Өткөндөгү III Элдик курултайда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин баяндамасында олуттуу маселелер козголду. Тиякка мектеп, биякка жол сал деген маселелердин күүсү арбын болгондуктан, Кабинеттин жетекчисинин концептуалдуу ойлору алдыңкы планга чыкпай, көпчүлүккө даана угулбай калгансыды. А чындыгында курултайдагы баяндамасында жаңы Төрага дасыккан экономист, тажрыйбалуу адис экенин жана дүйнөлүк экономикадагы күн тартибин жакшы биле турганын көрсөттү.
Универсал рецепттер болбойт
Абай салган кишиге А.Касымалиев күчтүү билдирүү жасады: “Биз эч качан Кыргызстандын экономикасын айрым өлкөлөрдүн “универсалдуу рецепттерине” ылайыкташтырууга аракет кылбайбыз. Кыргызстан – бул Кыргызстан!”.
Өнүккөн өлкөлөрдү тигил же бул учурлардагы ийгиликтүү моделдери, изги тажрыйбалары жетиштүү. Сөзсүз эске ала турган мисалдар, тигил же бул проблемаларды чечүүнүн мыкты жолдору, апробацияланган методдору, сынактан өткөн ыкмалары бар. Бирок ошол үлгүлөрдүн, мыкты делген тажрыйбалардын баары эле бардык учурда бардыгына чак келе бербейт. Универсалдуу чындык ушунда турат.
Кыргызстан суверенитет калыбына келген 33 жыл ичинде түрдүү моделдерди өзүнө өлчөп көрдү. Маселен, постиндустриалдык коомдорго мүнөздүү айрым нерселерди базар экономикасына жаңы өтө баштаганда бизге жарашпаса да колдондук. Ашынган либерализм талоонго учуратты. Же болбосо, парламенттик башкаруу системасы негизи жаман эмес. Арийне, анын маңызын түшүнбөй, экинчиден, реалдуулукту эске албай, партиялык коррупцияга жол ачып, азыр эрте экендигин, биздин даяр эместигибизди түшүнүп, баш тарттык. Экономикалык моделдердин бири имитациялык (системалардын анализи менен синтези айкашкан ыкма) деп аталат. Муну да бурмалап, белимчилик деп түшүнүп, аа, ушу сонун экен деп туурап кирген учурлар да болуп келген.
Айталы, ЭТТК (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы) көмүскө экономикага каршы, эл аралык соода бирикмелеринде эбактан бери ийгиликтүү колдонулуп келген жакшы системалардын бири. Дурус түшүнбөй калдыкпы, же кай бир жеринен кеттиби, колдоно келгенде бузуп алдыкпы, бир топ талашты жаратып, коррупциялык схемага да жол ачып, айтор азыр кайра карай турган болуп жатабыз. Кабинеттин башчысы Кыргызстандын өзүнүн өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөрүнө жараша чечимдерди, мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы артыкчылыктарды издейбиз жана табабыз деди. Туура, анткени бизди курчап турган дүйнө тынымсыз өзгөрүп, геосаясий кырдаал да ушуну талап кыла тургандыгын белгиледи.
Ошондуктан Министрлер Кабинетинин жетекчиси А.Касымалиевдин универсал рецепттерди издебей, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар менен бирге бизге ылайыктуу, оптималдуу ыкмаларды туура колдонуу парадигмасы көптөн үмүттөндүрөт.
Өнүгүү жолу – өргө карай жол
Баш министр дагы бир реалдуулукту – өнүгүү жолу өргө карай жол болгондуктан, абдан татаал экенин даана белгиледи. Кабинеттин алдындагы максаттарды, маселен ички дүң продукттын көлөмүн жан башына 2,5 миң доллардан 4 миң долларга чейин жеткирүү, консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд. сомдон 2030-жылы 1 трлн.дон ашыруу же жакырчылыктын деңгээлин 17 пайызга чейин кыскартуу оор түйшүк. Айрыкча жакырчылыкты азайтуу кыйын маселе. Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн башкы багытынын, максаттарынын бири – жокчулукту азайтуу. Бул максатка адамзат али жакындай элек.
Демек, Кыргызстандын бийлиги алдына койгон милдет кайсы бир деңгээлде амбициялуу. Ошентсе да соңку үч жыл ичиндеги олуттуу өзгөрүүлөр, өлкөнүн өнүгүү динамикасы Министрлер Кабинети батынган максатка жетүү реалдуу экенинен үмүттөндүрөт.
Баш министр айткандай, биз “өзүбүз каалагандай даңгыр жолдо жалгыз бара жаткан жокпуз. Ушул жолдо өнөктөштөр, санаалаштар жана жол талашкан конкуренттер да бара жатат. Ошону менен бирге “геосаясий жана геоэкономикалык сыноолор, санкциялар, экономикалык изоляциялык тобокелдиктер, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк, энергия жана сууга муктаждыктын күчөшү, технологиянын бардык чөйрөдөгү ролунун жогорулашы, ар түрдүү идеологиялык моделдердин таасири” ж.б. ушуга окшогон чакырыктар бар.
А.Касымалиев санаган чакырыктардын ар биринин масштабы эбегейсиз, мүнөзү катаал. Жол талашкан конкуренттер боло келген, мыйзам ченемдүү процесс, атаандаштыктын күчөмөгү анык тенденция. Ал эми геосаясий оюндар болжоп болбой турган татаал кубулуш. Кечээ эле санкциялар тээ алыскы өлкөлөр ортосундагы соода мамилелердин парадоксу деп тоотпой келгенбиз. Эми минтип күн тартибине чыгып, ар бир товарга, анын кайдан чыгып, ким аркылуу кайда, кантип баратканына, ал тургай интеллектуалдык кызматташтыкты да үңүлө карап, өтө аяр болууга, а демек бир топ нерседен олчойгон пайдасына карабай баш тартууга мажбурлап отурат. Тышкы соодада ашкере сактык колду байлайт, өнөктөштөр менен мамилеге кай бир деңгээлде доо кетирет. Кыскасы, биздин өлкөнүн Министрлер Кабинетинин алдында чоң тоскоолдуктар туру. Бирок ошол тобокелчиликтерди жана чакырыктарды баамдоо, баалоо, түшүнүү менталдык гана маселе эмес, жоопкерчиликтүү мамиленин белгиси. Экинчиден, чакырыктар так аныкталса, чечүүнүн жакшы жолу табылса, проблемалар шанска айланма касиетке ээ.
Өнөкөт жана жаңы дефициттер
Министрлер Кабинетинин башчысы проблемалардын башка аспектисин да жаңыча көз караш менен белгиледи. Алар – фискалдык дефицит; экспорт-импорт балансында (импорттон көз карандылык); жаңы технологиялардын жетишсиздиги, инвестициянын тартышсыздыгы. Тышкы дүйнө менен соодада тескери сальдо экспортту күчөтүү аркылуу гана азаят. Толук жоюу жакынкы, импорттон караганда экспорттун көлөмүнүн ашык болушуна жетишүү оор проблема. Конкурентке туруштук бергидей товарларды өндүрүү жана сатуу бүтүндөй системаны талап кылат. Экспортко арналган продукттарды өндүрүү процессин да, өндүрүүчүнү да колдоонун бүтүндөй комплекси талап кылынат. Макул мыкты товарларды, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрдүк дейли, Баш министр белгилегендей рыноктор үчүн болгон күрөш күчтүү, дагы күчөйт. Демек өндүрүлгөн продукцияны Кытай, Евразия мейкиндигине жайылтууда соода-логистикалык борборлор, эл аралык соода аренасында сабаттуу маркетинг чечүүчү мааниге ээ. Товар өндүрүүчүлөрдү жана жеткирүүчүлөрдү да тышкы соода эрежелерине, чыгарган товарларынын сапатын тастыктоонун эл аралык жол-жоболорун туура сактоого үйрөтүү, көндүрүү машакаты оңой эмес. Мисалы, жакшынакай жер-жемиши кайсы бир тастыктамасы жоктугунан же эреже сактабагандыктан сыртка чыкпай чирип же өндүргөн оокатын барган өлкөгө киргизе албай ара жолдо төгүлгөнү канча.
Баш министр А.Касымалиев буга чейин айтылбай келген дагы бир дефицитти айтты. Эмгек ресурстарынын тартыштыгы өнөкөт эмес, азыр сезиле баштаган көрүнүш. Насили тартыштык болгону менен, позитивдүү процесстердин жышааны. Соңку жылдары мамлекет кубаттанган сайын жарандарыбыз эмгек миграциясынан Кыргызстанга кайтууда. Дүйнөлүк банктын 2021-2024-жылдардагы ички өзгөрүүлөрдү камтыган акыркы изилдөөсүнө караганда, өлкөбүздө тышка жумуш издеп кетсем деп ниеттенгендердин саны акыркы 2 жылда абдан азайган. Ошол эле учурда Кыргызстанда экономиканын бир топ тармактарынын өнүгүшү менен квалификациялуу адистерге болгон тартыштык күчөп, жумушчу күчү да жетишпей жатканы байкалууда. Буга чейин кыргыз жаштары сыртка жумуш издеп күргүштөп агылганы тууралуу кеп кылып келсек, эми бизге сырттан мандикерлер агымы кире баштаганын белгилешет эксперттер. Эмгек ресурстары өнүгүүнүн башкы факторлорунун бири. Кабинет жетекчиси А. Касымалиев адилет белгилегендей, кесиптик компетенциясы жетиштүү адистерди даярдоо, аларды колдоо саясатын иштеп чыгып, эмитен көңүл бурбасак, оңоло баштаган экономиканын өнүгүшүнө эртең эле кедергисин тийгизери турулуу иш.
Сыргак ЭСЕНБЕК
РЕДАКЦИЯДАН: Баш министр А. Касымалиевдин кесиптик компетенциясы жетиштүү адистерди даярдоо, аларды колдоо тууралуу тезиси эң туура. Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити эмгек адамынын, жаратман кесиптин ээсинин, иштерман адистин жаркын образын даңазалоо, жогорку квалификацияга ээ адистерди даярдоонун, колдоонун жана эмгек каарманынын кадыр-баркын жогорулатуунун актуалдуу маселелерине арналган форумду демилгелеп, жаңырган 2025-жылдын башында республикалык масштабда болочоктогу максаттуу долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча кереге кеңеш өткөрүүнү болжоп турат.