Израиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Катардын премьер-министри Мохаммед Аль Тани маалымат жыйынында билдирди. Бул өлкө сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон, деп жазат Meduza.
Согуштук аракеттер 19-январда токтойт. Биринчи этапта ок чыгарбоо 42 күнгө созулат.
Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиналык туткундар этап-этабы менен бошотулат. Израилдин аскерлери Газа тилкесинин калк жыш жайгашкан аймактарын акырындап таштап, чек араларына чегинишет.