Бүгүн Бишкекте темир жолду борбордон сыртка чыгаруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Иш-чараны шаар мэри Айбек Жунушалиев алып барды.
Жолугушууда топтун мүчөлөрү Кыргызстандагы China Road And Bridge Corporation компаниясынын баяндамасын угуп, көчүрүүнү ишке ашыруу жолдорун карашты.
Аталган компания темир жолду жылдыруунун бир нече варианттарын көрсөтүштү.
Айбек Жунушалиев аларды изилдеп, долбоорду ишке ашыруунун планын даярдоону тапшырды.
Буга чейин мэрия темир жолду Түндүк айланма жолго параллелдүү өткөрүү вариантын жактырып жатканы маалымдалган.