бизге дем берет, шыктандырат. Ошондуктан, мен пациенттерге жылуу мамиле кылам. Бул эч кандай маркетинг амалы эмес.
– Кандай учурларда боор оорусу курчуп, циррозго өтүп кетет? Анын кесепеттери кандай болот?
– Гепатит Вга D кошулганда боор өзүнүн ресурстарын эртерээк түгөтүп алат. Өлгөн клеткалардын үстүнө тарамыш өсүп, боор катуулай баштайт. Биз муну фиброз дейбиз. Андан кийин эле цирроз болуп эсептелет.
Боор өзү секунд сайын, мүнөт сайын организмдеги уулу заттарды сыртка чыгарып турат. Ал катуу жабыркап, өзүнүн ресурстарын бүт иштетип бүткөндө уулу заттарды сыртка чыгара албай, алар мээбизге тээп кетет. Ошондон улам, адамдын эс-тутуму начарлап, ачуулуу болуп, аң-сезими көп нерсеге жетпей, жакындарын тааныбай, көздөрүнө ар нерселер көрүнүшү да мүмкүн.
Боордун оорусу аябай өтүшүп кеткенде, биринчи кезекте бөйрөк иштен чыга баштайт.
Жалпылап алганда, вирустук гепатит В, С деген оорулардын эч кандай белгиси болбойт. Ошондуктан биз мекендештерди сөзсүз профилактикалык алдын алуучу текшерүүдөн өтүүгө чакырат элек. Бар болуп калса, эртерээк дарыланат.
Ошентсе да илим-техника бир топ жетишти. Акыркы илимдин жаңылыгы менен бейтаптарды ийгиликтүү дарылап келе жатабыз. Ал эми гепатит оорулардын ичинен эң жаманы гепатит В деп эсептейбиз.
Андан сырткары деле өтө аз кездешүүчү боор оорулары бар. Бирок аларды аныктоого бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнөдө көптөгөн мамлекеттердин мүмкүнчүлүгү жок.
– Өзүңүз да илим-техника тынбай өнүгүп жатканын айтып калдыңыз. Ушундай шартта дарыгерлер үчүн билимин жаңылоо канчалык маанилүү?
– Дүйнөдө Бүткүл дүйнөлүк гепатологдордун ассосациясы, андан сырткары европалык, америкалык, канадалык гепотологдордун ассоциациялары бар. Алар – дүйнөдөгү эң күчтүү окумуштуулар, врачтардын коому. Мына ушул коом көп жылдар бою изилдеп, тактаган илимдин акыркы жаңылыктарын сөзсүз окуп, билимибизди өркүндөтөбүз.
Андан сырткары мен дарыгерлердин билимин өркүндөткөн институтта иштейм. Ошондуктан илимдеги жаңылыктарды алгачкылардан болуп угабыз.
Айта кетсем, Кыргызстанда кайсы бир ооруну дарылоо боюнча атайын эрежелер топтому болот. Ал топтом 4-5 жыл сайын жаңыланып турат. Аны күтпөй эле утуру диагнозду кантип коюу керек, кантип дарылоо керек, кантип изилдөө керек, андан ары кантип көзөмөлгө алуу керектигин жаңы чыккан илимий макалалардан окуп туруш керек.
Көп дарыгерлер кандайдыр бир себептер менен билимдерин өркүндөткөнгө убактысы, мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептен эски билимдеринин негизинде дарылашат. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү.
– Гепатит ооруларын алдын алууда вакцинанын мааниси канчалык?
– Вирустук гепатит А, В, С, D деген оорулардын ичинен кайсы бирин көзөмөлгө алып, алдын алса болот? Гепатит А деген оорудан сактоочу вакцина бар. Аны менен балдар ооруйт. Бирок мамлекеттин балансында бүгүнкү күндө андай вакцина жок. Муну алдын алуу толук бойдон биздин колубузда, эркибизде.
Гепатит Вдан сактоочу вакцина 100% эффективдүү. Ким ал вакцинаны алса, ал оорубайт. Кыргызстанда 2000-жылга чейин туулган жарандарыбыз ал вакцинаны алган эмес. Эми алардын баары алууга милдеттүү. Эгер албаса, жакынкы жылдарда мага пациент болуп калышат.
Ал эми дүйнөдө гепатит Сдан сактоочу вакцина жок. Тамашалашсаң да жакшы нерсени айт дейт, буюрса, гепатит Сдан сактоочу вакцинаны мына биз кыргыздар жасап чыгабыз деген ойдомун.
– Азыр ар кандай себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандар бар го.
– Оору жугуп, таркап, көбөйүп кетиши үчүн 3 нерсе керек. Биринчиси – оорунун булагы, экинчичи – ооруну жуктуруучу фактор, үчүнчүсү – ооруй турган адам. Эми бир кызыктуу окуя айтып берейин. Гепатит В менен ооруган адамдар оорунун булагы болуп эсептелинет. Кыргызстанда гепатит Б менен ооругандардын бардыгын бир жерге тизип туруп жок кылалыбы? Мындай болбойт. Адамгерчиликке туура келбейт. Экинчиден, ооруну жуктуруу. Көбүнчө стоматологиядан, кан куйдурганда, операция болгондо жугат. Аларды көзөмөлдөө да дайыма эле колубуздан келе бербейт. Баарын камап коёлу десек, ал дагы болбойт. Бирок ооруй турган адамды оорубай турган кылып коюшубуз керек. Ал үчүн вакцина сайыш керек. Мына ушул жол аркылуу гана толук таасир эте алабыз. Өкүнүчтүүсү, ошону да түшүнбөй, убактысында эмделбей жатышат.
Кеп элибиздин кайдыгерлигинде болуп жатат. Себеби дегенде, мен деле тынбай инстаграм, фейсбук, тикток, телеканалдардан чыгып айтам, азыр дагы айтып келе жатам. “Вакцина алсаңар тоодой балээден кутуласыңар, мага пациент болбойсуңар” десем дагы, кайдыгер болуп жатышат. Элибиз көбүнчө саясат, той, өлүм-житим, турмуш тиричилиги менен гана убара болуп калды.
Гепатит оорулары биздин экономикабызга короновируска караганда эң аз дегенде 14 эсе көп сокку урат. Мисалы, боор алмаштырганга чейин жетип калды дейли. Билесизби, боор алмаштыруу операциясы 50 миң доллардын тегерегинде. Короновирустан же айыгып тынасың, же өлүп тынасың. Ал эми гепатит В дегенден оңой менен өлбөйсүң. Акча кетет, убакыт кетет. Туугандарыңды да соруп бүтөсүң. Себеби, алар карап турбайт да. Аягы оокатын сатып жүрүп куткарууга аракет кылат да кыргыздар. Көрдүңүзбү, бир адам гепатит менен ооруп калса жалгыз өзү сазга батпайт.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

