whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятУркаш Мамбеталиев: манасчы жана акын

Уркаш Мамбеталиев: манасчы жана акын

Ар бир доордун залкар манасчылары болгон. Алар улуу дастанды бүгүнкү күнгө чейин жеткирип олтурушат. Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Шапак, Саякбай ж.б. улуу манасчылар өттү. Ошолордун кийинкиси, биз көрүп калганы манасчы Уркаш Мамбеталиев.

Жаш муундар үчүн маалымат иретинде айтсак, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Орто билимге ээ болгондон кийин, 1953-жылы Советтик армиянын катарына чакырылат. Жоокердик милдетин өтөп келгенден кийин Ысык-Көл облустук драмтеатрында актер болуп иштейт. Андан кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга манасчы-солист катарында кабыл алынып, үзүрлүү эмгек өтөй баштайт. “Манас” эпосунун бир топ эпизоддорун Кыргыз улуттук илимдер академиясынын “Манас” бөлүмүнө жазып өткөргөн. Кыргыз радиосунун алтын фондуна Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда “Манастын төрөлүшү”, “Алмамбет менен Чубактын жол талашы”, “Кошой менен Жолойдун күрөшү”, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Эр Төштүктүн жер астына түшүп кетиши” кабыл алынган. “Манастын” мотивинде “Чолпонбай” дастаны жазылган. Мындан тышкары улуу манасчы Сагымбайдын төрт томдук “Манасы” боюнча 28 сааттык ар кандай маектер жаздырылып алынган. Алар кез-кези менен радиодон берилип келе жатат.

Уркаш манасчы гана эмес, өз үнү бар акын. Анын 1994-жылы жарык көргөн “Арча жыты” аттуу көлөмдүү ыр топтому, “Манас” эпосунун миң жылдыгына карата “Семетейдин” биринчи бөлүмү өзүнчө он эки басма табак көлөмүндө жарык көргөн.

Улуу манасчылардын чыйырын үзбөй улап келаткан Уркаш Мамбеталиевдин өнөрүнө жакынкы өлкөлөр менен бирге Япония, Кытай, Италия, Швеция, Пакистан, Ооганстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн көрүүчүлөрү да күбө болушуп, маашырлана кол чабышканы кыргыз эли үчүн зор сыймык, урмат.

Акын жана манасчы, таланттуу аткаруучунун алп бабаларынын арбагы үчүн жасаган кызматы коом тарабынан бааланып, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган. 1982-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Уркаш Мамбеталиев” Манас” эпосунда айтылган Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыранын этегинде төрөлгөн. Жаратылышы жагымдуу, Түп суусунун жээгиндеги жайлоолордо көчүп-конуп жүрүп, табыяттын керемет касиетинен таасирленип, анын ыр жазып, Манас айтып калышы бекеринен болбосо керек.

“Акыл оошот, ырыс жугушат” дегендей, өз апасы Катийпа айыл ичинде ырчы-жомокчу аталып, казак кызы болгондуктан, “Кыз Жибекти” обону менен келиштире айткан, үнү да аябай жагымдуу болгон. Өз атасы Мамбеталы Улуу Ата мекендик согушта курман болуп, чоң атасы Дүйшалынын колунда өскөн. Ал киши элдик дарыгер, санжырачы болгондуктан, “Манасты” кара сөз түрүндө бир топ бутактата айтчу экен. Уркаштын шыктануусуна сөзсүз алардын таасири тийсе, залкар манасчы Саякбайдан да бата алып калганы анын көзүн ачып, көрөңгөлүү талантына от тамызгы болгон.

Кыргыз эл артисти, акын, белгилүү манасчы Мамбеталиев Уркаш аба Саяк-бай атабыз жөнүндө мындай деп айткан экен: «Согуштан кийинки жылдарда манасчы Саякбай ата филармониянын артисттери менен биздин айылга барып калган эле. Залкар манасчынын сүрүнөн коркуп да, сүрдөп да жатып, акыры чымырканып, жаштыгым менен курчтугума таянып, Сагымбайдын мотивине салып, «Манасты» сыпатташын айтып берип, ал кишинин сыноосунан өткөн элем. «Баракелде, балам, буюрса сенден бирдеме чыкчудай. Кырк эрдин сүрү бар, бизге окшогон, «көкжалдардын» алдында калтаарып, өзүңдү жоготпой, тайманбай «Манасыңды» айтуунун өзү эле, Коңурбайды Алгаранын үстүнөн ыргыта сайгандай чоң эрдик эмеспи», — деп үй толтура олтургандарды дуу күлдүрдү. Бир топ накыл кептерин айтты. Анан чарадагы эттен чай чыныга чеңгелдей салып, ооз тийген соң: «Мендей манасчы болуп жүр, уулум», – деп өз колу менен шыбагасын сунду.

Кийин шаарга келип, окуп, иштеп жүргөндө ал кишиге жолугуп жүрдүм. Менин баамыма караганда ичи кенен, адамдарга жакшылык гана каалаган, ыктуу жерде жардамын аябаган, айкөл адам эле.

Бир күнү түш көрүп калдым. Азыркы Панфилов паркынын түндүк тарабында жайкы театр бар эле. Ошонун залынан концерт көрүп, көпчүлүк эл менен чыгып келе жаткан экенбиз. Алдыраак жакта чоң жазуучулар, жетекчи кызматкерлер, кыскасы залкар адамдар баратышкан, ортосунда Саякбай ата. Мен алардын артында ээрчип келаткан экенмин. Бир кезде Саякбай ата токтой калып, мага айтып калды: «Уркаш, калпагым менен таягымды отурган жерге унутуп калыптырмын, алып келе кал!».

Мен чуркаган бойдон залга кирип, калпак менен таякты таап кайра тарттым. Калпакты кийип көргүм келди. Башыма кийсем, чак келип калды. Аңгыча болбой ойгонуп кеттим.

Кудайга шүгүр Саякбай атамын батасы тийдиби, бүгүнкү күнгө чейин «Манас-ты» айтып келемин. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата «Семетейдин» биринчи бөлүмү өзүнчө он эки басма табак көлөмүндө жарык көрдү. Манасчылыктын аркасы менен калайык-калктын алкоосуна татыдым. Мурдагы СССРдин карамагындагы республикаларды айтпаганда да, Япония, Кытай, Италия, Швеция, Пакистан, Ооганстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө болуп, бабалардан бизге калган баалуу мурасы «Манасты» бүткүл дүйнө калкына жайылтууга азбы-көппү өз салымымды коштум».

Ал 2004-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Өзгөчө эгемендүүлүктү алган жылдардан баштап, республиканын аймагында өткөн майрамдар, мааракелер, майрамдык иш-чаралар У. Мамбеталиевдин катышуусунда өткөрүлүп келген. Анын айтуусундагы “Манас”, “Семетей” эпостору калайык-калктын катмарына терең жайылып, уккан адамдын уккусун улам-улам келтире берет. Өсүп келе жаткан жаштарды мекенчилдикке, эл-жерди сүйүүгө, баатырдыкка үндөйт. Кийин пенсияга чыкса да улгайдым деп жатып албай, “Манас эл” коомунун ишине активдүү катышып, кийинки өсүп келе жаткан жаштарга таалим-тарбиясын берип, устаттык кылып келген.

2010-жылы “Турар” басмасынан Уркаш Мамбеталиевдин өзүнүн вариантында “Семетей” эпосу жарык көрүп, көп жылдык мээнети жанып, кубанычы койнуна батпай, терең ыраазы болгон. Анын бул китебинде Семетей бабабыздын төрөлгөнүнөн баштап кайып болгонго чейинки окуялар өтө көркөмдүк менен баяндалат. Мындан сырткары ал 10 китептин автору.

Бактыбек МАКСҮТОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар