Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндөгү жагымдуу жаңылыктардын бири мамлекет улуттук кинематографияга 1 млрд. сом бөлө тургандыгы тууралуу кабар болду. Бул факты соңку төрт жыл аралыгындагы өлкөбүздө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн кабарлай турганы талашсыз.
Кезегинде, мамлекет кино тартууга 1 млн. доллар бөлсө, ошону айтып түгөтө албаган мезгилдер болгон. Буюрса, 1 млрд. сомго канча кино тартса болот.
Дагы бир жагымдуу жаңылык 2 700 000 сомго сатылып алынган эң акыркы үлгүдөгү музыкалык аспаптар Маданият жана искусство университетинин искусство факультетине тапшырылганы болду. Музыкалык окуу жайларыбыз, филармония, театрларыбыз бар деп мактанган менен, аларда музыкалык аспаптар жетишсиз болуп келгени же эскилиги жетип калганы эч кимге жаңылык эмес эле го. Жакынкы күндөрдө дагы да виолончель өңдүү аспаптар Германиядан алып келинет деп угуп жатабыз.
Жыл башындагы дагы бир жаңылык, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун жаңы имаратын курууга долбоорлоо иштери башталып отурат. Өнүгөт деп ушуну айтат.
Мен кийинки төрт жыл эмес, быйылкы жыл башында болуп жаткан окуяларды гана айттым. Буюрса, ушундай эле жагымдуу окуялар улуттук адабиятыбызда да болот деп үмүттөнөм. Чынын айтсам, улуттук адабият да өзгөрүүлөрдөн четте эмес. Былтыркы өнөгөлүү өзгөрүүлөрдүн бири КР Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук бөлүмүнүн түзүлгөндүгү болду деп айтаар элем. Нечендеген жылдар бою бардык облустардын жазуучулар бөлүмдөрү иш жүргүзүп, Чүй аймагында жашап эмгектенген калемгерлер кароосуз калган экен. Борбордогу калемгерлер өз казандарында өздөрү кайнашып, ал эми Кемин жана Панфилов аймактарындагы калемгерлер кайда кайрылаарын билбей калышкан.
Жазуучулардын Чүй облустук бөлүмү уюшулгандан бери “Арашан” чыгармачылык үйүндө чүйлүк калемгерлердин 1-фестивалы, Кара-Балта шаарында 2-фестивалы, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында 3-фестиваль ийгиликтүү өткөрүлдү.
Жай айында Алыкул таануу илимий борбору менен бирдикте “Алыкул fest” эл аралык фестивалы үч күн катары менен өткөрүлүп, жыйынтыгы алп акындын киндик каны тамган Каптал-Арык айылында чыгарылды. Эл аралык фестивалга Казакстандан, Каракалпакстандан, Өзбекстандан да өкүлдөр катышышты.
Мааракелерге да көңүл бурулуп, “Поэзия ордосу” адабий көркөм коомдук бирикмеси менен биргелешип, чүйлүк акын Какен Алмазбековдун 90 жылдык мааракелик кечесин өткөрдүк.
Быйылкы жыл да адабий жаңылыктарга бай болот го деп ойлойм. Быйыл Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы. Жазуучулардын Чүй облустук бөлүмү Алыкул таануу илимий борбору менен биргеликте мааракеге даярдык көрүүнү азыртадан эле
баштадык.
Догдурбек ЮСУПОВ,
Улуттук жазуучулар союзунун Чүй облустук бөлүмүнүн жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер