Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды.
Жаңы курула турган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулууда.
Долбоор боюнча, мектептин имараты 3 кабаттуу болуп, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары, химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар, китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат.
Объекттин жалпы аянты 6 495 чарчы метрди түзөт.