whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомIII Элдик курултай: Энергетика министрлигине 42 кайрылуу түштү

III Элдик курултай: Энергетика министрлигине 42 кайрылуу түштү

III Элдик курултайда Энергетика министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында энергетика боюнча жалпы 42 кайрылуу түштү.

“Делегаттардын көпчүлүгү газдаштыруу, кубаттуулукту көтөрү, ГЭС куруу, аба чубалгыларын, трансформатор жана мамычаларды жаңылоо маселелери менен кайрылууда” — деди министр.

Ибраев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын баса белгиледи.

«Ар бир кайрылган делегаттардын маселеси орундуу жана биз үчүн маанилүү. Биздин башкы максат — элге жарык жана жылуулук берүү. Былтыркы курултайда келип түшкөн кайрылуулар бир жыл ичинде 99 пайызы аткарылып, 1 пайызы аткаруу процессинде. Быйыл түшкөн кайрылуулар дагы 100 пайыз аткарылат», — деди ал.

Белгиленгендей, бүгүн курултайдын биринчи бөлүгү саат 19:00гө чейин уланып, жүрүшүндө 150 делегатка сөз берилери белгилүү болду. Элдик жыйын 2 күн бою Улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар