whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“2025-жылдын энергиясы күчтүү, аны туура колдонуу керек”

“2025-жылдын энергиясы күчтүү, аны туура колдонуу керек”

Нумерология илиминде 9 саны иллюзиялардан арылуу жылы экен. Бул 9 саны 2025-жылга туура келип жатат. Андыктан, нумерологияда айтылгандай, алдыдагы 2025-жылы көз айнектерибизди чечип, жылаңач чындыкты көрөт окшойбуз. Нумерология адистеринин айтымында – бул жөн гана сандар менен келечекти болжолдоо эмес, жашоонун түпкү мыйзамдарын түшүнүүгө жардам берген илим. Анткени ар бир сан өзүнүн энергиясына ээ болуп, биздин жашообузга таасир этип турат. Эмне үчүн айрым сандар ийгиликти тартууласа, башкалары кыйынчылыктарды алып келет? Жаңы жылды утурлай “2025-жылдан эмнени күтсөк болот?” – деген сурообузга нумеролог Чолпон СМАНОВА жооп берди.

– 2025-жыл нумерологияда кандай мааниге ээ?

– Нумерологияда 2025-жыл маанилүү. Анткени, 9 жылдык циклдин аякташын билдирет. Башкача айтканда, өткөн менен коштошуп, бизди жаңы этапка даярдайт. Негизи эле нумерология эле эмес, адамзат, аалам доордон доорго өтүп жашайт.

– Нумерологиялык эсеп боюнча 2+0+2+5=9. Демек, жылдын саны 9 деп эсептелинет. Бул сан тазаланууну, руханий өсүүнү жана жыйынтыктоону түшүндүрөт. Тагыраагы, энергияны сырткы ийгиликтерге эмес, ички дүйнөгө, ой жүгүртүүнү өстүрүүгө, пайдасыз бардык нерселерден арылууга жумшай турган жылдардын бири деп айтсак болот.

– Бул жылдан эмнени күтсө болот?

– Биринчиден, иллюзиядан арылуу. Негизи биз иллюзияда жашап өтөбүз. Ал эми, 9 деген сан – чындыкты биринчи орунга койгон курч мезгил. Көптөгөн жашыруун шарттар ачыкка чыгат. Ошон үчүн, өзүбүздүн ички күчүбүзгө таянышыбыз зарыл болот. Бардык сыр болуп келген, же биз көрмөксөнгө салып келген нерселер менен беттешебиз.

9 – бул эски таарынычтарды унутуу, эски көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылган руханий жетилгендиктин белгиси. Бирок бул аракеттер татаал болушу мүмкүн. Анткени сен мурункудай аң-сезим, ой жүгүртүүң менен жаңы нерселерге жете албайсың да. А руханий өсүү – бул дайыма кыйын иш. Жаңы чөйрө, жаңы билим, жаңы сен жаралышың керек. Мурунку туруктуу жашооң сага ыңгайлуу болгону менен, жаңы чындыктарды көрүүгө жана көнүүгө тийишсиң. Мындай учурда так план түзүп, баш аламандыкка жол бербөөгө аракет кылуу маанилүү. Андыктан жаңы нерселерге ачык болуңуз.

Жалпылап айтканда, 2025-жыл – ар бир адамдын, мамлекеттин өзгөрүү учуру.

– Дүйнөдө эмнелерге көңүл бурулат?

– Жаңы технологияларга, окутуунун альтернативдүү ыкмаларын түзүүгө жана маалымат секторун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Курулуш, инженерия, өндүрүш менен байланышкан кесиптер көбүрөөк суроо-талап жаратат. 9 санынын таасиринин астында табигый кырсыктар болушу мүмкүн. Жанар тоолордун атылышы, катуу шамал, өзгөчө өрттөн абайлаш керек. Ошондуктан, кесиптик чөйрөдө этияттык талап кылынат.

Үй-бүлөлүк жана социалдык баалуулуктар коркунучта. Мамиледе чын ниеттүүлүк биринчи орунга чыгат. Бул баалуулуктарды кайра карап чыгууга жана ажырашуулардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Анткени, мезгил жеке каалоолорго келгендиктен, жалгыздыктыкты тандагандар болот. Жадагалса туруктуу үй-бүлөлөрдө дагы бул нерсе күтүлөт. Сөз эркиндиги, укук, жеке тандоолорго басым жасалат.

– 2025-жылды кантип ийгиликтүү өткөзөбүз?

– Биринчиден, керексиз нерселерден баш тартыш керек. Ашыкча жоопкерчилик, терс мамилерден, таарынычтардан арылган жакшы. Дүйнө таанымды өзгөртүп, ар бир нерсеге болгон эски көз-карашыңды “ушул туурабы?” деп кайрадан карап чыгыш керек.

2025-жыл – жыйынтыктоо жылы. Үй салып баштадың беле, аны бүтүр. Эмнени баштаган болсоң, ошол нерселердин жыйынтыгын чыгар.

Экинчиден, сөзсүз план түзүш керек. “Туруктуу жыл болбойт” деп жогоруда дагы айтып кеткенимдей, күтүүсүз жагдайлардан чыгып кетүү үчүн план керек.

Үчүнчүдөн, жылдын энергиясы күчтүү. Бирок аны туура колдонууга аракет кылуу зарыл.

2024-жыл адилеттүүлүк жылы болду. Тактап айтканда, мурда өзүбүз кылган жакшылык-жамандыктар кайта өзүбүзгө кайтып келди. Бул сабактарды 2025-жылы унутпашыбыз керек. Эми бул жыл “чындык жылы” болуп, бардык баштаган иштерибиз жыйынтыкталат.

Ошондой эле, 2025-жыл Жылан жылы болгондуктан, жылдын бактылуу түсү жашыл жана бардык ачык түстөр: өзгөчө сары, алтын, күмүштүн түстөрү, жаркыраган нерселердин баары, ошондой эле классика: кара жана ак.

Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар