whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга $500 млн бөлөт

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга $500 млн бөлөт

2025-жылдын жаз айларында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 500 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берет. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев журналисттерге билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Энергетика министрлиги бул масштабдуу долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп бүтүп калды.

«Долбоордун баасы буга чейин аныкталган жана инвестициялык сунуш да бар. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу 2025-жылдын май айында берилиши күтүлүүдө», — деди ал.

Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, болжол менен 3,6 млрд долларды түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар