whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.07.2025
28.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортМушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу көркөм тасма тартылат

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу көркөм тасма тартылат

Tөлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу “Бир туугандык жеңиш” аталышындагы толук метраждуу тасма тартат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Париждеги Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма тартылат. Тасма Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешип тарта туруучу алгачкы кинодолбоору”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын финалга чыгып, күмүш байгеге татыган. 28 жаштагы мушкер кыргыз спортунун тарыхындагы жаңы баракты ачты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар