whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек

Тарыхый окуялар

 

Негизги окуяларДоору
Түптөгү кулактардын козголоңу.1919-жыл
Куршаб, Базар-Коргон, Көгарт болуштуктарындагы кулактардын козголоңу.1919-жыл, сентябрь
Нарын уездиндеги ак гвардиячыл кулактардын козголоңу.1920-жылы, 5-ноябрь
Өз алдынча Тоолуу кыргыз облусун түзүү аракети. Түндүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы.1921-22-жылдар
Тоолуу Кыргыз облусун уюштуруу курултайынын таркатылышы.1922-жыл, 4-июнь
Кара Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө ББАКтын токтому.1924-жыл, 14-октябрь
«Эркин Тоо» гезитинин чыга башташы.1924-жыл, 7-ноябрь
Кыргыз автономиялык облусунун убактылуу админис-тративдик структурасы – 4 округдун уюшулушу (Пишпек, Каракол, Жалал-Абад, Ош).1924-жыл, декабрь
Кара Кыргыз АОнун Кыргыз АО деп аталышы.1925-жыл, май
Кыргыз автономиялык Республикасын түзүү жөнүндө ББАКтын чечими.1926-жыл, 1-февраль
Кыргыз АССРинин уюштуруу курултайы.1927-жыл, 7-март
Түштүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы.1927-28-жылдар
Кыргыз АССР Советтеринин 2-курултайында республиканын биринчи Конституциясынын кабыл алынышы.1929-жыл, 30-апрель
Кыргыз драма театрынын ачылышы. Республиканын райондук жана шаардык бөлүштүрүүгө өтүшү.1930-жылы
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун уюшулушу.1933-жылы
Кыргыз мамлекеттик зооветеринария институтунун уюшулушу.1933-жылы
Кыргызстан жазуучуларынын курултайы.1934-жылы
Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунун уюшулушу.1935-жылы
Кыргыз ССРинин түзүлүшү. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын уюшулушу.1936-жылы
Кыргызстан Советтеринин чукул чакырылган 5-курултайында Кыргыз ССРнин Конституциясынын кабыл алынышы.1937-жыл, 23-март
Сталиндик репрессиянын жүрүшү.1937-38-жылдар
Биринчи жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине шайлоолордун өтүшү. А. Толубаевдин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы болуп шайланышы.1938-жылы
Москвадагы Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгү.1939-жылы
Ири сугат курулуштарынын кулач жайышы.1939-40-жылдар
Латын алфавитинен орус алфавитине өтүү.1940-жылы
Чоң Чүй каналынын курула башташы.1940-жыл, 10-май
Улуу Ата Мекендик согуштун мезгили.22-июнь, 1941-жыл,
9-май, 1945-жыл
28 баатыр панфиловчулардын Москванын алдындагы эрдиги.1941-жыл, 16-ноябрь
Кубат Жуматаев, Чолпонбай Түлөбердиев, Күмөн Болотов, Дайыр Асановдун ж.б. эрдиктери.1942-43-жылдары
Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын түзүлүшү.1942-жыл, август
СССР ИАнын Кыргыз филиалынын ачылышы.1943-жылы
Быстровка – Рыбачье темир жолунун пайдаланууга берили-ши. Колхоздорду ирилештирүү.1950-жылы
 «Манас» эпосуна арналган илимий конференция.1952-жылы
Кыргыз ИАнын ачылышы.1954-жылы
Орто-Токой суу сактагычынын курулушунун аякташы.1955-жылы
Эки томдуу Кыргызстандын тарыхынын жарык көрүшү.1956-жылы
Айыл чарбасын өнүктүрүүсүндөгү ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы.1957-жылы
Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвадагы экинчи он күндүгү.1958-жылы
Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы. Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын берилиши.1963-жылы
Чарбалык турмуштагы жана маданий курулуштагы ийгиликтери үчүн Ош облусунун Ленин ордени менен сыйланышы.1966-жылы, октябрь
Искусство институнун ачылышы.1976-жылы
Кыргыз ССРинин Эл Достугу ордени менен сыйланышы.1973-жылы, декабрь
Кыргыз ССРинин Октябрь Революциясы ордени менен сыйланышы.1973-жылы, октябрь
Токтогул ГЭСинин толук кубаттуулукта ишке кириши.1979-жылы
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынышы.1989-жыл, 23-сентябрь
Ош окуялары.1990-жыл, 4-июнь
Жогорку Кеңеште А. Акаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы.1990-жыл, 27-октябрь
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны Жогорку Кеңештин кабыл алышы.1990-жыл, 15-декабрь
Фрунзе шаарына Бишкек деген баштапкы аты кайтарылып берилген1991-жыл, 5-февраль
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө» Декларациянын кабыл алынышы.1991-жыл, 31-август
Алгачкы жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин Кыргыз Республикасыны Президенти болуп шайланышы.1991-жыл, 12-октябрь
Кыргыз Республикасынын Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болушу.1991-жыл, 21-декабрь
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынышы.1992-жыл, 2-март
Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк 1-курултайы.1992-жыл, 30-31-август
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы.1992-жыл, 5-май
Улуттук валюта – сомдун ишке киргизилиши.1993-жыл, 10-май
Кыргызстан элинин 1-курултайы, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлүшү.1994-жыл, 21-23-январь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор.1995-жыл, 5-февраль
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө.1995-жыл, 26-30-август
Жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин экинчи мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы.1995-жыл, 24-декабрь
Кыргызстан элинин 2-курултайы.1996-жыл, февраль
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюу.1997-жыл, январь
Кыргызстандык Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын экипажында (Спейс-шатл) космоско учкан.1998-жыл, 22-январь
Кыргызстандын космонавты С.Шариповго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.1998-жыл 6-апрель
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамды кабыл алуу боюнча Референдум. Ал референдум боюнча жерге жеке менчик киргизилген.1998-жыл, 17-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз
Республикасынын «Жер жөнүндөгү кодекси», «Кооперация жөнүндөгү», «Дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдары кабыл алынган.
1999-жыл, май
Баткен аймагына (Зардалы) диний-экстремист жоочулардын тобу кол салып, чек аранын коопсуздугуна коркунуч туудурган.1999-жыл, август
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев Баткен облусун түзүү жөнүндөгү Мыйзамга кол койгон.1999-жыл, 13-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешине шайлоолор өткөн.2000-жыл, 20-февраль
Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси.2000-жыл, 4-5-октябрь
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп, А.Акаев кайрадан шайланган.2000-жыл, 29-октябрь
«Жер кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мораторий жөнүндөгү берене алынып ташталган.2000-жыл, декабрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган.2000-жыл, 26-декабрь
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев кыргызстандык илимий ишмерлерге «ХХ кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн» наамындагы 20 ардактуу алтын медаль тапшыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон.2001-жыл, 29-май
Шанхай бешилтигине кирген мамлекеттердин жыйыны. «Шанхай форуму» «Шанхай кызматташтык уюму» болуп кайра түзүлгөн.2001-жыл, 14-15-июнь
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгы.2001-жыл, 31-август
Жалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси өткөн.2001-жыл, октябрь
Аксы окуялары.2002-жыл, 17-18-март
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясында Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү резолюциясы кабыл алынган.2002-жыл, 20-декабрь
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция.2003-жыл, 15-16-май
Бишкек шаарынын 125 жылдыгы.2003-жыл, 11-14-июнь

(Уландысы бар)

         “Кыргыздын 100 керемети” китебинен

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар