Мезгилдин өзгөрүшүнө, замандын агымына жараша коомубуздагы терс көрүнүштөр, окуялар жаңыча аталыш, түшүнүктөр менен жайыла баштады. Айталы, бүгүнкү күндө “буллинг” деген түшүнүк кеңири тарап баратат. Көрсө, буллинг бул – бир же бир нече баланын башка бир балага дайыма үстөмдүк кылуусу, коркутуусу, шылдыңдоосу, басынтуусу же болбосо физикалык жана эмоционалдык зомбулук көрсөтүүсү болуп эсептелет экен. Бул боюнча төмөндө тиешелүү адистер менен баарлаштык.
“Буллингдин кесепети эмнеге алып келээрин биле бербейбиз”
“Буллинг көп учурда балалык чыр-чатак, талаш-тартыш катары бааланып, көңүл бөлүнбөгөнү менен мунун кесепети айрым учурларда суицидге чейин алып келүүсү мүмкүн”, – деп баштады сөзүн Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун психологу Арууке УЛАНБЕК кызы:
– Буллинг – бул коомдогу агрессиянын жалпы деңгээли, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын кесепети, эмоционалдык маданияттын төмөндүгү жана балдардын психикалык саламаттыгына көңүл бурбоо сыяктуу факторлордун кесепети десек болот.
Буллинг – бул зордук-зомбулуктун бир түрү. Буллингге адамдын психикасы жашына, мүнөзүнө, жакындарынын колдоосуна жана башка факторлорго жараша ар кандай жооп берет. Зордук-зомбулуктун бул түрү – социалдык фобия, өзүнө болгон ишенимди жоготуу, тынчсыздануу, депрессия, ал тургай суицидге чейин жеткире турган эмоционалдык жана психологиялык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Айрым учурларда, ал травмадан кийинки оор стресстик абалды (PTSD) пайда кылат. Мында, адам канчалык эстебөөгө аракет кылса да эсине түшө берген жагымсыз окуялардан тынчсызданып, эмоционалдык чарчоого кабылат. Башкача айтканда, буллинг адамдын психикасында терең эмоционалдык так калтырат.
Бала психикалык жана эмоционалдык жактан толук калыптана элек болгондуктан, буллингдин кесепети эмнеге алып келерин биле бербейт. Андыктан, мектептердеги буллингдин алдын алууда, ар бир бала өзүн корголгон жана кадырланган адам катары сезип, коопсуз чөйрөдө өсүүсү үчүн мугалим, ата-эне жана коом биргелешип иш алып баруусу кажет.
Адистер буллинг негизинен төрт түрдүү боло турганын айтышты. Алар:
- Физикалык буллинг: кол салуу, чабуу, тебүү, уурдоо жана жеке менчикти бузуу.
- Вербалдык буллинг: кемсинтүү, коркутуу, шылдыңдоо, ат коюу жана басынтуу.
- Эмоционалдык буллинг: манипуляция, коркутуу, ал жөнүндө ушак таратуу жана топтон бөлүп салуу.
- Кибербуллинг: интернет аркылуу кемсинтүү, коркутуу, жагымсыз билдирүүлөрдү жана сүрөттөрдү таратуу.
“Мугалим, ата-эне чогуу иш алып баруусу абзел”
Ал эми Бишкек шаарындагы Ж.Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эсенбек ЗАРИПБЕКОВ сабактан көп кала баштаган балдардын көйгөйү буллингге барып такаларын айтат.
– Ар бир эле мектепте буллингге кабылган балдар болот. Мурун бул көрүнүш 7-8-класстарда көбүрөөк болсо, азыр 4-5-класстардан эле байкалып жатат. Мектептердеги буллингде балдар акча талап кылып, ар кандай шарттарды коюп, алар аткарылбаса баланы шылдыңдап, кемсинтип, бөлүп, кодулашат. Буллингге кабылган балдар муну жашырып, ачык айта беришпейт. Мындай учурда мугалим окуучунун көзүнөн, жүрүм-турумунан эле анда көйгөй болуп жатканын билсе болот. Буллингге кабылган бала биринчи кезекте катышынан аксай баштайт. Кысым көрсөткөн балдардан качып, сабактарын калтырат. Айрым учурда, бала ата-энесине мектепке кеттим деп коюп, башка жактарда эле жүрүп, үйүнө кайтат. Андай бала менен жакындан сүйлөшсөң, көйгөйү буллинг экенин түшүнөсүң. Мындай учурда мугалимдер дароо ата-энелер менен байланышып, чогуу иш алып баруусу абзел. Кээ бир балдар ата-энесине себебин айтпай туруп, мектепке барбайм, башка класска же мектепке которулам деп айтуусу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, ал балага ата-эне да, мугалим да басым жасабай, аяр мамиле менен маселени чечкени туура. Жеке биздин мектепте андай учурлар таптакыр жок эмес, бирок аз. Болушунча бул боюнча балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бири-бирин сыйлоого үндөп келебиз.
“Балдар ачык айтып, жардам сурашпайт”
Мектептердеги буллингдин так санын аныктоого мүмкүн эмес. Себеби, кээ бир учурда, бала буллингге кабылып жатканын өзү түшүнө бербеши мүмкүн. Ошондуктан, бул кырдаалды көзөмөлдөп, баа берүүдө мугалимдердин жардамы чоң. Бирок, өкүнүчтүүсү, айрым учурларда мугалимдер өздөрү буллингге жол ачуусу мүмкүн.
– Тилекке каршы, мектептердеги буллингдин масштабын аныктоо кыйын. Андыктан, биз басмырлоо боюнча катталган фактылардын санына эмес, психологиялык жардамга кайрылуу фактыларына гана таянып айта алабыз. Себеби, мектептерде мугалимдер дайыма эле буллингге өз учурунда чара көрө бербейт. Ал түгүл, кээ бир учурларда мугалим бүт класстын алдында бир окуучуну басынтуу менен өздөрү буллингге себеп болуп калат. Анын үстүнө көп учурда зомбулукка кабылган балдар чоңдордун ишенбей коюшунан коркуп, ачык айтып жардам сурашпайт. Ушундан улам көптөгөн буллинг фактылары көмүскөдө калып кетет.
Буллингдин алдын алуу кыйын, бирок санын кыскартууга болот. Ал үчүн мугалимдердин, соцпедагогдордун компетенттүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Мугалимдер буллингдин алгачкы белгилерин таанып, окуучулардын ортосундагы чыр-чатакка туура чара көрүп, алардын бири-бири менен сый мамиледе болуусуна өбөлгө түзүүсү кажет. Буга буллинг, конфликт боюнча тренинг, семинарлар натыйжалуу курал боло алат. Психолог, социалдык кызматкерлер балдарга кыйын кырдаалдан кантип чыгууну гана үйрөтпөстөн, аларды эмпатияга, кызматташууга жана бири-бирин сыйлоого үйрөтүүсү керек. Негизи буллинг менен күрөшүүдө мектеп эле эмес, ата-энелер, атайын адистер жана жалпы коомчулук бирге аракет кылганы жакшы натыйжа берет, – дейт психолог Арууке УЛАНБЕК кызы.
“Укук бузган балдардын ата-энелерине чара көрүлөт”
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын майору Нургуль ЫСАКОВА буллинг боюнча атайын берене жоктугун жана укук бузган балдардын ата-энелерине чара көрүлөрүн айтты:
– Буллингге кабылган балдар жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине кайрыла алышат. Буллингдин алдын алуу максатында биз, билим берүү департаменти менен биргеликте атайын адистештирилген психологдордун катышуусу менен окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Аны менен катар зомбулукка, буллингге, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукка каршы профилактикалык лекцияларды уюштуруп, атайын тасмаларды көрсөтүп келебиз. Буллинг боюнча атайын берене жок, бирок, КР мыйзамдарына ылайык, укук бузган балдардын ата-энелерине чара көрүлөт.
“Ата-энелер атайын органдарга жеткирбей эле бүтүрүп коюшат”
Буллинг боюнча кылмыш жазасы каралбагандыктан, бул бейбаштыкка чара көрүп же алдын алууда кыйындык жараларын жана көп учурда буллингге кырдаал оорлошуп кеткенде гана көңүл буруларын айтат психолог Арууке УЛАНБЕК кызы:
– Тилекке каршы укук коргоо органдары качан гана рэкетчилик же опузалоо сыяктуу олуттуу кылмыштарга айланганда гана көңүл бурушат. Буллинг фактысы катталган учурда буллерлерди жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери каттоого алып, алар менен иш алып барса болот. Бирок, көпчүлүк учурда, мектептерде буллинг же киберкуугунтук фактысы катталганда мугалимдер жана ата-энелер атайын органдарга жеткирбей эле бүтүрүп коюшат. Албетте, жашы жете элек балдарга жаза колдонуу – эффективдүү эмес ыкма. Себеби, зомбулук зомбулукту гана жаратат.
Өткөн жыл ичинде зордук-зомбулуктан жана ырайым-сыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборуна буллинг боюнча кайрылгандардын саны 15ке жеткен. Бирок, башка көйгөй менен кайрылып, алар менен иштешүүнүн натыйжасында буллингге кабылганы ачыкка чыккан учурлар андан көп.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”