whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТьери Мариани: "Европарламенттин резолюциясы өлкө эгемендигинин негизги принцибине шек келтирип жатат"

Тьери Мариани: «Европарламенттин резолюциясы өлкө эгемендигинин негизги принцибине шек келтирип жатат»

Франциянын Европарламенттеги депутаты Тьери Мариани Европарламенттин жыйынында Кыргызстанды коргоп, парламенттин резолюциясы өлкө эгемендигинин негизги принцибине шек келтирип жатканын айтты.

«Эми Кыргызстандын европалык неоколониализмдин бутасына айланышына кезек келип отурат. Парламент дагы бир жолу өлкөнүн эгемендигинин негизги принцибине шек келтирүүдө. Бул талаш-тартышта Европа биримдиги добуштарды сатып алган деген айып менен өз өлкөсүнүн сот системасы тарабынан куугунтукталып жаткан курмандыкты тандап алды. Брюсселдеги «Катаргейт» болобу же Кыргызстандагы окуялар болобу, социалисттер коррупциялык чыр-чатактарга ​​ көп аралашат. Ачыгын айтканда, биздин талкууларыбыз элдердин ортосундагы өз ара урматтоонун жана кызматташтыктын духуна туура келеби? Биз бул жерде Страсбургда отуруп алып, демократиялык мамлекет болгон Кыргызстандын ички чечимдерин талкуулоого, же комментарий берүүгө укугубуз барбы? Мен, жок деп ойлойм. Мамлекеттердин жана элдердин эгемендигин урматтоо ар кандай башка принциптерден жогору турушу керек. Биз башка өлкөлөрдүн ички иштерине саясий кийлигишпөө принциптерин дайыма бузуу менен, демократия жана адам укуктарынын коргоочусу боло албайбыз. Евробиримдик интервенционисттик жана неоколониалдык державага айланууну каалабаганы менен, билинбестен ага жакындап бара жатат», — деди ал парламентте.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламентке расмий жооп берип, Европарламенттин резолюциясын Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдарына басым жасап жаткан аракети катары баалай тургандыгын билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар