whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйыл чарба министрлиги экспорттоочуларды кызматташууга чакырат

Айыл чарба министрлиги экспорттоочуларды кызматташууга чакырат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Россияга кайра иштетилген тамак-аш азыктарын экспорттоого кызыкдар ишкерлерди кызматташууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы учурда Россиянын Айыл чарба министрлиги менен Кыргызстандан айыл чарба азыктарын ташууну көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер чекене тармактар менен соода жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде жеткирилген товарлар үчүн төлөмдөрдүн кечигүүсүн жана электрондук маркировкага байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Министрлик ошондой эле өз ара пайдалуу сооданы жөнгө салууда жашыруун тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн ишкерлер министрликтин кызматкери Назгүл Каарбаевага +996557557529 телефон номери аркылуу кайрылууга болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар