whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстандагы таанымал жана тарыхый 100 жер

Кыргызстандагы таанымал жана тарыхый 100 жер

Биздин мекенибиз асман тиреген улуу тоолордун жана мөлтүр суулардын мекени.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасы 7 облуска (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл), 40 администрациялык районго (шаар райондорунан башка) бөлүнөт жана 24 шаар, 29 шаарча, 1801 кыштак, 429 айыл өкмөтү бар.

Кыргызстандын жалпы жер аянты 199 951 км түзөт. Анын ичинен айыл чарбага жарактуу жери 10,4 млн га же 54,8%ды түзөт. Айыл чарбасына жараксыз жерлерди аска-зоокалар, тоо чокулары, шагылдуу жантаймалар, мөңгүлөр, тоо-таштар ж. б. түзөт.

Кыргыз жери деңиз деңгээлине караганда 500 метрден 7740 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.

Эң бийик чокусу Жеңиш чокусу 7439 метр, эң төмөнкү жер – Кулунду айылы 401 метр Лейлек районунда 1000 метр бийиктикте жайгашкан. Жердин 71% дан ашыгы 2000 метр бийиктикте жайгашкан, 40,8% жер 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Кыргыз жеринин орточо бийиктиги 2750 метр.

Кыргызстандын эң түндүк чеги Чүй дарыясынын сол жайылмасынын чегинде Камышановка кыштагынын түндүк жагындагы 43° 16′ түндүк кеңдикте өтөт. Ал жерден Түндүк Муз океанына чейинки аралык 3380 км, түштүк чеги Чоң Алай тоо кыркасында, Дароот-Коргондун тушундагы Кызыл-Суунун сол куймасы Алтын-Дара суусунун алабындагы мөңгүнүн башы. Ал жерде Инди океанынын жээгине чейинки аралык 1670 км. Мында (Тажикстандын чек арасында) Кыргызстандагы экинчи чоку Ленин атындагы чоку (7134 м) орун алган. Кыргызстандын эң батыш чеги Лейлек районунун аймагындагы Ак-Суу суусунун батыш жагын чектеп турган Түркстан кырка тоосунун түндүктү карай багытталган айрыгынын кыры.

Кыргызстан Орто Азиянын түндүк-чыгышынан орун алган.

Кыргызстан түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан менен, батышынан Өзбекстан менен, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан менен, түштүктөн жана түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасынын аймактары менен чектешет.

Республиканын чек арасы Казакстан менен 1113 км. ге, Өзбекстан менен 1374 км. ге, Тажикстан менен 972 км. ге, Кытай менен 1049 км. ге созулат. Чек арасынын жалпы узундугу 4508 км.7740

Кыргызстандын түштүк-чыгышындагы Какшаал тоо тизмеги, түштүк-батышындагы Алай, Түркстан кырка тоолору, түндүк-батышы менен түндүгүндөгү Талас, Кыргыз Ала-Тоолору, түндүк- чыгышындагы Күнгөй Ала-Тоо кирет.

Кыргызстандын аймагы Тянь-Шань (Теңир-Тоо) тоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аларды бөлүп турган табигый чек – Фергана өрөөнү.

Тянь-Шань батыштан чыгышка карай 2450 кмге созулган Борбордук Азиядагы ири тоо системасы. Тянь-Шань жана Памир тоо кыркалары жалпы территориянын 65%ын ээлейт.

Түндүктө Ысык-Көл, жээкте Күңгөй Ала-Тоо тоо кыркалары созулуп жатат. Түштүгүндө Тескей Ала-Тоо, батышында Жумгал тоолору, андан ары Суусамыр өрөөнү, түндүк батышта Талас тоо кыркалары менен курчалган.

Кыргыз жана Талас тоо кыркаларынын ортосунда Талас өрөөнү орун алган. Түштүк батышта Алай тоолору жайгашкан.

Кыргызстан – улар уялаган тоолордун мекени.

Кыргызстан – ак илбирстин мекени. Ак илбирс – эгемен Кыргызстандын символу.

Кыргызстандын тоолорунда бир эле учурда эртең менен күздү, анан жазды, түш оой жайкы аптапты, кечкисин кыштын ызгаарын көрүүгө болот.

Кыргыз баласы өзүн табияттан бөлүп караган эмес.

Кыргыз баласы жаратылышка ыйык, тирүү жанга мамиле кылгандай урматтаган.

Кыргыз баласы жаратылыштан отун-суу, кийикти өзүнө жеткидей алып, ашыкча пайдаланган эмес.

Кыргыз баласы табияттын бүт күтүлбөс жагдайларына, чагылганга, топон сууга, бороонго, бурганакка, жумалап жааган жаанга, ызгардуу суукка баарына даяр болгон.

Кыргыз баласы табиятка, жапайы өсүмдүккө же жапайы жаныбарга зыян келтирген эмес. Зыян келтирсе эртең анын кесепети тиет деп өч алат деп түшүнгөн.

Ар бир булактын, тоонун, жылганын, адырдын, токойдун ээси бар деп түшүнгөн.

Кыргыз баласы тоо койнунда көчүп жүрүп, табиятты эч убакта булгаган эмес.

Кыргызстанда азыр 440тан ашуун тарыхый жана маданий эстеликтер бар. Булардын ичинен республиканын түштүгүндө 216, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 137, Ысык-Көлдө 34, Нарын аймагында 34 эстелик жайгашкан. Талас өрөөнүндөгү Манастын күмбөзү жана музей комплекси, Өзгөндөгү жана Буранадагы байыркы эстеликтер, Таш-Рабат кербен сарайы, Оштогу Сулайман тоосу, Кочкордогу кырк чоронун күмбөзү, Караколдогу дунган мечити, Таластагы, Сузактагы, Чолпон-Атадагы, Аравандагы, Абшыр-Сайдагы, Ноокаттагы аска беттериндеги сүрөттөр, саймалуу таштар, Улуу Жибек Жолунун Кыргызстандын аймагынан өткөн жерлери туристтерди өзгөчө кызыктырат.

  1. Биздин республикада мөңгүлөр көп. Анын аянты Кавказдын, Алпы жана тоолуу Алтайдын мөңгүлөрүн бириктиргенге барабар. Ал эми Чатыр-Көлдүн сыртында түбөлүк тоңгон мөңгүнүн калыңдыгы 80 метрге барабар, мунун өзүн Түндүк уюл десе болот. Дүйнөдөгү эң ири мөңгүлөрдүн бири Түштүк Эңилчек, анын узундугу 60 км. Аянты 1613,2 кмге барабар. Бул мөңгүдөн башка да узундугу 20 км.ден ашык, Семёнов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр), Түндүк Эңилчек, Кайыңды жана башка мөңгүлөр бар.

Кыргызстандын аймагында аянты 0,1 км.ден жогору болгон 6516 мөңгү катталган. Алардын ээлеп турган аянты 8047,8 км., т. а. республиканын жалпы аянтынын 4% ын ээлейт. Эгерде бардык мөңгүлөрдү (аянты 0,1 км. ден да төмөн) эсептесек, алардын саны 7638ге жетет жана аянты 8107,7 км.ге барат. Мөңгүлөрдүн эң зор очогу Хан-Теңир жана Жеңиш чокуларынын тегереги болуп эсептелет. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо, чыгышынан Меридиан кырка тоосу жана батышынан Сары-Жаз суу- су чектеген аймакта жалпы аянты 1581 км.ден ашык 340 мөңгү жайгашкан.

Мөңгү сууларынын үлүшү эң көп агын суу – Эңилчек. Андагы жылдык агымдын 56% жайкы мөңгү эриген мезгилдеги (июль, август) агым. Кыргызстандын ири сууларында мөңгү сууларынын үлүшү: Чүйдө 11%, Чоң Кеминде 28%, Жыргалаңда 22%, Чоң-Ак- Сууда 37%, Таласта 21%, Нарында – 32%, Сохто – 44%, Көөлүдө 54% ж.б.

  1. Кыргызстан өзүнүн бардык коңшулаш республикаларын суу менен камсыз кылып турат. Окумуштуулардын эсептөөлөрүнө караганда Тянь-Шань жана Памир, Алай тоолорундагы карлар менен мөңгүлөрдүн катмарында көп жылга жетерлик топтолгон, б. а. дээрлик 2500 куб км. суу сакталып турат.
  2. Кыргызстанда дүйнөдөгү эң уникалдуу, эң байыркы Арстанбап жапайы мөмө-жемиш токою жайгашкан.
  3. Кыргызстанда Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда, канаттуулардын түрлөрү беш эсеге көп. Сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрү он беш эсеге көптүк кылат.

Окумуштуулардын эсептөөлөрүнө караганда Ысык-Көлдө кышында 40-50 миңге чейин ар түрдүү өрдөктөр, 10-15 миң кашкалдак, миңден ашык куулар жана ак чардактар кышташат.

  1. Кыргызстан – бийиктен аккан шаркыратмалардын мекени. Ала-Көл, Барс-коон, Соң-Көл, Арсланбап, Кегети, Шар, Көгүчкөн, Кыздын-Өрүм, Кара-Камыш, Төш-Булак сыяктуу шаркыратмалары менен даңазалуу.
  2. Кыргызстанда отуз миңден ашык өзөн-суу дарыялары бар. Республикадагы 7 ири дарыянын курамында 28 миң агын суу бар, алардын 90% дан ашыгынын узундугу 10 кмге чейин жетет. Анын ичинде 1960 өзөндүн узундугу 10 км.ден ашык.

Кыргызстандын ички дарыялары: Нарын, Чүй, Талас, Кызыл- Суу, Сары-Жаз, Ак-Сай дарыялары.

Улуу тоонун мөңгүлөрүнүн этегинен миңдеген булактарынан агып келип, булак өзөнгө, өзөн дарыяга кошулат. Жайкы чилде мезгилинде бул өзөндөр кирип, дарыялар оргуштап, суунун көлөмү бир нече эсеге көбөйөт.

Нарын дарыясына эле алты жүздөй өзөн-дарыя куят. Нарын дарыясы Эки Нарын, Кичи Нарын менен Чоң Нарын жайгашкан жерде пайда болот. Узундугу 616 км. Ат-Башы, Ала-Бука, Көкөмерен жана башка суулар кошулуп өтүп, Фергана өрөөнүнө агып келип, Кара дарыя менен кошулуп Сыр дарыяны түзөт.

Чүй дарыясы болсо, Жон-Арык менен Кочкор суусу кошулуп, оң жагынан Чоң-Кемин суусу менен Чүй өрөөнүнүн негизги бөлүгүнө өтүп, Казакстанга агып кирип, Моюнкум чөлүнө чейин жетет.

  1. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан минералдуу сууларынын молдугу менен айырмаланат. Дарылык касиети, молдугу жагынан алардын айрымдары дүйнөгө эзелтен таанымал минералдуу жана жылуу булактардан кем калышпайт.

Азыр республикабызда 130дан ашуун минералдуу булактар, бургулоодон табылган минералдуу суулар бар. Суткасына 81,9 миң куб метрге жетет.

Көмүр кычкыл газдуу суулардын 25тен ашык булактары белгилүү. Азыркы кезде Жалал-Абад, Ак-Суу, Чатыр-Көл, Алтын-Арашан, Кара-Шоро, Бар-Булак минералдык булактары белгилүү. Термалдык булактардын чыккан жерлеринде дарылоочу курорттор иштеп жатат (Ысык-Ата, Жалал-Абад, Аламүдүн, Жети-Өгүз, Жылуу-Суу, Жыргалаң ж. б.). Мындан башка адамдын организмине таасирин тийгизүүчү күкүрт-суутектүү (Чаңыр-Таш, Майлуу-Суу), йод-бромдуу (Избаскан, Кочкор-Ата) суулар да кездешет.

Минералдуу суулардын 42% запасы республиканын түштүгүндө, 34% – Ысык-Көл ойдуңунда, 15% Ички Тянь-Шанда, 9% – Чүй өрөөнүндө табылган.

Кыргызстан жер астындагы тузсуз таза сууга бай. Кыргызстандын аймагында 50дөн ашуун минералдуу жылуу жана ысык суу чыккан жерлер белгилүү. Алардын арасында йод-бромдуу (Избаскан, Кочкор-Ата ж. б.), радондуу (Жети-Өгүз, Кереге-Таш ж.б.), аз минералдашкан кремнийлүү (Ысык-Ата, Ак-Суу ж. б.) жылуу суулар да бар. Республикадагы жайгашкан минералдуу булактардан жылына 1 млрд. бөтөлкөгө жакын суу куюп алууга потенциалдык запасы жетет. Ичүүгө жарамдуу минералдуу булактардын ичинен Чатыр-Көл, Безбелчир-Арашан, Ак-Суу, Кара-Шоро, Жалал-Абад сыяктуу суулары запасынын молдугу, дарылык касиети менен өзгөчөлөнөт. Тилекке каршы азыр потенциалдык запастын 3,2%ы гана өздөштүрүлүүдө. Кара-Шоро булактарына дарылык касиети, запасы жагынан Орто Азия жана Казакстан чөлкөмүндө теңдешүүчү минералдуу суу жок.

Булактар Жазы өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2600-3100 м. бийиктикте орун алган. Суусу муздак келип, курамы жагынан Кисловодскинин Боржоми, Ессентуки № 4, 17 жана Нарзан булактарына окшош келет. Кара-Шоро суу запасынын суткалык өлчөмү 2,6 миң куб м. же республикада табылган көмүр кычкыл минерал сууларынын 11,7%ын түзөт. Келечекте Кара-Шоро минералдуу суусунан 100 млн. бөтөлкө суу алууга анын потенциалы жетет.

«Кыргыздын 100 керемети» китебинен

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар