whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятАйтматов адамзат тагдыры тууралуу

Айтматов адамзат тагдыры тууралуу

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзү таасын белгилегендей, “жер-суу менен авторлошуп” жараткан, Адам  менен Аалам тууралуу улуу ойлор, керемет баяндар камтылган чыгармалары убакыттын катаал өкүмүнө бой бербей, түбөлүккө ат бастырып кирген асыл инсандын, улуу сүрөткердин, орошон ойчулдун туулган күнү.

Улут сыймыгы Айтматов биз дайыма ар кандай шартта кездешкен көрүнүштөрдү бизге жаңы өңүттөн кайрадан ачып, табигаттагы эң жөнөкөй кубулуштардын ажайыптуулугун, карапайым адам башынан кечирген кадыресе окуянын адамзат үчүн терең философиялык, нравалык мааниге ээ экенин ар бир чыгармасында далилдеди.

Ойчул катары ачылышка айланган жаңы түшүнүктөрдү, масштабдуу философиялык жалпылыктарды калыптандырды. Ошол түшүнүктөр бир гана илимпоздордун, адабиятчылардын энчисинде калган жок, Чыгыш менен Батыштагы, Түндүк менен Түштүктөгү миллиондогон элдин, ар улуттагы карапайым калктын көркөм кенчине айланды. Ал сүрөттөгөн окуяларды ар кандай өлкөлөрдөгү окурмандар өзү жөнүндө жазылгансып, өзүнө арналгансып, кан-жаны менен бирге бүткөнсүп кабыл алды. Окурмандар жазуучунун пенде рухунун машакатын баяндаган ойлоруна ниет коюп, жашоого кубат алып, чыгармаларындагы көркөм образдар менен кошо толгонуп, бирге өмүр кечирет. Акыл-ойдун соолубас булагы, руханий башат катары биз жазуучунун чыгармаларына улам кайрылып келебиз. Жазуучунун романы аталгандай, Айтматовдун чыгармалары нечен кылымдарды карытар.

Анын чыгармалары аркылуу замандын интеллектуалдык мейкиндигинде жаңы идеялар, бүтүндөй нравалык темалар, дүйнөлүк адабиятта көркөм образдар, эстетикалык тажрыйбалар – “Айтматов феномени” пайда болду. Сүрөткердин жан-дүйнөнү бийиктикке көтөрүп, адамды нравалык аруулукка чакырып, асылдыкты гимн кылып ырдаган чыгармалары жалпы адамзаттык алтын казынага айланды.

Аккан арыктан суу агат. Айтматов жайдак жерден кокус жаралган эмес. Ал кыргыз элинин кылымдарды карыткан акыл санжырасынын, кадыры артык, баасы бийик оозеки чыгармачылыгынын, кай заманда болбосун наркы кымбат көркөм өнөрүнүн мураскору. Жалпы адамзаттык маданиятка тең орток, пендезаттын руханий өнүгүшүнө кайталангыс салым кошкон, мухит сындуу “Манас” эпосун жараткан элдин жараган уулу.

Ал ар бир учуру мекендештери гана эмес, планетанын ар кайсы бурчундагы замандаштары үчүн олуттуу окуяга айланган маңыздуу жана түйшүктүү, даңктуу жана татыктуу жашоо кечирди. Айтматовдун тагдыры – доордун тагдыры. Ал эми Айтматовдун өзү – бүтүндөй бир доор, Кыргызстандын кайра жаралуу мезгили, көркөм өнөрүнүн, интеллектуалдык-маданий жашоосунун айжаркын учуру.

Биз улуу сүрөт-керди,  асыл адамды эскерип, ага таазим этип жатып, ар кимибизге тиешелүү жоопкерчилик, ар кимибиздин алдында күн сайын адам болуу, жакшылык менен жамандыктын, адилдик менен кыянаттыктын, ак менен каранын түбөлүк, оор кармашында жеңе билүү маселеси турганын эстөөгө тийишпиз.

1986-жылы эл аралык масштабда өткөн Ысык-Көл шеринесинде дүйнөнүн ар тарабынан келген таанымал интеллектуалдар планетанын эли окшош проблемалар менен түйшөлөрүн, алардын көбү жана орчундуулары адамзат өзү жараткан проблемалар экендигин, дүйнө бир экендигин, аны адамзат өзү куруп алган жасалма тоскоолдуктар болуп турарын кеп кылышкан.

Дүйнөгө устун болом, мен адамзаттын тагдырын чечем деген саясатчылардында, миллиондогон адамдардын кєңүлүн бурган ошол шеринеде Айтматов ааламдын тагдыры тууралуу таасын кеп айткан эле: “Нет второго земного шара, куда могла бы переселиться от конфликтов и притеснений часть населения земли. Такого не дано. Научиться жить на небольшой планете – вот единственная альтернатива человечества на сегодняшний день и на все грядущие времена”.

Ойчулдун ушул ою азыр ого бетер актуалдуу. Ааламда проблемалар азаймак тургай арбыды. Жаңжалдар токтомой тургай, курчуду. Өзөктүк куралды колдонуу бадага мал кошкондой жеңил айтыла баштады.

Өзөктүк курал менен коркутуп, согушуп жаткандар Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында же башка бир аянтта тарых сабактарын четке какпай, мунасага келип, ылаажы табууга тийиш. Бул алардын ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш милдети, лидерлердин адамзат алдындагы саясий жана укуктук жоопкерчилиги. Дүйнө интеллектуалдары Ысык-Көл шеринеси сыяктуу конференция өтүп, согушуп жаткан тараптарды макулдашууга чакыруусу абзел. Айтматовдун Ысык-Көл шеринеси изги миссиясын аткарган. Эми да биздин акылгөйлөр ошондой демилге көтөргөнү туура болмокчу.

Алмаз КУЛМАТОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар