2024-жылдын 17-декабрында «Алтынкен» компаниясы Кемин районундагы адаттагыдай эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында салттуу кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Бул иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү боюнча бир айлыктын алкагында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Бул жолу Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын сунушу менен 105 үй-бүлөгө жардам берилди.
Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакиров «Алтынкен» компаниясы тарабынан өткөрүлүп жаткан кайрымдуулук акцияларынын маанилүүлүгүн белгилеп, Кемин районунун экономикасына кошкон чоң салымы үчүн компаниянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Чогулган тургундардын алдында аким «Алтынкен» компаниясы 2024-жылдын жыйынтыгы менен «Кемин районунун мыкты ишканасы» деп табылганын билдирди.
«Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Си Меюэ чогулгандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, компаниянын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн жергиликтүү бийликке жана калкка ыраазычылык билдирип, Кемин районунун калкы менен социалдык маселелерди чечүүдө мындан ары да кызматташууну убадалады.
Тактап айтканда, ал «Россияда, Африкада жана бул жактагы тоо-кен компанияларында көп жылдар бою иштеп жүрүп, жергиликтүү калктын колдоосу болбосо компания өнүкпөй турганына ынандым», – деп белгиледи.
Компаниянын жардамын алган тургундардын атынан мүмкүнчүлүгү чектелген баланын атасы Кекичев Турсунбек сөз сүйлөдү.
Ал «Алтынкен» компаниясынын жүргүзүп жаткан социалдык иштери жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга дайыма камкордук көрүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгын чыгарып жатып, ишкананын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл Токтобаев чогулгандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Жардамды тапшыруу учурунда катышкан Чоң-Кемин өрөөнүнүн Шабдан айылынын тургундарынын атынан Чоң-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Ж.С.Абылмажинова ишкананын жетекчилигине дайыма көңүл буруп, камкордук көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык сөзүн билдирди.
Ар бир үй-бүлөгө 50 кг ун, 10 литр өсүмдүк майы жана көмүр алуу үчүн 5000 сомдон берилди.
Компаниянын өкүлдөрү гуманитардык жардамды бардык айыл аймактарга жеткирип беришти.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”