Токмок шаарында 19-20-декабрь күндөрү ПРООН менен биргеликте “Превеншн медиа” коомдук фонду “Кыргызстанда ок атуучу жана жеңил куралдарга көзөмөлдү күчөтүү” аталышындагы семинар өткөрдү. Ага Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, ИИМ, Коргоо министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү жана журналисттер катышты.
Криминалдык топтордун колуна өтүп кеткен куралдар кайтарылууда
Семинардын ачылышында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ок атуучу куралдарды көзөмөлдөө мамлекеттик гана милдет эмес, эл аралык милдет да экенин белгиледи.
“Курал-жарактарды өлкөдө кылмыштуу максатта колдонууга жол бербешибиз керек. Бүгүнкү семинарда биз ушул багытта пикир алмаштык. Биздин мамлекет биринчилерден болуп, БУУда бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча өзүбүздүн отчетубузду бердик.
ЮНИСЕФ уюму 2020-жылдан бери биз менен тыгыз кызматташып, Сирияда калып кеткен 800гө жакын эне жана баланы алты этап менен алып келдик. Учурда алар туугандарынын үйүндө жүрүп, балдары мектепке барып жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эгерде алынып келинген аялдардын ичинде Сириядагы кылмыш иштерине аралашканы аныктала турган болсо, сөзсүз жоопкерчиликке тартылат.
Курал-жарак, ок-дарыларды сактоочу кампаларды заманбап ыкмалар менен салышыбыз керек. Кээ бир кампалардын эскилиги жетип калды. Буюрса, бул багытта алгылыктуу иштер жүрүүдө”, – деди Марат Иманкулов.
Ал Кыргызстандагы бийлик алмашуудагы башаламандыктарда көптөгөн куралдар криминалдык топтордун колуна өтүп кеткенин, учурда аларды кайтаруу боюнча укук коргоо органдары активдүү иш жүргүзүп жатканын билдирди.
“Бүгүнкү семинар биз үчүн уникалдуу платформа болуп эсептелет. Ок атуучу куралдарды көзөмөлдөө жаатында жүрүп жаткан иштерди коомчулукка жеткирүүдөгү журналисттердин ролу чоң”, – деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
37 миң жаран куралды мыйзамдуу алган
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Динара Сарногоева курал-жарактарды сактоонун тартиби жөнүндө айтып берди.
“Курал-жарактар үйдө атайын сейфте сакталышы керек. Эгерде, куралдын ээси сактоо эрежелерин бузса, аларга атайын административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынат. Быйыл 14 миңге жакын жаранга сактоо эрежесин бузганы үчүн административдик протокол түзүлгөн”, – деди Д. Сарногоева.
Д.Сарногоева учурда 37 миң 100 кишиде 40 миңден ашуун мыйзамдуу курал бар экенин кошумчалады.
Курал-жаракка жоопкерчиликтүү мамиле кылалы
ИИМдин өкүлү Тимур Каунаш жарандарды өздөрүнүн наамына алынган курал-жаракка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
“Кыргызстанда 20 жаштан жогору жарандар куралды мыйзамдуу түрдө алса болот. Ал үчүн жаран бир катар документтерди топтошу керек. Эң негизгиси мурда соттолгон эмес, баңгизаттардан алыс болушу зарыл. Эгер жаран биринчи кабатта жашаса, милдеттүү түрдө терезелери темир тор менен тосулган болушу керек. Участкалык милиционерлер жылына эки ирет куралдын сакталышын текшерип турушат”, – деди.
Ал эми жарандар үйүндө мыйзамсыз сакталып турган курал-жарактарды өз каа-
лоосу менен укук коргоо органдарына өткөрүп берсе, ага эч кандай жоопкерчилик каралбай турганын айтты.
Электрондук форматка өткөрүлөт
Башкы прокуратуранын өкүлү Эркин Камалов Кыргызстандагы курал-жарактар буга чейин кагаз жүзүндө жазылып, эсептелинип келсе, эми аны электрондук форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
“Курал-жарактарды биз сырттан сатып алабыз. Ал Кыргызстандын чек арасынан өтүп, акыркы колдонуучуга жеткенге чейин бардыгы электрондук түрдө болот. Биз келечекте жарандардын курал алууга уруксат алуусу үчүн документтерди электрондук түрдө чогулта турган кылабыз”, – деди.
Таланган куралдар, эскирген кампалар
ИИМдин өүлү Сангуль Кожомбердиева 2010-жылкы апрель жана июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак уурдалганын билдирди.
“2019-жылга карата расмий маалымат боюнча ар кандай түрдөгү куралдардын жалпы кайтарылган саны 557 даана болду”, – деди. Жарандардан уурдалган куралдарды кайтаруу боюнча иштер тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбай турганын, бирок, УКМК, ИИМ тарабынан иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Коргоо министрлигинин өкүлү Баймурат Нурбаев курал-жарактарды сактоочу кампалар СССР убагында салынганын, учурда алардын эскилиги жетип, жаңы заманбап кампаларды куруу иштери жүрүп жатканын айтты.
Ал катышуучуларга кандай учурда ок дарылар, курал-жарактар жок кылына тургандыгы тууралуу катышуучуларга кеңири айтып берди.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”