whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

26-декабрда президент Садыр Жапаров Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда. Иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев актуалдуу маселелерди талкуулашат. Тагыраагы, Бирликтин ишинин жыйынтыктарын чыгарып, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттарын карап чыгышат.

Андан кийин отурум ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөп, делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Анда бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жана үчүнчү тарап жөнүндө Макулдашууга жана Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар