whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
17.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Күн мурун саат 18:30да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 баллга жеткен.

Жер титирөө Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айыдынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашып, силкинүүнүн күчү Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар