whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖыргалбек КУРМАНБЕКОВ: “Толук кандуу билим берүүгө бардык шарттар бар”

Жыргалбек КУРМАНБЕКОВ: “Толук кандуу билим берүүгө бардык шарттар бар”

Борборубуз Бишкекте союз доорунда курулганына карабай бүгүн да жүздөгөн, миңдеген окуучуларды канатына калкалап, билим уя болуп турган мектептер бар. Алардын катарында 1956-жылы элеттик таланттуу, шыктуу, жөндөмдүү балдарга билим берүү, тарбиялоо максатында ачылган №1 мектеп-интернаты. Аталган мектепке 1992-жылы “Гимназия” статусун алса, 2000-жылы билим берүү тармагына эмгеги сиңген ишмер Абдылда Каниметовдун ысымы берилген. А 2023-жылы А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи болуп кайрадан каттоодон өткөн. Былтыр Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлү менен бул жатак мектеп-лицейи заман талабына жараша оңдолуп, жаңыланды. Жаңы жылды утурлай мектеп-лицейдин директору Жыргалбек КУРМАНБЕКОВду кепке тарттык.

– Жыргалбек мырза, сиз жетектеген бул жатак мектеп-лицейинин башка мектептерден өзгөчөлүгү кандай?

– Биздин мектепте республиканын бардык аймактарынан келген балдар окуп-тарбияланышат. 24 саат бою окуучулар үчүн мугалимдер, тарбиячылар, ашпозчулар, медайымдар, кароолчулар ж.б. кызмат кылышат. Мектептин жатак мектеп-лицей статусун алуусунун негизги максаты – окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануу, коом талап кылган кесипке багыт берүү. Учурда жалпы 730 окуучу окуса, анын дээрлик бардыгы бул жакта жатып окуйт. Балдардын тамактануучу, жуунуп-тазалануучу бөлмөлөрү, ойноочу аянтчалары, уктоочу бөлмөлөрүнүн бардыгы талапка ылайык жасалгаланган. Окуу-чулар күнүнө үч маал ысык тамак ичип, түштөн кийин бир маал шам-шум этишет. Жумасына бир жолу график менен мончого түшүшөт. Окуучулар түшкө чейин окуп, түшкү тамактануудан кийин кошумча сабактарга, ийримдерге, секцияларга катышып, ар кандай маданий, таанып-билүүчүлүк иш- чараларды уюштурушат. Алар ашыкча, пайдасыз нерселер менен алагды болбос үчүн илимий, балдардын билимин, аң-сезимин өстүрө турган иш-чараларга басым жасайбыз.

– Былтыр апрель айында аталган мектепте жагымсыз жагдай болуп кетти эле. Андан кийинки акыбал кандай?

– Ал окуядан кийин эмгек жамаат толугу менен жаңылан­гандыктан окуучулар менен мугалимдердин, тарбиячылардын бири-бирине көнүү процесси оңой болгон жок. Ага карабай жаңы куралган мектеп жамааты окууну үзгүлтүккө учуратпай, 2023-2024-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктадык.

– Илим, технологиянын тынымсыз өзгөрүшү мугалимдердин да педагогикалык потенциалын жогорулатуусун талап кылууда. Бул жагынан сиздерде кандай жылыштар бар? 

– Ооба, азыркы билим берүү системасы педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнөн көз каранды болуп тургандыгын билебиз. Жаңыланган доор-до мугалимдердин окутуучулук ишмердүүлүгү да өсүп турбаса артта калаарыбыз шексиз.  Санариптештирүү мезгилинде өтө зарыл каражат экенин эске алып ар бир мугалимге планшет сатып бердик. Ошондой эле алардын педагогикалык дараметин жогорулатуу багытында толук курстан өткөрдүк. Мында мугалимдерди өзүнчө, тарбиячыларды өзүнчө окутуп, сабак өтүүнүн технологиялары, усулдары, компетенттүүлүк, ата-эне жана бала менен иштешүү, кесипке багыт берүү, өзүн-өзү өнүктүрүү темаларында квалификациясын жогорулата алдык.

Ар бир эле мектепте “Усулдук бирикмелердин декадасы” салтка айланып калган. Муну биз интеграциялап, мазмундуу жана жаңыча өткөрүүнү колго алдык. Мугалимдер, тарбиячылар компетенттүү окуучуларды тарбиялап чыгарышы үчүн функционалдык сабаттуулук, окурмандык сабаттуулук, математикалык сабаттуулук, табигый-илимий сабаттуулукка басым жасоо менен сабактарды өтүүгө аракет кылуудабыз. PISA – 2025 тестирлөөсүнө даярдануу да кызуу жүрүүдө. STEM билим берүү боюнча окууларды өткөрүү, алардын өзгөчөлүктөрүн ачып берүү, башка мугалимдерге жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу, практикалык сабактарды уюштуруу жолго коюлду.

– Учурда Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана балдарга кошумча кесип үйрөтүү маселеси көтөрүлүп жатат…

– 12 жылдык билим берүүгө өтүү учурдун талабы экендигин эске алуу менен 2023-2024-окуу жылында окуучуларга кесиптик багыт берүү ишин колго алганбыз. Атап айтсак, чач кыркуу, ашпозчу-кулинария, тигүүчү, автослесарь, автоэлектрик, айдоо-чулук, компьютердик программалоо, IT программалоо сыяктуу багыттар камтылып жатат. Азыр окуучулар чач кыркуу, ашпозчулук менен алектене башташты. Бул жерде окуган балдар үчүн кошумча билим алууга толук кандуу мүмкүнчүлүк, шарт бар. Ал үчүн жатак мектеп-лицейде бардыгына ылайыктуу бөлмөлөр, тигүүчү машиналар, чач тарач эмеректери, жабдыктары, ашпозчулук боюнча шаймандар даяр.

Мындан тышкары япон тили, англис тили, бий, хор, комуз, волейбол, футбол, каратэ,  IT программалоо, көркөм өнөр, драматургия ийримдери иш жүргүзүп жатат. “Алтын түйүн” балдардын инженердик академиясы, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Экология, аймак таануу жана туризм борбору, “Кыргызстан балдары” шаардык окуучулардын чыгармачылык борбору менен тыгыз кызматташтыкта болуп жатабыз. Ошондой эле окуучулардын маданий жайларды таануу, коомдук жайларда өздөрүн алып жүрүү, дүйнөгө болгон көз караштарын кеңейтүү максатында музейлер, театрлар, кинотеатрлар менен да байланышып, окуучуларды байма-бай алып барабыз. Акын-жазуучулар, манасчылар, белгилүү спортчулар, кинорежиссерлор, төкмө акындар менен да көп жолугушуулар уюштурулуп турат. Мындайча айтканда, балдарды шыктандырып, алардын керектүү, татыктуу билим алышына, туура кесип тандоосуна ар тараптан аракет кылып келебиз.

– Бул жатак мектеп-лицейин кезинде өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган бир топ белгилүү инсандар аяктаган экен…

– Ооба, бул мектепти өлкө жетекчиси Садыр Нургожоевич, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров, Кыргыз эл артисттери Айтурган Темирова, Кадырбек Тажиев, белгилүү актёр, режиссёр Акылбек Абдыкалыков жана башка кыргызга таанымал инсандар бүтүргөн экен. Өлкөбүздүн ар тарабынан келген окуучулар унутпай жүрсүн деп ушундай таанымал бүтүрүүчүлөрдүн сүрөттөрүн мектептин кире беришине илдик.

– Азыр заманбап билим берүү жабдыктарысыз мектепти, билим берүүнү элестетүү кыйын. Бул жагы сиздерде кантип жатат?

– Акыркы бир жылда материалдык-техникалык базабыз абдан чыңдалды. Эки компьютердик класс толук кандуу жаңы компьютерлер, эмеректер менен жабдылды. 18 класска жаңы парталар, шкафтар келди. 300дөн ашык окуучуга эки кабаттуу керебеттер алынды, 6 интерактивдүү панел, балдардын коопсуздугу үчүн 50 видеокамера орнотулуп, актовый залыбызга LED экран коюлду. Заманбап жабдуулар, эмеректер, тиричилик техникалары менен камсыз болдук. Ошондой эле мектептин өзүнүн сайты, социалдык тармактагы баракчалары тынымсыз жатак мектеп-лицейдин жаңылыктарын, жетишкендиктерин чагылдырып турат.

– Билинбей эле быйылкы жыл да аяктап бара жатат. Кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?

– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган республикалык “Мыкты окуучу-2024” кароо- сынагында биздин сыймыктуу окуучубуз Альбина Токтобекова жеңүүчү деп табылды. Рес-публикалык “Жылдын мыкты мугалими – 2024” кароо-сынагында жатак мектеп-лицейибизден музыка мугалими Өмүрбек Абдуллаев райондо жогорку балл алып, шаардык этапка өттү. Шаардык этаптан 2-орунду утуп алды. Дене тарбия мугалими Бактияр Күрөңкеев ушул эле кароо-сынактын шаардык этабынан 1-орунду камсыздап, республикалык этапка жолдомо алып, катышып келди. “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына жатак мектеп-лицейдин командасы катышып, республикалык этапка чейин жетишип, өзүлөрүнүн мыкты экендиктерин көрсөтүштү. Ошондой эле спорт мелдештеринде тогуз коргоол, шахмат, волейбол түрлөрүнөн жатак мектеп-лицейдин окуучулары бир топ жеңиштерге жетишишти. Таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Асема Абдраимова 3-орунду камсыздоого жетишти. Албетте, намысты бербеген мугалимдерибиз, окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар