whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

27-декабрда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу  Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбук баракчасынан билдирди. 

«Бүгүн элибиз үчүн тарыхый күн! Кытай–Кыргызстан–Өзбекстанды байланыштырган, андан ары дүйнөгө багыт алган темир жолдун курулушу башталат!
Кылым долбоору. Кыргызстандын келечеги», — деп жазган Орунбеков.

Эске салсак, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4млрд. 665 миң деп көрсөтүлүп, мунун жарымын Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берери айтылган.

Маалыматка ылайык, компанияда Кытайдын үлүшү 51%, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар