Башталгыч класста окуп жүргөн жылдары, Калыя деген мугалим эжекебиздин бир кызы Америкага кетип, айылдагылар үчүн укмуштай чоң жаңылык, чоң ачылыш болгону эсимде. Себеби, ал убакта чөйчөктөй болгон айылдан чыккан кыз океандын ары жагына барып, англисче сүйлөп, окуп, иштеп, жашап калат деп эч кимдин оюна келбеген. Америкага кеткен айылдаш эжебиздин ал жактагы жашоо-турмушу бизге дайым кызык эле…
Андан бери 30 жылдан ашык убакыт өтүп, азыр эми Америкага кетүү жаңылык болбой калды. Билимдүү жаштарыбыздын дүйнөнүн булуң бурчунда окуп, иштеп жүргөнү кадимки көрүнүшкө айланды. Техниканын өнүккөн доорунда жашап, дүйнө жүзүндөгү журтташтарды алакандагы акылдуу телефондор аркылуу көрүп, алардын эмне иш кылып жатканын бир заматта билген мүмкүнчүлүккө ээ болдук.
Бүгүн ушундай мекендештерибиздин бири – Канаданын Монреаль шаарындагы хай-тек фирмасында финансы адиси болуп эмгектенген Айсулуу Алмаз тууралуу сөз кылалы дедик. Айсулуу жолдошу Арстан экөө Канадада “Балаком” басма үйүн түптөп, 1 жылдан бери дүйнөлүк сапаттагы кыргыз тилдүү китептерди чыгарып жатышат.
– Айсулуу, Канадага кандайча барып калдыңыз?
– Мен Канадага келгенге чейин Түркияда PwC деген аудитордук фирмада иштедим. Дүйнөдө эң чоң төрт аудит фирма бар болсо, PwC – ошолордун бирөөсү. Азыркы тапта Кыргызстанда да кеңселери бар. Ал жерде 4 жылга жакын иштедим. PwCнин программасы боюнча, 3-4 жыл иштегенден кийин, дүйнөдөгү башка кеңселерине которулуп, 2 жыл тажрыйба алмашып иштеп келүүгө мүмкүн болчу. Мен PwCнин Англиядагы Лондон офисине, Нидерландыдагы Амстердам жана Канададагы Монреаль офисине өтүнмө тапшырып койдум. Монтреалдан эртеси күнү эле жооп келип калды. Башка офистерден жооп күтүп отурбай, жолдошум экөөбүз дароо эле чечим кабыл алдык. Ошентип, 2018-жылы февраль айында Канадага (Түндүк Америкага) көчүп келип, иштеп калдык. Кийинчерээк Канаданын Торонто шаарында да жашап, иштеп көрдүк. Учурда Монреаль шаарында турабыз.
– Чет элге кетүүңүзгө эмне түрткү болду?
– Албетте, биринчи кезекте айлык-маянанын аздыгы болду. Окуумду аяктап Бишкектеги фирмалардын бирине аудитор болуп жумушка киргем. Айлыгым 8000 сом болчу. Бул айлык акы менен алыска бара албасымды түшүндүм. Анүстүнө мен университетти бүтүрүп, жаңыдан ишке орношкон жылдары, өлкөдө абал тынч эмес болду. Тагыраак айтканда, экинчи революция орун алып, талап-тоноо сыяктуу жагымсыз көрүнүштөргө дуушар болдук. Кыргызстанда ошондой башаламан окуялар болуп жаткан мезгилде, мени Түркия мамлекетине чакырып калды. Үй-бүлөм менен кеңешип, алгачкы 2-3 айга жеткидей акча таап алып жөнөп кеттим. Түркияда мени барарым менен эле ишке ала коюшкан жок, албетте. Бир нече баарлашуу, бир нече сынактардан кийин, жарым жыл дегенде туруктуу ишке орноштум.
– Кайсы окуу жайдан билим алдыңыз?
– 2008-жылдары биз билгенден АУЦА жана Ататүрк – Ала-Тоо университети гана англис тилинде билим берет экен. АУЦАнын контрагы 5 миң АКШ доллар экенин билдик. Андай акча биздин капчыгыбызга чак келбегендиктен, Ататүрк – Ала-Тоо университетин тандоого туура келди. 1 жылда түркчө, англисче эркин сүйлөп калдым. 5 жыл бою англис тилинде билим алып окудум. Университетте окуп жүргөндө, 1 жыл Малайзияда окуп келүүгө мүмкүнчүлүгүм болду.
– Канададан көргөн, үйрөнгөн кайсы тажрыйбаларыңыз менен бөлүшкүңүз келет?
– Канадада мамлекеттин “Баланын келечегине инвестиция” деген программасы бар. Ал программаны бизге төрөт үйүнөн эле түшүндүрүп: “Балаңыздын келечегине инвестиция жасап баштаңыз”, – деп айтышкан. 2021-жылы банк менен сүйлөшүп, уулубуздун келечектеги окуусуна деп атайын эсеп ачтырганбыз. Канаданын жашоо стандарты менен ай сайын төлөгөндөн кыйналбагандай кылып, айына 210 долларлык план менен эле келишим түзгөн элек. Ай сайын балабызга алган 200 доллар жөлөк пул менен өзүнүн эсебин толуктап жүрүп, 3,5 жылда 12 миң доллар топтоп коюптурбуз. Бул каражатты каалаган учурда алып колдоно берсек болот. Бирок, биз уулубуз 17-18ге чыкканча тийбейбиз. Айтайын дегеним, бул эң сонун тажрыйба экен. Балаң кичинекей кезде ал чоңойгуча качан дей беребиз. Бирок, убакыт бат эле өтүп кетет. Ошондуктан, ар бир балага депозиттик эсеп ачып, айына 500, 1000 сом менен болсо да толуктап чогулта берүү абдан маанилүү.
– “Балаком” басма үйүн ачуу жана кыргызча китепчелерди басып чыгаруу идеясы эмнеден улам жаралды?
– Балабыз төрөлгөндөн кийин биз бала тарбиялоо боюнча издене баштадык. Көрсө, балага эки айынан баштап эле жашына жараша китептерди алып бериш керек экен. Сүрөттөрдү көрүп, көнүп башташ керек экен дегенди окуп, китеп дүкөнгө барсак 0дөн 2 жашка чейин, 3 жаштан 5 жашка чейин деген укмуш китептер бар экен.
Жолдошум Арстан экөөбүз Кыргызстанга барганда балабызга ошондой китептердин кыргызчасын сатып берели деп, дүйнөлүк сапаттагы китеп таппай койдук. Уулубуз Алман “Канадалык балдардын алгачкы 100 сөзү” деген китебин аябай жакшы көрчү. Арстан ошол китепти балабызга кыргызчалап чыгарып бербейлиби деп калды. Ал өзү дизайндык ишти абдан жакшы көргөндүктөн, бул ишке кубануу менен киришти. Ошол боюнча социалдык тармакка бөлүшүп койгом. Кызыгып кат жазган ата-энелер абдан көп болду. “Силердин балаңар кыргызча үйрөнсө, биздин балдар англисче үйрөнсүн. Жанына англисче жазып, биздин балдар үчүн да чыгаргыла деген” сунуштар жамгырдай жаады.
Мунун артынан өзүбүз басма үйүн ачып, өнүккөн өлкөлөрдө балдар кандай китеп окуп жатса дал ошондой китептерди кыргыз балдары да окушсун, тили кыргызча чыксын, кыргыз тилине кошуп дүйнөлүк тил англис тилин дагы үйрөнүшсүн деп китеп чыгара баштадык. 1 жылдын ичинде биздин басма 5 китеп чыгарганга үлгүрдүк. Кыргыз тилинде, илимий тастыкталган маалыматтар жетишсиз, өзгөчө бала өстүрүү, баланын келечегине кам көрүү, аң сезимдүү ата-энелик темасында. Андыктан, коомго пайдалуу болот деген үмүттөбүз.
– Өткөн жылы “Жөнөкөйлүк – жаңы замандагы сулуулук” деп аталган китебиңиз жарык көрдү. Бул канча убакта жаралган эмгек?
– 2019-жылдан баштап Инстаграммдагы баракчама ар кандай ыргакта, ар кыл темада жазылган күндөлүктөрүмдөн бөлүшө баштагам. Ошондон берки жазып жүргөндөрүм бир китептик болуп чогулуп калыптыр. Аларды китеп кылып басып чыгаруу оюма деле келбептир. Катталуучуларымдан сунуштары боюнча китеп болуп чыгып калды.
– Жайда келип китептин бет ачарын өткөрүп кеттиңиз. 500дөй адам чогулган жолугушуу сизге кандай сезимдерди тартуулады?
– Бизде азыркы жаштар китеп окугусу келбейт, китеп окуган жаштар жок деп айта беришет го. Жолугушуудан кийин, жаштар окуй турган китеп эмес, жаштардын заманын жаза турган жазуучулар жок экенин түшүндүм. 1,5 саат 300дөн ашык китепке кол коюп бердим. Бул мен үчүн жагымдуу болду. Канадага келгенден кийин жазуучулук өнөрүмдү такшалтуу максатында Гарвард университетинин психология бөлүмүнө тапшырдым. Алдыда повесть жана эссе жазууну пландап жатам.
– Булардан сырткары, “Жаңы кыргыз адабияты” деген чыгармалар жыйнагына жаш акын-жазуучуларды издеп, “Дүйнө эли кыргызча сүйлөсө кандай болмок” деген дил баяндардын жарышын уюштуруп жүрөсүздөр.
– Биз жолдошум экөөбүз кирешебиздин белгилүү бир бөлүгүн кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жумшайлы деген чечим кабылдаганбыз. Ошонун алкагында, колунда жакшы чыгармасы бар, бирок, китеп кылып басып чыгарууга кудурети жок адамдарды издегенбиз. Бирок, тилекке каршы бир китепчелик чыгарма топтой алган жокпуз. Ал эми дилбаян жарышы жөнүндө айтсам, жумушта иш кагаздарымдын баарын англис тилинде жазып отуруп, дүйнө эли кыргыз тилинде сүйлөсө кандай болот эле деп ойлоно берчүмүн. Бул кыялдануум жөнүндө бизге 1000ге жакын дил баян келип түшкөн. Эң мыкты деп үчөөнү тандоо бизге абдан кыйын болгон.
– Кыргызстанга канча убакта бир келип турасыз?
– Буга чейин бир жылда бир жолу барып турчубуз. Эми уулубуз чоңоюп калды, бир жылда эки ирет барып турууну пландап жатабыз. Убакыт көрсөтөт.
– Биротоло кайтып келүү оюңуздарда барбы?
– Уулубуз төрөлгөндөн кийин Бишкекке барып жашап көрдүк. Анткени, биз мекенибизге, өз өлкөбүзгө кызмат кылышыбыз керек деген ой менен жашачубуз. Бирок, Канадага көнүп калыптырбыз. Ошондуктан, кайра кайтып келдик. Өлкөгө кызмат кылуу үчүн сөзсүз Кыргызстанда жашаш шарт эмес экенин түшүндүк. Көрсө, аралыкта туруп деле ошол нерсени жасай берсең болот экен.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”
Жазгандарынызды окуп, ойлонууп отуруп уйго баратып, жумуштан кийинки озум менен суйлошуп жолдо баратам. Мен 7 — класстан баштап ыр, ангеме деген сыяктууларды жаза баштагам. Бирок бир адам га корсотпопмун, балалык сезим менен уялгамда. Бир дептер, журналчалык болгондо кагаз керек болуп калганда очоко тамызгыга коюп койчумун. Дилгирирээк бироо, же озум ушундай заман болорун, же келерин айтса азыр пайдасы теит экен эле. Эки китепке аталышын таап, азыркы учурда изденип журом. Журналистика чойросундо тааныш, билген адамдар, катышып жургондорум бар, (Кыргыз Туусуна мен 2012 жылы практикага барган элем, дизайн боюнча басма улгусундогу) , адабиятка кызыккан, китеп дуйносуно кызыккан таанышым жок эле. Бугункуго чейин. Эки китебимдин замандап улгусу менен чыкканын коз алдыма коп алып келем. Бул дагы белгиго э. Психологияны окугандан бери белгилерге маани берем.