whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Коломтодон” коомго кошулгандар бар

“Коломтодон” коомго кошулгандар бар

Гезиттин өткөн санында Бишкектеги селсаяктар тууралуу жазганбыз. Аларга кышкы суукта баш калкалаганга жай берген, мындай категориядагы адамдарды дээрлик жыл бою  кабыл алган – Бишкектеги “Коломто” муниципалдык мекемеси. Бул жерде кайсы мезгил болбосун адам үзүлбөй турганын мекеменин социалдык кызматкери Динара Талканчиева айтты. Атайы барып көрүп да кайттык.

Кышы-жайы адам үзүлбөйт

“Коломто” жергиликтүү бийликтен каржыланып, жыл бою селсаяктарды кабыл алат. Бүгүнкү күндө 73 киши бул жерде баш калкалоодо. Өткөн жумада кар жаап, күн сууктаганда бул жерге келгендердин саны кескин өскөн. Милиция кызматкерлери селсаяктарга карата рейд өткөрүп, аларды “Коломтого” өткөрүп беришет. Аталган мекеме 24 саат бою иштегендиктен, кайсыл гана учур болбосун келген жарандарды кабыл алышат. Катуу суук болгондо тез жардам, ИИМ кызматкерлери аркылуу келгендердин саны көбөйүп, 100дөн ашып кеткен учурлар да болот.

Аталган мекеме 2 кабаттан турат, ар бир бөлмөдө 8 кишиден жашашат. Аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө бөлмөлөрдө турушат. Шейшептери тез-тез жуулуп, үтүктөлүп турат. Жашоочулар үчүн кийим жууганы атайын кир жуучу машина бар. Аялдар үчүн өзүнчө, эркектер үчүн өзүнчө жуунучу жайы бар.

Эртең менен жана кечинде кант кошулган чай менен нан берилет. Ал эми түштө ысык тамак жешет. Жашаган бөлмөлөр кадимкидей жылуу экен. Бишкек шаардык мэриясынан мындагы жарандар үчүн ысык тамак үчүн бир кишиге 70 сомдон бөлүнө турганын билдиришти.

Дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө

Бул жакка жашаганы келгендерди биринчи кезекте дарыгерлер тыкыр текшерүүдөн өткөрүшөт. Эгерде жугуштуу оорулар аныктала турган болсо, дароо тез жардам чакыртылып, ооруканага жиберишет.

Биз барган учурда ооруканадан чыккан эки кишини алып келишиптир. Алардын бири мурда ушул жерде жашап жаткан жашы 70ке таяп калган киши экен. Инсульт алып ооруканага жаткырылыптыр. Ал жактан алып кетчү жакындары жок болгондуктан, кайра “Коломтого” тез жардам аркылуу алып келишиптир. Мекеменин дарыгерлери жарандардын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, денесинде кандайдыр бир жаракаттар болсо дарылап турушат.

Документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшөт

“Коломто” бир гана баш калкалоочу жай эмес, жарандардын жоголгон документтерин калыбына келтирүүгө да көмөктөшөт. Өзгөчө пенсия курагына келип калгандардын пенсияга чыгуусуна эбегейсиз салым кошушат. Ал тургай документтерин жасап берип, карылар үйүнө да жайгаштырышат. Бүгүнкү күндө 3 кишинин документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Документтери бүтүп калса, жаңы жылга чейин карылар үйүнө өткөрүлүп берилет.

“Коломтодо” учурда 70тен ашуун жаран жашап жатса, алардын дээрлик жарымын аялдар түзөт. Алар бул жерге ар кандай турмуштук жагдайда келип калышкан. Айрым учурларда үй-бүлөсү менен пикир келишпестиктен көчөгө чыгып калышса, кээде спирт ичимдигине берилип кеткенден улам селсаяктык жолго түшүп калышат.

“Коломтодон” коомго кошулгандар бар

“Коломтого” келип, коомго кошулгандар да бар. Бул жерде жашап жүрүп, бири-бирин жактырып, үйлөнүп, ижарага үй алып чыгып кеткендер да болот. Алар “Коломтого” келип кабар алып турушат. Ал тургай бул жерге келип, дарыланып, Россияга иштегени кеткендер да болгон.

Күн жылыганда сезондук жумуштарга кетип, кышында бул жерге келип жан сактагандар да болот. Алар селсаяк эмес, болгону кышында киреше булагы жок болуп калгандыктан, батир ижарасын төлөй албагандыктан бул жакка келип жашашат.

Аймактардан 10-15 күнгө келгендер жашап кеткен учурлар да болот. Алар медициналык кароодон өткөрүлүп, жугуштуу оорулары жок болсо жайгаштырылат.

Көчөдө мас болуп жаткандын баары эле селсаяк эмес

Милиция кызматкерлери же тез жардамдагылар көчөдө мас болуп жаткан адамды селсаяк деп ойлоп, “Коломтого” алып келип таштап кетишет. Чынында алардын айрымдары селсаяк эмес, мас болуп көчөдө уктап калгандар болушат. Алар эртеси күнү өзүнө келгенде дароо чыгып кетишет.

Түркүн тагдырлар…

“Коломтого” келип калган айрым инсандар менен сүйлөшүп отурсаңыз, ал жердегилердин түркүн тагдырын угасыз. Убагында юрист болуп чоң кызматтарда иштегендер, мугалим болуп окуучуларга билим берип жүргөндөр, деги койчу, далай кесиптин ээлери жашоодогу бир сыноодон сынып калып, аракечтикке берилип кетип бул жакка келип калган болушат. Ал тургай карыганда өз баласынын үйүнө батпай, “Коломтодо” баш калкалап жүргөндөр да жолугат.

Кээ бирлерин жакын туугандары издеп келип алып кетишет. Алардын ичинде жыл айланбай эле кайрадан селсаяктардын арасына кошулуп алгандары да учурайт.

Кайрымдуулук кылгандарга ыраазычылык

“Коломтого” майрам күндөрү же жөн учурларда деле жарандар кайрымдуулук кылып турушат. Көбүнчө кийилбей калган кийим-кече, төшөктөрдү таштап кетишет. Студенттер же жөн эле кайдыгер эмес жарандар ысык тамак алып келишет. Бул жердегилер көбүнчө кийим-кечеге муктаж болушат. Анткени, келген селсаякты жуунтуп, ага таза кийим кийгизишет. Ушундай учурда кийимдин көп болгону мындагы кызматкерлер үчүн табылгыс байлык.

Үйүңүздө аялдардын же эркектердин кийилбей калган кийимдери, колдонуудан калган төшөктөр болсо, аны таштандыга таштабай, ушундай социалдык мекемелерге берсеңиздер болот.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар