whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТышкы иштер министрлиги: жыйынтыктар жана пландар

Тышкы иштер министрлиги: жыйынтыктар жана пландар

30-декабрда Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынын өткөрдү.

Анда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин 2024-жылдагы негизги жана приоритеттүү багыттары кайсылар болгону, иш сапарлар, экономикалык дипломатия жана консулдук кызматтардын иштерине токтолуп, жалпы жыйынтыктар боюнча айтып берди.

Министр белгилегендей, салттуу өнөк-төштөр менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо, кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтык түзүү, ачыктыктын жана көп векторлуулуктун негизинде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана тышкы саясий позицияларын коргоо, чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо – дипломатиялык ишмердүүлүктүн негизги багыттары.

Ошондой эле 2024-жылы тышкы саясатта Борбордук Азия өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөөгө жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Азия, Европа жана Американын мамлекеттери менен байланыштарды кеңейтүүгө артыкчылык берилген.

Жогорку деңгээлдеги байланыштар

Жалпысынан Кыргызстандын Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Малайзия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея жана ЕБ менен стратегиялык жана өнөктөштүк мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу максатында Президент Садыр Жапаров — 25 расмий, мамлекеттик жана жумушчу иш сапарларында болгон. Бул сапарлар биздин өлкөнүн дип-ломатиялык алакаларынын деңгээли жогору экендигин көрсөтүп турат.

Аталган маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекет башчысынын деңгээлиндеги тышкы саясий иш-чаралардын ичинен маанилүүлөрүнө токтолду.

Мамлекеттик иш сапарлар: Азербайжан (24-25 – апрель) — эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга жана беш жылдык кызматташтык программасына кол коюлду. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 100 млн. долларга чейин көбөйтүлдү;

Өзбекстан (18-19 – июль)-Кыргыз-Өзбек бизнес – форумунун алкагында жалпы суммасы 206 млн. долларды түзгөн документтерге кол коюлду, алардын 142,6 млн. доллары – көмүр экспорттоо, айнек продукциясын өндүрүү, геологиялык чалгындоо жана көмүр кендерин иштетүү боюнча келишимдер, ал эми 64 млн доллары – айыл чарба продукцияларын, минералдык жер семирткичтерди жана курулуш материалдарын жеткирүү боюнча соода келишимдери.

Расмий иш сапарлар: Казакстан (18-19 – апрель) – союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, эки өлкөнүн жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму өткөрүлдү. Ошондой эле Кыргыз-Казак бизнес-форуму өтүп, анын жыйынтыгы боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлду;

Италия (3-4-октябрь) – эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, кыргыз жана италиялык ишкерлердин катышуусу менен бизнес-форум уюштурулду. Андан тышкары, Рим шаарында «Кыргызстан» аталган парктын ачылышы болду;

Австрия жана Германия (24-26 – ноябрь) – кыргыз-австрия жана кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Корея (2-4 – декабрь) – ар тараптуу өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле ар кандай чөйрөдөгү Өз ара келишимдерге коюлду;

Жумушчу сапарлар: Россия — көп тармактуу иш-чараларга катышуу менен байланышкан мамлекет башчысынын беш жумушчу сапары ишке ашты;

Бельгия (24-26 – июнь) — Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлду;

Нью-Йорк (21-24 – сентябрь) — БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясына катышуусу. Саммиттин жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын фонддорун, ошондой эле башка эл аралык каржы институттарын өнүктүрүү фонддорун толуктоого активдүү катышууга чакырды.

Азербайжан (11-13-ноябрь) – КОП-29 климаттык конференция дүйнө лидерлеринин саммитине катышуусу. Саммиттин жүрүшүндө президент глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү боюнча көз караштарды жана сунуштарды белгилөө менен Кыргызстандын тоого байланыштуу демилгелерин маалымдады.

Ал эми парламент аралык кызматташтык жаатында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 13 расмий жана жумушчу иш сапарга чыккан. Тышкы иштер министри алардын арасынан Венгрия, Улуу Британия, Кытай, Азербайжан, Австрия жана Монголияга жасалган сапарды баса белгилеп, аталган иш сапарларды  эл аралык деңгээлде Кыргызстандын  аброюн жогорулатуу үчүн өзгөчө маанилүү кадам деп баалайт.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан дагы бир катар расмий иш сапарлар уюштурулуп, өлкөнүн эл аралык байланыштары дагы кеңейген десек болот.

Эл аралык уюмдар жана бирикмелер менен кызматташтык

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдар жана регионалдык бирикмелер менен кызматташтыкта бир топ иш-чараларды жүзөгө ашырган. Бул алкакта өлкө жетекчилигинин ЕЭК, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТМУ, Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңеши иштелип чыккан.

Кыргызстанга Европа Комиссиясынын вице-президенти, ЕСтин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, ЕККУнун төрагасы, ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы, ЖККУ жана ТМУнун башкы катчылары, Аралды сактоо эл аралык фондунун аткаруучу комитетинин төрагасы жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери келген.

Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында вице-төрага кызмат ордуна, 2025-2027-жылдарга БУУнун аялдар боюнча структурасынын Аткаруу кеңешине жана 2025-2029-жылдарга Социалдык өнүгүү боюнча комиссияга мүчө болуп шайланды. Ошондой эле, Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүн улантууда.

Мындан сырткары, эл аралык финансы институттары менен кызматташтык жүргүзүп, 19 келишимге 938 млн. доллардан ашык суммага, 179 инвестициялык келишимге 3 млрд. 760 млн. долларга жана экспорт боюнча 82 келишимге кол койгон.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, «Кытай-Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана жашыл экономика, айыл чарба, туризм тармактарындагы долбоорлор бар. Жалпысынан, азыркы учурда 156 долбоор эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр

Ал эми, консулдук кызмат көрсөтүү жаатында 2024-жылы 850 000ден ашык консулдук кызмат көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында, Сириянын түндүк-чыгыш аймактарынан 121 Кыргызстандын жараны: 36 аял, 85 бала кайтарылып алынган.

«Жардам сураган жарандардын баары Сириядан кайтарылган. Учурда ал жакта Кыргызстандын жарандары бар экендиги тууралуу башка маалымат жок. Учурда биз тактоо иштерин жүргүзүүдөбүз, ага ылайык бир топ маалыматтар бар. Бир эле биздин жарандар эмес, коңшу мамлекеттердин же Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары да бар. Алар Кыргыз Республикасынын жараны деп жатышат, бирок текшерилгенден кийин биздин өлкөнүн жарандары эмес болуп чыгууда, бул иштерди 2025-жылы дагы улантабыз”, – деди Кулубаев.

Ошондой эле, куралдуу кагылышуу аймактарынан 4 кыргызстандык 18 тууганы менен кошо эвакуацияланган.

Кыргызстандык консулдар АКШнын 12 штатына барып, 13 кыргызстандык баланы багып алган чет өлкөлүк ата-энелер менен жолугушкан.

Азыркы учурда 116 кыргызстандык жаран түрмөдөн өз өлкөсүнө кайтарылган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, 2025-жылы Кыргызстан тышкы саясатта салттуу жана стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты тереңдетүүгө, чектеш мамлекеттер менен коңшулук мамилелерин бекемдөөгө, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоого, региондук кызматташтыкты чыңдоого жана көп векторлуу тышкы саясатты улантууга басым жасалат.

Ошондой эле министр өз сөзүндө Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен дайыма алакаларды түзүп, саясий диалог түзгөнгө аракет кыларын айтып: “Андан тышкары биз үчүн приоритеттүү болгон Азия, Европа, Араб мамлекеттери менен кызматташтыгыбызды кийинки жылы мындан да жогорку деңгээлге өнүктүрүүгө аракет кылабыз”, – деди.

Жыйындын соңунда Тышкы иштер министри 2025-жылдын январь айына чоң мамлекеттерге визиттер даярдалып жатканын айтып, журналисттер менен мурдагыдан дагы тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

“Демократиялык багытыбыздан артка кайтпайбыз”

Кайсы бир себептер менен тышка чыгып кеткен кээ бир журналисттерди бетке кармап, айрым чет өлкөлүк уюмдар адам укуктары боюнча биздин мамлекетти сындаганын мисал кылып, “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы министрликтин эл аралык уюмдар менен демократиялык баалуулуктарды сактоо чөйрөсүндө кызматташуусу тууралуу суроосуна тышкы иштер министри Кулубаев так жана жеткиликтүү жооп берди.

Министр демократиялык баалуулуктарды сактоо, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар жана бардык тиешелүү субъекттер менен кызматташып келгенин жана мындан ары да тыгыз кызматташарын билдирди.

“Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунан артка чегинбейт. ªзүңүздөр жакшы билгендей, биздин өлкөдө демократиялык процесстер артка кайтпайт. Ал эми тышка чыгып кеткен жарандар болсо, бул алардын өзүнүн эрки. Кыргызстан сөз эркиндигин урматтаган өлкө. Ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу. Бирок айтылган сөз башка бирөөнү маскаралабаш керек, мамлекетибиздин коопсуздугуна шек келтирбеши зарыл. Жарандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо биздин приоритет. Биз, биздин элчиликтер, атайын өкүлдөр бул багытта тынымсыз иштеп, бардык эл аралык уюмдарда өлкөбүздүн саясатын түшүндүрүп, айтып жатышат. Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин, эл аралык уюмдардын жоопкерчиликтүү мүчөсү”.

Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар