“Ынтымак-Ордодо” Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган изилдөөсүнүн бет ачары болуп өттү.
Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүндө келтирилген маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкан өлкө жарандарынын 89%га жакыны Кыргызстан саясий, социалдык жана экономикалык реформалар багытында туура багытта баратат деп эсептейт. Бул өкмөттүн иш-аракетине болгон ишенимдин жогору экендигинен кабар берет.
2024-жылдын октябрына карата үй чарбаларынын 75%ы каржылык жактан өздөрүн коопсуз сезет. Бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрына карата 33%га жогору.
Анда көрсөтүлгөндөй, азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу өсүштөр байкалууда, ал 41%дан 86%га чейин өскөн. Бул калктын жыргалчылыгына оң таасирин тийгизген азык-түлүк менен камсыздоо системасынын жана азык-түлүк менен камсыз кылуунун жакшырганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, керектөөнү кыскартууга же негизги керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн активдерин сатууга аргасыз болгон үй чарбаларынын үлүшү төмөндөгөн.
Ошондой эле, бийлик менен жарандардын ачык диалогуна жана коррупцияга каршы күрөшкө карата оң динамика байкалууда. 2021-жылдын декабрынан бери көрсөткүчтөр шаар калкынын арасында 46%дан 77%га чейин өстү (айыл жеринде 61%дан 79%га чейин).
Өкмөттүн фискалдык компетенциясына ишеним 85%га жетти (2021-жылдын декабрында ал 53% болгон).
Мындан тышкары чет мамлекеттерде иштеген мигранттар 14%дан 8%га чейин азайышы байкалууда, бул Президент Садыр Жапаровдун тушунда эмгек мигранттарынын агымынын азайгандыгын тастыктайт. Маселен, азыр үй-бүлө мүчөсүнөн 1% миграцияда жүрсө, ал 2021-жылы 13% болгон. Бул көрсөткүчтүн төмөндөшү өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу.
“Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктарынын болушу 2021-жылдын декабрынан бери Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”, – деп билдирди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсү – ай сайын республиканын бардык аймактарынан 1500 үй-бүлө мүчөсү менен телефон аркылуу маектешүү аркылуу өткөрүлүүчү панелдик сурамжылоосу.
Изилдөөгө ылайык өлкөдөгү сурамжылоого алынган бир түтүн үй-бүлөнүн оокат-тиричилигине дайыма байкоо салынып, убакыттын өтүшү менен алардын жашоосу, тапкан каражаттары тууралуу маалымат чогултулган.
Бул изилдөө 2021-жылдын декабрында башталган.
2021-жылдын декабрь айынан 2024-жылдын октябрь айына чейинки мезгилиндеги негизги тенденциялар
Бир түтүн үй-бүлөнүн тиричилигиндеги өсүштөр:
- Түтүн башына киреше 2024-жылдын июль-июнь айларында өсүшүн басаңдаткан;
- Айыл чарба кирешеси 2024-жылдын сентябрь-октябрь айларында 2023-жылдын ушул мезгилине карата кыйла төмөндөгөн; акча каражатын которуу төмөндөө стадиясында;
- Буга карабастан түтүн башына алганда, алардын 70%ы финансылык жана азык-түлүк жагынан өздөрүн коопсуз сезишет.
- Өсүүнү адамдардын сезиши жакшырууда, ал эми жакырчылыктын деңгээли 16% чегинде токтоду.
Экономикага жана мамлекеттик башкарууга элдин көз карашы:
- Экономикалык кырдаал боюнча жакшы пикирлер өсүүдө;
- Жумуш орундары жана баанын өсүшү негизги экономикалык көйгөй катары кала берүүдө;
- Саясатчыларга жана жасалып жаткан иштерге ишенимдин өсүү тенденциясы сакталууда;
Кирешебиз арттыбы?
2024-жылдын июль, октябрь айларында түтүн башына эсептегенде, алардын кирешеси мурдагы жылдарга салыштырганда басаңдады, анткени бул убакыттарда айыл чарба кирешесинин жана өзүн өзү жумуш менен камсыз кылуунун өсүшү менен сезондук өсүп кетүү байкалчу.
Биринчи жарым жылдыкта
2024-жылдын I жарым жылдыгында кирешелердин өсүшү өзүн өзү жумуш менен камсыз кылуунун, айыл чарбасы жана акча которуулардын төмөндөшүнүн фонунда, айлыктын өсүшү менен шартталды. Бирок, 2024-жылдын июль айынан октябрына карата айлык акы кирешелери 23%га төмөндөдү. Айыл чарба кирешесинин сезондук өзгөрүүлөргө дуушар болуусу улантылууда, бирок жалпы алганда басаңдоодо, ал эми акча каражаттарын которуу төмөндөө тенденциясында.
Миграциялык маанай
Мигранттардын үй-бүлө каражатындагы үлүшү 14%дан 8%га чейин төмөндөдү. Башкача айтканда, эмгек миграциясына кетсем деп турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 2022-жылдын февралында 14% болсо, бул көрсөткүч 2024-жылдын октябрында 1%га чейин төмөндөдү. Акча каражаттарын которуу структурасы негизинен турак жайды жакшыртуу жагына жумшалууда.
Каражатыбыз кантти?
Акча каражатын накталай сактоо алгылыктуу жол катары кала берүүдө, бирок, акча каражатын банктык эсептерде сактагандардын саны өскөнү байкалат. Сом акча каражатын сактоодогу артыкчылыктуу валюта катары кала берүүдө.
Капчык калыңбы?
2024-жылдын июль-октябрь айларында кирешенин Басаңдаганына карабастан, финансылык коопсуздук деңгээли өсүүдө: финансы жагынан камсыз болгон үй чарбаларынын өсүшү 33%дан 75%га чейин жогорулаган. Сакталган акча каражаттары жана үй чарбачылыгынын финансылык туруктуулугу кирешенин басаңдаганына карабастан керектөө деңгээлин камсыз кылды.
Жашообуз жакшы дегендер арбын
Түтүн башына алганда азык-түлүк менен камсыз болгондордун үлүшү 41%дан 86%га чейин эки эсеге көбөйгөн. Мындан тышкары 2021-жылдын декабрь айынан 2024-жылдын октябрь айына чейинки мезгилде түтүн башына алганда, алардын ичинен өздөрүнүн активдерин саткан жана негизги керектөөлөрүн кыскарткандардын саны төмөндөгөнү, бул мезгилдеги үй-бүлө тиричиликтеринин жалпы туруктуулугунун жакшыргандыгын көрсөтүп турат.
Жакырчылык деңгээли
Жалпы алганда сурамжылоого катышкандардын “социалдык, экономикалык абалыбыз жакшырды” дегендердин саны 2021-жылдын декабрь айынан баштап жогорулаган. 2024-жылы “жакырмын” дегендердин деңгээли 16%дын деңгээлинде турукташты, бул өлкөдө жакырчылыктын төмөндөшүн чагылдырып турат.
Ошондой эле бул изилдөөлөрдө “өкмөт жарандар менен ачык диалог алып барууда жана коррупция менен күрөшүү натыйжалуу болууда” деген пикирлердин, изилдөө башталганга караганда өсүү динамикасы жогорулаганы белгиленип, шаарлар жана айыл жерлеринде жашагандардын коррупция менен күрөшүү жана ачык диалог боюнча пикирлеринин ортосундагы айырмачылык азайганы айтылат.
Мындан тышкары саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгына узак мөөнөткө кызмат кылууга кызыкдар дегендердин саны күн сайын өсүп жатканы көрсөтүлөт. Түтүн башына алганда саясатчылар баарынан мурда өлкөнүн узак мөөнөттүү жыргалчылыгын көздөшөт дегендердин саны – 25%га өскөн, ошол эле учурда саясатчылар кийинки шайлоону эле ойлошот дегендердин катары 28%дан 62%га чейин кыскарган.
Өкмөттүн ишине баа
Өкмөттүн иши тууралуу L2KGZ сурамжылоосу башталганда жалпы пикир оң болчу жана жакшырып отурду. Респонденттердин 89%ы өлкө жалпы алганда саясат, социалдык экономикалык багытында туура жолдо баратат деген пикирде болсо, 90%ы жергиликтүү (локалдуу) экономикалык шарттарды “жакшы” катары баалашты.
Көптөн үмүттөндүргөн кийинки беш жылдык
Кийинки беш жылдык экономика үчүн жагымдуу болот деген жогору бойдон (71%) калды. Ошентсе да, көбүрөөк үй чарбалары (27%) бул боюнча пикирлерин билдиришкен жок. Жергиликтүү эмгек рыногун жана ишкерлер чөйрөсүн кабыл алуу жакшырып бара жатат.
Жумуш орундары маанилүү
Жумушчу орундары жана баанын өсүшү – өлкө экономикасындагы башкы маселе. Мында, инфляциянын төмөндөшү менен негизги басым “жумуш орундарына” жасалууда. Башында шаар түтүндөрү баанын кымбатташын башкы көйгөй деп эсептешип, “жумуш орундарын” экинчи планга калтырышса, 2024-жылдын май айына карата “жумуш орундары” үчүн болгон тынчсыздануу өскөн.Тескерисинче, айыл түтүндөрү 2022-жылдын ноябрь айынан тартып, негизги көйгөй катары жумуш орундарын бөлүп көрсөтүшкөн.
Саясатчыларга ишеним
Саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылууда деген коомдук пикирлер калыңдады. Шаарларда же айыл жерлеринде көпчүлүк саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүдө деп эсептегендердин саны артууда, ал эми саясатчылар айрым бир топтордун кызыкчылыгына кызмат кылууда дегендер басаңдады (сүрөттө сары менен белгиленди).