Эмгек миграциясында жүрүп, тажрыйба, каражат топтоп, кайра мекенине келип ишкердик кылып, жарандарыбызды жумуш менен камсыздап жаткандар арбын. Алардын айрымдары тууралуу сөз кылабыз.
«Чет тилин билгендерди жумушка чакырам”
Ош шаарынын тургуну Максат Абдырахманов Россияда жыйырма жылдай окуп, иштеп жүрүп, учурда борбор калаада туристтик агенттик ачып, иштетип жатканын айтып берди.
“Москвада таксопаркым бар эле”
Ишкер Максат Абдырахманов: Мен Россияда Кузбасск техникалык университетинен мамлекеттик башкаруу боюнча билим алдым. Андан Москвага барып, ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Кийин IT тармагында билим алып, бул багытта чоң-чоң компаниялар менен иштештим. Программисттик кесиптин арты менен Түркияга келип, 5 жылдыздуу мейманканалар менен дагы кызматташтым.
Москвада ири долбоордун үстүндө иштеп жатканбыз. Ишибиз башталаар алдында карантин болуп калып, баарын токтотууга туура келди. Карантин учурунда таксопарк ачып, бир жылдын ичинде таксопаркымда жүздөй айдоочу болуп калды.
“Алгач тааныштарымды Ысык-Көлгө алып бардым”
Ошентип иштеп жүрүп Кыргызстанга үй-бүлөм менен эс алууга келген учурда Москвадагы орус тааныштарым “Биз Кыргызстанга баралы, бизге Кыргызстандын кооз жерлерин көрсөтпөйсүңбү?” – деп калышты. Алардын мындай сунушу мага туристтик агенттик ачуу идеясын берди. Алгач москвалык тааныштарымды Ысык-Көлгө алып барып келгем. Кийинчерээк, “YOUTOUR.KG” туристтик агенттигин негиздедим.
Кызматыбыз, чет өлкөдөн келген туристтерге Кыргызстанды көрсөтөбүз. Адегенде, Кыргызстандын кооз жерлерин өзүм кыдырып чыгып, жакшы жатаканалар, даамдуу тамак жасаган ресторандарды таап, алар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп келем. Учурда туристтерди аэропорттон тосуп алып, мекенибиздин кооз жерлерин көрсөтүп, кайра аэропортко чейин жеткирип коебуз. Биздин турлар 7 күндөн жогору болот. Бул күндөр аралыгында өлкөдөгү көптөгөн кооз жерлерди конокторубузга көрсөтүп жетишебиз.
50 айдоочу, эки миңден ашуун котормочу
Биздин туристтик агенттик минивен унаасы бар 50 айдоочу жана эки миңден ашуун котормочу, гиддер менен кызматташат. Атайын мобилдик тиркемебиз аркылуу буюртма алабыз. Туристтер келе турган күнү кайсы унаа жана котормочу бош болсо ошолорду туристтерге кошуп жөнөтө беребиз. Биз сырттан келген туристтерге мекенибизди таанытуу үчүн болгон аракетибизди кылып жатабыз. Туризм өнүксө, өлкөнүн экономикасы көтөрүлөт.
Тил билген жаштарды кызматташууга чакырам. Азыр сөзсүз эле чет өлкөгө чыгып иштөөнүн кажети жок. Өлкөдө деле жакшы акча тапса болот. Мага окшогон туристтер менен иштеген компаниялар учурда тил билген жаштарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Чет тилдерди билген жаштарды кызматташууга чакырам. Негизги жумушуна кошумча киреше катары биздин туристтерге мекенибиздин кооз жерлерин көрсөтүп келишет.
Бексултандын чачтарачканасы
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Бексултан Төрөканов бир жылдан ашуун убакыттан бери өзү туулуп-өскөн айылында чачтарачкана иштетет. Ал өзү жалгыз иштебестен дагы 4 кишини жумуш менен камсыз кылган.
Эл катары миграцияга кетип…
Бексултан үй-бүлөдө кичүү уул. Мектепти аяктап, И. Арабаев атындагы КМУга тапшырып, турмуш шартка байланыштуу 2-курста эл катары Москвага кетүүгө туура келген. Москвада көп жыл тейлөөчү, кийин жеткирүү кызматында иштеген.
Ал 2020-жылы чачтарачтын атайын курсуна жазылып, 100 миң рубль төлөп окуган. Москвада бир нече жыл чачтарач болуп иштеген. 2023-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайткан.
4 кишини иш менен камсыз кылды
Базар-Коргондо калктын саны көп болгондуктан бизнес кылууга ыңгайлуу болуп саналат. Бексултан алгач дүкөн иштетүүгө бел байлайт. Бирок, мурда соода сатыкта жүрбөгөндүктөн бул оюнан кайтып, Москвада өзү иштеп көнгөн чачтарачкана ачат. Алгач, өзү жалгыз чакан жерди ижарага алып иштетсе, бир канча убакыттан кийин кардарлардын саны көбөйүп, 2024-жылы башка жерден чоңураак имарат ижарага алып, учурда 4 кишини иш менен камсыз кылууда.
Миграция жашоосун өзгөрттү
Бексултан миграцияда 10 жылга жакын жүргөн. Бирок, бул жылдар аралыгында мекенден сыртта жүргөнүнө өкүнбөйт. Анткени, миграцияда жүрүп айылдагы жашаган үйүн толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Бир туугандарына финансылык колдоо көрсөттү.
“Эгер миграцияга кетпесем Кыргызстанда иштеп, азыркыдай ийгиликке жете алмак эмесмин. Башкаларга дагы айтаарым турмуш шартты оңдоо керек болсо чет өлкөлөргө коркпой эле чыккыла. Бирок, тил үйрөнүп алып кетсеңер өзүңөр үчүн жакшы болот. Азыр Европа өлкөлөрүнө барып иштөөгө мүмкүнчүлүктөр кеңири болуп калды. Ошол жактарга барып иштегенди сунуштайм”, – дейт каарманыбыз.
Мекенибизде жумуш орундарын түзөлү
Бексултан чет жакта жүргөн мекендештерди өлкөгө келип жумуш орундарын түзүүгө чакырды. Ал миграциядан тапкан акчаны Кыргызстанга инвестиция кылууга үндөөдө. Анын айтымында сыртта бир нече жыл иштеп келип, эки кабаттуу үй, кымбат баалуу унаа сатып алган мода болгон заман артта калды. Андан көрө чакан ишкана ачып, жок дегенде 2 адамды иш менен камыздоо керек.
Ишкерликке бийликтин колдоосу жакшы
Азыркы мезгилде ишкерлерге жакшы шарттар түзүлүүдө. Мурдагыдай ар тараптан бут тосуулар болбой, тескерисинче ишкерлик кылам, жумуш орундарын түзөм дегендер үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо жакшы болуп жатат.
Кичи жана орто ишкердик менен алектенгендер үчүн мамлекет тарабынан арзандатылган насыялар берилүүдө. Чет өлкөдөн көрүп, үйрөнүп келген ишин Кыргызстанда ачса, биринчи кезекте өзүнүн финансылык абалын оңдойт. Андан сырткары башка адамдарды жумуш менен камсыздап, салык төлөп, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө аз да болсо салым кошот.
Бексултан чачтарачкана менен чектелбестен, мамлекет тарабынан берилип жаткан арзан насыя алып, инкубатор тоокторду багууну көздөөдө. Эгерде бул пландары ишке аша турган болсо, дагы бир нече кишини жумуш менен камсыздайт.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”