Мамлекеттин пайдубалы үй-бүлө. Ынтымакта жашаган бактылуу ар бир үй-бүлө мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы, таянычы. Өкүнүчтүүсү, үй-бүлөдөн ырк кетсе, жеке адамдардын тагдырына гана эмес, жалпы эле коомчулукка, мамлекеттин беделине таасир эткен жагдайлар түзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда ар бир үй-бүлө өзүнчө мамлекет. Сыртка чыгарбай турган сырлары бар. Бирок, шибегени капка ката албайсың. Үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр, кол көтөрүү, басынтуулар, бүгүнкү тил менен айтканда физикалык-психологиялык зомбулук, коомчулукту ойлонтууга аргасыз кылган маселелерден болуп калды. Себеп дегенде үй-бүлөлөрдөгү ажырашуулардын, атүгүл ачууга алдырып же атайылап кылмышка баруунун булагы ушул жактан чыгууда. Бул өңүттөгү коомчулукту ызы-чууга салган, соттук териштирүүлөргө, акыры барып түрмө менен бүткөн мисалдар да жетишерлик.
Психологдордун айтымында, мындай көрүнүш адамдарга байкалбаганы, аныктоо кыйын турганы менен адамдын ички дүйнөсүнө терс таасир берип, өзүн-өзү жек көрүү, депрессия, стресстин жогорулашы сыяктуу терс сезимдерди пайда кылат. Төмөндө ушул жагдайдын себептерин иликтөөгө аракет кылдык.
«8 жыл өзүмдү жек көрүп жашадым”
Бир нече илимий изилдөөлөр үй-бүлөдөгү психологиялык зордук-зомбулук физикалык зордук-зомбулукка караганда көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат деп билдиришкен. Ошол эле учурда зомбулуктун бардык түрү бирдей коркунучтуу экенин баамдабаган, физикалык зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталган учурда дагы “өзү күнөөлүү болуш керек”, “айтышпай эле койбойт беле”, “эми анча-мынча уруп коюптур, боло берет” сыяктуу пикирлерди айткан коомдо психологиялык зомбулукка жол берилбеши керектигин түшүндүрүү аныгында эле кыйынга турат.
2022-жылы Улуттук статистика комитети “БУУ-Аялдар” уюмунун колдоосу менен жарыялаган “Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттары жана гендер” деген баяндамада үй-бүлөдөгү зомбулукта жабыркагандардын 96%ы аялдар экени жазылган. Бул көрсөткүч психологиялык зордук-зомбулукка көбүнчө аялдар кабыларын билдирет.
Кымбат (аты өзгөртүлдү) аттуу айымдын окуясы бул көйгөйдүн курчтугун көрсөтөт. Ал өзүнүн абалы жөнүндө сөз кылып, “8 жыл өзүмдү жек көрүп жашадым. Бардык күнөөнү өзүмдөн издей берчүмүн. Балким мен жаман аял болуп жатам, бир жерден ката кетирдим, сулуу болбой калдым… Иши кылып ушуга чейин күйөөмдү актаганга болушунча аракет кылдым. Азыр ойлоп көрсөм, баары биринчи жылдан эле башталыптыр”, – деп билдирди.
Кымбаттын айтымында, күйөөсү менен баш кошкон алгачкы жылдары өзүнүн психологиялык зомбулук көрүп жатканын деле билген эмес.
“Башында кадимки ар бир үй-бүлөдө боло берчү уруш го деп ойлочумун. Курбуларың менен сүйлөшпөөдөн баштап, өзүмдүн ата-энем менен дагы сүйлөштүрбөй калган. Капаста жашап жүргөндөй болчумун. Ансыз да декретте үйдө отурасың. Болбой эле катуу көзөмөл кылчу. Баламдын көзүнчө жаман сөздөр менен кемсинтчү. Кээде эмес, дайыма. Бала кичинекей болсо да баарын түшүнөт да”.
Каарманыбыздын жообунан кийин “Психологиялык зордук-зомбулукту катардагы уруш-талаштардан кантип айырмалайбыз” – деген суроо туулат. Бул боюнча психолог Айзада Космосбек түшүндүрүп берди:
“Казан аяк кагышат, эрди катын урушат” демекчи, ооба үй-бүлөдө мындай нерселер болуп турат. Бирок, катардагы уруштан психологиялык зомбулуктун айырмасы: келбетине, жөндөмдүүлүгүнө, жекелигине, тегине, туугандарына ж.б. жактарына асылуу, кемсинтүү, салыштыруу, айыптоо, басынтуу, чектөө, коркутуу, башкаруу, атайын сүйлөбөй жазалоо болот. Мисал катары бир окуяны алып, эки жактан карап көрөлү. “Кечиккениң үчүн жиним келип жатат. Кечигип атканыңды айтып койсоң жакшы болмок, мага күткөн жакпайт” бул жөн гана уруш, мында факты жүзүндө себептер айтылып жатат.
Ал эми “Былжырап, дагы кайда жүрдүң? Колуңдан эч нерсе келбейт, жадагалса убакыт саатында дагы келе албайсың. Качан болсо жүдөп-какап, кечигип жүрөсүң” мында басынтуу, айыптоо, үстөмдүктү байкасак болот, демек бул психологиялык зомбулук”.
Кымбат күйөөсүнүн мамилеси оңолбой, тескеринче начарлап баратканын байкагандан кийин жакындарынан колдоо издеген. Бирок алар: “Башкалардын эрлери сабайт, ичет, тентип кетет. Аял болгондон кийин акылга салып, алдап жашай бер. Өзүңдөн кетип жатат да”, – деген.
“Сулуу бол, акылдуу бол, күйөөңө колдоо көрсөт”
Кымбаттын айтуусуна караганда, ал ансыз деле өзүн жакшы аял боло албай жаткандай сезип жүргөн, күнөөнү өзүнөн издеген. Жакындарынын жообун болсо уктук. Негизинен коомдо аялдарга “сулуу бол, акылдуу бол, күйөөңө колдоо көрсөт, туугандарына жак” сыяктуу толтура талаптардын жогору болгону байкалат. Ал эми эркектерге “эми эркек да”, “сабабаса, ичпесе болду” деген көз караш.
“Коомдо аялдарга талаптын жогору болгону өткөн замандагы жашоо шарт менен байланыштуу го деп ойлойм. Тарыхка кайрылып көрсөк, аялдар өз алдынча акча табуу, иштөө мүмүнчүлүктөрү жок болгон. Ушундан улам аялдын башын эркекке байлап келишкен. Мисалы, жесир калган аялды кайнисине же кайнагасына алып берип, эркекке оокат ашын камсыз кылуу, коргоо милдети жүктөлгөн. Азыр кара курсакты камсыз кылуу жетиштүү эмес. Андыктан жакшы күйөө болом десе, өзүн ар тараптуу өнүктүрүү абзел. Аялга келсек, эң маанилүүсү анын өмүрү, ден соолугу. Андыктан анын бейкутчулугу, коопсуздугу “эл эмне дейттен” биринчи орунда болушу керек” – деди Айзада Космосбек.
Кымбаттын айтымында, психологиялык зомбулук үй ичиндеги маанайга гана эмес, анын иш жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына дагы алып келген.
“Декреттен кийин жумушка чыгып иштеп жүрдүм. Банкта кредит бөлүмүндө адисмин. Ал жакта көп сүйлөш керек болот. Кадимкидей мүнөзүм өзгөрүп, чүнчүп, көп ката кетире баштагам. Эч ким деле мага жумуштан кет деген жок, мен өзүмө канааттанбай чыгып кеткем”, – деди.
“Кемсинткен бирөөнүн бар экенин билип жашоо оор”
Албетте Айдай менен сүйлөшүп жатып, күйөөсү жөнүндө да билгим келди.
“Баш кошконго чейин 2 жыл сүйлөштүк. Экөөбүз үй-бүлө жөнүндө көп талкуулачубуз. Оюбуз бирдей чыкчу. Ал деле жогорку билимдүү, тарбиялуу эле адам. Такыр ушундай болорун ойлобоптурмун. Азыр деле эмнеге ажыраштыңыз эле деп сурагандар болот, аларга себебин айтсам, мени обу жок, сабыры жоктой көрүшкөнү билинет. Эч бир кыргыз айымы болбогон нерсе үчүн ажырашпайт. Бизде бойдок аялдар жөнүндө
коом кандай көз карашта экени маалым да. Мен деле жеткен чегине жеткенде, башка жол көрбөй калганда баламдын саламаттыгы үчүн ажырашууга бардым. Менин оюмча, жылдар бою сени тынымсыз көзөмөлдөгөн, кемсинткен бирөөнүн бар экенин билип жашаган абдан оор. Ал сен ишенген, сүйгөн адамың болгону андан да өкүнүчтүү. Бирок мен эң негизгиси ошол тордон чыга алдым”, – дейт каарманыбыз.
Психолог Айзада Космосбектин айтымында, адамдын билими же коомдогу абалы анын зомбулук көрсөтпөшүнө кепилдик боло албайт.
“Кандай адам психологиялык зомбулук көрсөтөт деген сурооңузга жооп издей турган болсок, эмоциясын, өзүн кармай албай же ачууга алдырып муштумун түйө чыга келет.
– башка адамдарды жамандап, кемсинтип, өзүндөгү болбой калган нерселер үчүн дайыма өзгөлөрдү айыптап, өзүнө жоопкерчилик албаса демек келечекте сизди дагы айыптап, басынтышы ыктымал;
– “бул курбуң менен катташпай эле койчу, тиги тууганыңдыкына барбай эле койчу” деген сыяктуу чектөө, көзөмөл кылат;
– жан дүйнөсүндө келишпестик көп болуп, ички туруктуулук, коопсуздук аз болгондуктан көп учурда шектенип, кызганып, ишеним көрсөтө албайт;
– өзүнүн өздүк баасы төмөн болгон үчун башкаларды басынтуу, кемсинтүү аркылуу өзүнүн өздүк баасын көтөрөт”.
“Психологиялык зомбулук адамды чүнчүтүп жиберет”
Ал эми психологиялык зомбулуктун курмандыктарынын абалы боюнча: “Психологиялык зомбулукка кабылганда адам чүнчүп, жабылып калат. Дайыма корунуп, актануу же өзүн бардык нерсеге күнөөлөө, уялуу сезимдери менен жашайт. Өздүк баасы түшүп, өзүн колунан эч нерсе келбеген алсыз адам сезет. Психологиялык зомбулукта жашоо менталдык эле эмес, физикалык ден соолугуна дагы таасир этип, ооруга чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулатат. Эң өкүнүчтүүсү, психологиялык зомбулуктан улам суицидке барган учурлар дагы бар” – дейт психолог.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы медиалар зордук-зомбулук темаларын дайыма чагылдырып, коомдук пикирди өзгөртүүгө салым кошуп келишет. Ошондой эле укук коргоо органдары бул багыттагы кылмыштуулукту алдын алуу жаатында тынымсыз иш алып барышууда.
Көпчүлүк бул багыттагы коомдук аң-сезимди өзгөртүүгө аракеттер күчөтүлсө, зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасы күчөтүлсө, үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулуктун алдын алууга жетишүүгө мүмкүн деген пикирде. Андыктан “айтылганы менен майнап жок” деп артка кетпей, узак мөөнөттүү, бирдиктүү аракет керек экендигин унутпасак. Бул боюнча коомчулукту да талкууга чакырабыз.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”