Мээрим Жуманазарова дегенде – ар бир кыргызстандык жана дүйнөлүк күрөш күйөрмандары маңдайы жарык, жылдыздуу, жүзүнөн жылмаюу кетпеген, атына заты жарашып, мээрими төгүлгөн атактуу балбан кызды элестетип калды.
Ал сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Мээримдин алгачкы устаты атасы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Рахмадил (Дүйшөн) Жуманазаров. Апасы Айнура Чолпонкулова айылда, кесиби фельдшерлаборант.
Атасынын өз аты Рахмадил. Бирок эл аны Дүйшөн агай деп тааныйт, 45 жылдан бери машыктыруучу болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Мээрим күрөшкө 11 жашында келип, 9-классына чейин атасынын колунда машыккан. Кичинекей кезинде бир ордунда турбаган шамдагай, шок, тентек кыз болуп чоңойгон. 9-классында гана токтолуп, созолонгон кыз болуп чыга келет.
Мээримдин мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөйт, калп айтканды, мактанганды жаман көрөт. Ачуусу келгенде оттон, суудан кайра тартпай бетке айткан мүнөзү бар. Атасы менен күрөш, спорт тууралуу сүйлөшсө, апасы менен башка турмуштук темада сырдашат.
Мээримдин Азия, Дүйнө чемпионаттарындагы, Азия оюндарындагы жана эл аралык мелдештердеги спорттук ийгиликтери, жеңиштери тууралуу баяндасам, гезит бети чак келбейт. Андыктан анын спорттун бийиктиги болгон олимпиадалык оюндардагы ийгиликтерине гана токтололу. Белгилей кетсек, Мээримди олимпиадалык оюндарга, дүйнө жана азия чемпионаттарына даярдаган устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Дүйшөн Жуманазаров, Нурбек Изабеков менен Чынарбек Изабеков жана Байгазы Кенжебаевдин мээнеттери тоодой.
Мээрим менен Токио, Париж олимпиадаларына бирге барган балбан кыз, башкасын санабаганда да дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Айпери Медет кызы менен классташ. Экөө курбу, айылда коңшу жашаган. Балбан кыздар Мээримдин атасынын үйүндө бирге жашап, күрөштүн алгачкы ыкмаларын Мээримдин атасы Дүйшөн агайдан үйрөнүп, колунда машыгышкан.
Мээрим убагында балдар менен да күрөшкө чыгып жеңип алып, алар чычалаган учурлар көп болгон. Мээримдин жолун жолдоп, 2 сиңдиси Сезим менен Бактыгүл да күрөшкө катышып, Азия чемпионаттарында ийгиликтерди жаратып келечегинен үмүткөр кылып келүүдө.
– 1-Май айылыбыз Бакай-Ата району боюнча тоонун этегиндеги эң кичинекей айыл. Айылыбызда эки балбан кыз чыгып (Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы), эки олимпиадага барып, өлкөнүн намысы үчүн болгон аракеттерин көрүштү. Айылдык эле кыздарыбыз дүйнөнү дүңгүрөтүп жатышат. Бул албетте, элибиз үчүн сыймык. Токиодогу олимпиада учурунда Мээримдин коло медалдын ээси болгонун көрсөткөндө ыйлап жибердим. Париж олимпиадасында жаракатына карабай финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. Айпери менен Мээрим менин колумда 6-классынан баштап машыгышкан. Экөө тең менин кыздарым. Келечектери алдыда. Азыр баралына келип, дүйнөгө таанытып жаткан учуру. Кудай буйруса Лос-Анжелесте алтын медалдын да ээси болот деп ишенем, – дейт атасы Рахмадил (Дүйшөн) Жуманазаров.
2021-жылы Токио олимпиадасында Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болгон. Ал алгачкы атаандашын Европанын 2 жолку чемпиону болгариялык Мими Николова Христованы утуп, чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, бир упай айырма менен жеңилип калган. Коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешип, аны 10:1 эсебинде жеңип алган.
– Ковид учурундагы карантиндин мага пайдасы гана тийди. Эгер олимпиада 2020-жылы өткөндө мен жаракатыма байланыштуу жолдомо алууга жетишпей калмакмын. Карантин болуп, олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылып, мен жаракатымды айыктырып, өзүмө келип, Алматы шаарында Токио олимпиадасына жолдомо утуп алдым. Токио менин биринчи олимпиадам болду. Олимпиадада бардык спортчу алтын медаль алгысы келет. Пьедесталда, өлкөңдүн Гимни ойнойт, бул сөз менен айтып бере алгыс сезим. Мен дагы алтын алгым келген. Бирок 2020-жылы жаракаттын айынан алтын эмес, коло дагы утмак эмесмин, жадагалса лицензияга ээ болушум күмөн эле. Кудайга шүгүр, элимди Токио олимпиадасынын коло медалы менен да кубанта алдым. Албетте, 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарында кайрадан ийгилик жаратуу-ну максат кылып, мурдагы жаратыма карабай финалга чейин жетип, күмүш медалдын ээси болдум. Учурдан пайдаланып, ата-энеме, устат агайларым Нурбек менен Чынарбек Изабековго терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биз чет өлкөгө чыксак, агайлар биз менен жумалап, айлап жүрөт. Агайларга жана машыктыруучуларыма, кыргыз элине ыраазычылык билдиргим келет. Алдыда дагы далай таймашуулар, сыноолор турат, – дейт Мээрим Жуманазарова.
Токио олимпиадасындагы Мээримдин ийгиликтери 3-даражадагы «Манас» ордени менен бааланып, Президент Садыр Жапаров сыйлыкты жана “Toyota RAV4” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын өзү тапшырган. Ошондой эле 7 млн. сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка да арзыган.
Быйыл Париж олимпиадасында Мээримдин жылдызы жанды. Ал 68 килограмм салмакта 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда эки жолку дүйнө жана Азия чемпиону жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык 35 жаштагы Блессинг Оборудуду менен күч сынашып, аны дагы утуп, финалга чыккан эле. Муну баса белгилеп койгум келди. Себеби, Токио олимпиадасында Мээрим ушул африкалык балбан айымга утулуп калган болчу. Бул ирет өткөн өчүн алып, артыкчылык менен утуп, чеберчилиги жогору экенин далилдей алды.
Ошентип Париж олимпиадасында финалда америкалык балбан Элор Амит менен беттешип, эгемен Кыргызстандын тарыхында дагы бир олимпиадалык күмүш медалга ээ болуп, кыргыз элин кубанычка бөлөдү. Бул колундагы, далысындагы жаракатына карабай баатырдык көрсөткөн Мээримдин күмүш байгеси биз үчүн алтынга тете!
Олимпиададагы күмүш медалы үчүн Мээрим Жуманазаровага Президентибиз Садыр Жапаров 10 млн. сом жана автоунааны тапшырды.
25 жаштагы Мээримдин келечеги алдыда. Учурда Мээрим 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган олимпиадалык оюндарга азыртан даярдык көрүүгө камынып, жараттарын дарылап жүргөн кези. Ал дагы олимпиадалык бийиктиктерди бир нече жолу багындырат деген тилектебиз!
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы