Жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынын айрым кызматкерлеринин кесепеттүү өнөкөтүн сынга алып, күчтүү билдирүү жасады. Ал күч органдарында иштегендер адам тагдыры менен ойноого акысы жок экенин баса белгилеп, анын кесепети оор болорун айтты. «Силер жаңылып калууга, ката кетиргенге акыңар жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, анын жашоосу силердин алдыңарда турат. Жакшынакай жашап жаткан адамды «подстава» кылып камап, үй-бүлөсүн зарлатып, бала-чакасын ыйлатып, мындай абалга түшүрбөшүңөр керек»,- деди Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнө кайрылып.
Эскертүү!
Атайын кызматтын жетекчиси күнөөсүз адамдарды атайлап камаган кызматкерлер катуу жоопкерчиликке тартыларын бекем эскертти: «Атайлап бирөөнүн артынан түшүп, кылмышты жасатып жыйынтыкка жетебиз дегендер өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла. Адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Биздин арабызда мындай учурлар такыр болбошу керек».
Эскертүү тегин жерден жасалган жок. Кайсы бир максаттар үчүн же тергөө жана сот органдарынын кызматкерлеринин не сабатсыздыгынан, не шалаакылыгынан, бейкүнөө адам жаман ишке кириптер болуп, түрмөгө камалып, жазага тартылып кеткен учурлар бар. Андай окуялар практикада кездешкени менен атайы статистика жок. Бирок башка статистика бар.
Күч органдарында көп жыл иштеген Феликс Кулов Би-Би-Сиге берген комментарийинде: «Күч органдарынын тергөөчүлөрү иштин көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн Камчыбек Ташиев айтып жаткан ыкманы колдонуп келгени анык. Бул эскертүү өз натыйжасын берип, адилеттүүлүктү орнотууда оң таасирин тийгизет деп үмүт кылалы» деп белгиледи. Атайын кызматтын ардагери, мурдагы Акыйкатчы Токон Мамытов да «статистика» деп аталган эски система күнөөсүз адамды күнөөлүүгө айланышына башкы себептердин бири деп эсептейт: “Укук коргоо органдарында ар бир кызматкердин жасаган иши сандык көрсөткүч менен бааланып, ошонун негизинде сыйлык же кызматтык өсүүгө умтулат. Алар мынча ууру кармадым, мынча кылмыштын бетин ачтым деп статистика тапшырат. Мына ушул жасалма көрсөткүчтөр айрым кызматкерлерди мыйзам бузууга түртүп жатат. Андан тышкары, акыркы учурда президентке, парламентке, Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бурмалоого барып, адамдарды мажбурлап, ушундай көрсөтмө бересиң деп коркутуулар болуп жатканына даттанып жатса керек”.
Ооба, калпыстыктан же кусаматчылыктан улам жабыркаган учурлар жок эмес, адилеттик издегендер арбын, туш-тушка аргасыз кайрылуулар, арыз-муңдар итапкан. Биринчиден, негизсиз камалдым, мыйзамсыз жазаландым деген даттануулардын канчасы аныкталып, алардын натыйжасы не болгону атайы талдоону талап кылат. Жогоруда айткандай кылмыштардын бетин ачкан статистика бар, бирок кылмышты аныктоодо, күнөөнү далилдөөдө жана жазага тартууда процессуалдык мыйзамдардын бузулушу боюнча эсеп жок. Экинчиден, тигил же бул арыз оң чечилген учурларда бейкүнөө адамдарга иш козготкон, иш козгогон, тергеген, камаган жана жазага тарткан ыйгарым укуктуу кызматкерлерге кандай жоопкерчиликке тартылгандыгы коомчулукка беймаалым.
Эң башкысы, атайы кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев укук коргоо, тергөө жана сот органдарында, ошондой эле мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратуранын практикасында бейкүнөө адамды мыйзамсыз жазага тарткан, адилетсиздикке жол берген терс көрүнүштү биринчи айткан жетекчи. Юристтер, жактоочулар, жарандар, масс-медиа, айтор коомчулук кеп кылчу, асты мынчалык жогорку масштабдагы мамлекеттик кызматкер проблеманы ачыктап, коомдук мейкиндикте катуу эскерте элек болчу.
Жоопкерчилик
Коомчулук УКМК жетекчиси, убадага бек Камчыбек Ташиевдин сөзү жерде калбайт, анын бул эскертүүсү изги натыйжасын берет деп үмүттөнөт. Талдоочулар эми УКМКнын мындан аркы чаралары өтө катуу болушу ыктымал экендигин белгилешет. Бирок аталган көйгөйдү жоюу комплекстүү жана ошол эле жарандык коомдун, тиешелүү мамлекеттик органдардын жапа тырмак аракетин талап кылат. Биздин оюбузча, төмөнкү жагдайларды эске алуу абзел.
Жарандык коомдун, айрыкча укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын жоопкерчиликтүү мамилеси керек. Айгай салып, жапырт чуру-чуу салганда реалдуу иштер “адилеттик үчүн туташ күрөштүн” коюу чаңында калбоосу кажет. Сүрмө топ менен күргүштөткөн кампания калпыстыкка жол ачат, абалкы мыйзамченемдүүлүк ушундай. Андыктан көпчүлүктүн көөнү үчүн, ургаалдуу өнөктөштүктүн урматына мыйзамдуулук садага чабылып, кылмышкер акталып, бейкүнөө кызматкер курмандыкка чалынбашы керек.
Тигил же бул кылмыш ишин иликтеген, тергеген, мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзгөн, камоого санкция берген, сотто караган, айтор тиешелүү кызмат адамдарынын баары эле жеке кусаматчылыктын же кайсы бир кызыкчылыктын айынан бейкүнөө адамды жаман ишке кириптер кылды деш натуура болоор. Жаңылыштык, интеллектуалдык компетентүүлүктүн жетишсиздиги, квалификациянын төмөндүгү, ал тургай билбестик менен элементардуу сабатсыздык сыяктуу факторлорду жокко чыгарууга болбойт. Демек тиешелүү кызматкерлерди дайыма окутуу зарыл. Мыйзамдар өзгөрүп турушу ыктымал. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик билимин тереңдетүү боюнча максаттуу курстарды системалуу уюштуруу керек.
Тергөөгө чейинки текшерүү ишинен тартып, соттун соңку инстанциясына чейин далилдерди топтоо, аларды баалоо, колдонулган бардык процессуалдык аракеттердин мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн прокуратура органдары кылдат көзөмөлдөөгө тийиш. Албетте, бул алардын тике милдети, башкы функциясы. Бирок иштин көптүгүнөнбү, убакыттын аздыгынанбы же бир караганда эле баарына көзү жеткен өтө жогорку кесипкөйлүгүнөнбү, айтор көзөмөл органдарынын айрым өкүлдөрү ат үстүнөн мамиле жасап, мамлекеттик айыптоочулар сотто бейкапар же көңүл кош отургандыгын жарандар кеп кылган учурлар бар.
Дал ошондон ашса ашаар, ишти караган соттор да кай бир учурларда андан кем эмес кайдыгерликти көрсөткөнү жашыруун эмес. Алар караган иштер арбын, машакаты көп, убакыттын тар экендиги талашсыз. Бирок адвокаттар, процесстин катышуучулары, соттук процесстерди чагылдырган журналисттер кээ бир соттор карап жаткан адамдын, анын үй-бүлөсүнүн тагдыры чечилип жаткан ишти соттук отурумга келгенде “кайсыл иш эле” деп эми тааныша баштаганына, ичиндеги материалдар менен окуй электигине күбө болгон учурлар жок эмес.
Адвокаттар демекчи, алар да жактап жаткан ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийиш. Орустун белгилүү режиссеру Н.Михалковдун “Двенадцать” деген фильминде присяжныйлардын бири, кары еврей баары макулдашып, мына эми чыгайын деп калган бүтүмдү бузат. Ачууланган калган 11 присяжныйга “Мен каршымын, анткени адвокат көңүлкош отурду” – дейт. Экинчиден, эч бир иште утулбаган адвокат Федор Плевако сыяктуу атактуу юристтер уткан процесстерди карасак, тараптардын атаандаштыгы сот адилеттигинин эң башкы принциптеринин бири болгондугуна, жактоочунун өтүнүчү эске алынып, таамай сөз, жүйөлүү кеп чечүүчү роль ойногонуна күбө болобуз. Демек адвокатура институтун бекемдөө жана алардын өз клиенттеринин иши үчүн жоопкерчилигин чыңдоо проблемасы бар.
Процессуалдык нормалардын сакталышы да, алардын жетиштүүлүгү да чоң проблема. Балким мыйзамдарда да алешемдиктер бардыр. Демек мыйзам жоболору башкы чекист Камчыбек Ташиев айткан кесепеттүү көрүнүштөргө жол ачкан коллизиялардан, эки ача түшүнүктөрдөн кутулуу, тигил же бул эрежени бурмалаганга же буйтап өткөнгө жол берген алешемдиктерди жоюу максатында адистердин катышуусу менен мыйзамдар кылдат инвентаризацияланып, анализ жасалып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл окшобойбу.
УКМК жетекчиси жоопкерчилик тууралуу бекем эскертти. Мыйзамдуулукту сактоо үчүн укук коргоо органдарынын ачыктыгын жана жоопкерчилигин арттыруу чоң милдет. Мыйзамдар дурус эле, проблема аларды колдонуунун терс практикасында», – дейт юрист Аваз Мамбетакунов. Ошентсе да мыйзамда белгиленген жоопкерчиликтин нормалары да бир сыйра электен өтүп, мыйзамды колдонуу практикасын эске алуу менен дагы жакшыртылышы балким туура болмокчу.
Бейкүнөө адам жазаланбоого тийиш деген чакырык жалпы коомчулукта колдоо тапты. Айтылышы керек эле, айтылды. УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин эскертүүсү реалдуу өзгөрүүгө багытталган кадам экени талашсыз, а балким болочоктогу системдик реформанын анонсу болушу толук ыктымал дешет аналитиктер.
Сыргак ЭСЕНБЕКОВ