whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБайсалов Бишкектеги Лениндин эстелиги ордунда каларын билдирди

Байсалов Бишкектеги Лениндин эстелиги ордунда каларын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстилиги ордунда каларын билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн эстеликти алуу тууралуу планы жок.

«Ала-Тоо аянтындагы В.И. Лениндин эстилигинин макамы 2000-жылы мыйзам менен аныкталган. Мындан улам ал башка бетке (Тарых музейинин алдынан артына — ред.) көчүрүлгөн. Айтмакчы, Лениндин эстелигин алууга Турдакун Усубалиев биринчи болуп каршы чыккан. Биз жаңы мамлекет куруп жатабыз, жакшы нерсени унутпай, жаман нерседен сабак алуудабыз. Аталган маселени демилгелөө боюнча министрлер кабинетинин планы жок», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги Тарых музейинин аркасындагы Владимир Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштаган. 16-январдагы жыйында депутат Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбөөгө чакырган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар