whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомIII Элдик курултай: 3 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздоодо

III Элдик курултай: 3 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздоодо

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат келди. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу менен негизги аймактарда кызмат кылууда.

Курултайдын ишин 100дөн ашык аккредитацияланган ЖМК өкүлдөрү чагылдырууда. Мамлекеттик жана аймактык телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактарда түз эфир көрсөтүлүп жатат.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар