Кечээ, 29-декабрда АКШнын 39-президенти, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Жимми Картер 100 жашында каза болду. Ал Американын лидерлеринин арасынан эң узак жашаган адам катары тарыхта калды.
Жимми Картер деңиз аскери болуп, кийин дыйканчылык менен алектенип жер жаңгак өстүрүп жүргөн жеринен штат губернаторлугуна шайланган.
1976-жылы Демократиялык партиядан аттанган Картер ошол кездеги президент Жеральд Фордду жеңген.